Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Комузда кол ойноткон – Такехиро Андо, чопо чоорду созолонткон – Юма Итакура

Бүгүнкү каармандарыбыз алыскы Жапон мамлекетинен келген – Такехиро Андо менен Юма Итакура. Такехирону кыргыз достору Таке деп коюшат. Алар 2 жыл мурда Кыргызстанга иштөө үчүн келишип, кыргыз маданиятына, каада-салтына, өзгөчө салттуу музыкабызга кызыгып калышкан. Комуз чертип, чопо чоор ойногон кызыктуу каармандарыбыз менен маек курдук.

– Саламатсыздарбы! Өзүңүздөрдү кыскача тааныштыра кетсеңиздер.

Такехиро Андо: – Мен Жапониянын Тойота шаарында 1990-жылы төрөлгөм. Экология жана токой чарбасы адистиги боюнча билим алгам. Бирок, учурда, Кыргызстандын өнүгүшүн колдоо үчүн ар түрдүү тармактарда долбоорлорду ишке ашырган Жапониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттигинде иштейм. Бизнес жана туризм тармагынын жетекчисимин. Биз көбүнчө инфраструктура тармагында – жол, көпүрө, туннелдерди куруу, айыл чарба, мал чарбасын жакшыртуу, жумуш орундарын түзүү боюнча иш алып барабыз.

Юма Итакура: – Мен Жапониянын Аичи префектурасында төрөлгөм. Кесибим жапон тили мугалими. Жапонияда кесибим менен иштеп жүрдүм. Эки жыл мурун Кыргызстанга JICAнын ыктыярчысы катары келгем. Учурда Кыргызстандагы университеттердин биринде жапон тилинен сабак берем.

– Кыргызстан тууралуу алгач качан, кайдан уккансыздар?

Т.А: – Мен Кыргызстан тууралуу алгач JICAнын Хоккайдодогу кеңсесинде иштеп жүргөндө билдим. Ал жакта айыл чарба боюнча иш-чара өтүп, анда жаратылышы кооз, маданияты бай Кыргызстан деген өлкө бар экенин угуп, аябай кызыгуум арткан. Ошентип, 2 жыл мурун JICAнын Кыргызстандагы кеңсесине иштегени келгем.

Ю.И: – Ачыгын айтсам, мен Кыргызстан жөнүндө кийинчерээк эле билдим. Тактап айтканда, JICAнын ыктыярчысы катары Кыргызстанга келүүнү чечкенден кийин бул өлкө тууралуу кызыгып окуй баштадым. Ыктыярчы болуу менен бирге кыргыз маданиятын таануу, эл-жерин көрүү, тил үйрөнүү, кыргыздарга жапон тилин үйрөтүү өңдүү максаттарым менен келгем.

– Кыргызстанда эмнелерге суктанып, эмнелерге таң калдыңыздар?

Т.А: – Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу мени абдан таң калтырды. Бийик тоолоруна, тунук көлдөрүнө, өзгөчө жай мезгилиндеги жашыл чөптүү жайлоолордун сулуулугуна суктанбай коё албайсың. Ал эми тоолордо, жайлоолордо кой, уй, жылкылардын жайылып жүргөнү да мени өзгөчө таасирлентти. Себеби, Жапонияда жайыт жерлер жок болгондуктан мындай кооздукту көрө албайсың.

Кыргыздар менен жапондор абдан окшош келет экенбиз. Жапон досума же тууганыма окшош адамдарды көрүп таң калган учурларым көп эле болду. Мисалы, Жапонияда калктын негизги бөлүгүн жапондор түзсө, Кыргызстанда ар кандай этникалык топтор көп экен. Ага карабас-тан алардын бири-бири менен ынтымакта жашап жаткандары эң сонун көрүнүш. Көп түрдүү элдердин маданияттарынын аралашмасынан улам Кыргызстандын маданияты да ар түрдүү жана абдан кызыктуу экенин байкай алдым.

Ю.И: – Кыргызстанда мени таң калтырганы – Жапония тууралуу көбү билишет экен. Биздин маданиятыбызга, тарыхыбызга кызыгып, жапон эли тууралуу кыргыздардын жакшы пикирлери мени абдан кубандырды. Анан Таке айткандай, жапондор менен кыргыздардын өңдөрү абдан окшош келишет экен. Мени деле бул жактан көптөр кыргызга окшоштурушат. Ал эми мени суктандырган нерсе бул – улууларды дайыма сыйлап, аларга жардам берип, урмат көрсөтүп турушканы болду.

– Комуз, чопо чоорду кантип чертип калгансыздар? Үйрөнүү жеңил эле болдубу?

Т.А: – Өзүм Жапонияда жүргөндө скрипкада ойночумун. Кыргызстанга келгенден кийин кылдуу аспапта ойногонду үйрөнгүм келди. Бирок, мугалим таба албай жүрдүм. Бир күнү кесиптешимдин апасынан Гүлбара деген абдан таланттуу комузчу тууралуу угуп калдым. Ошентип, Гүлбара эже менен таанышып, комуз үйрөнгөнү бардым. Биринчи сабакта эле комуз күүлөрүн жакындан угуп, Кыргызстандын кооз жаратылышын, адамдарын, жан-жаныбарларын элестеткен кайрыктар мени арбап алды. Комузду сүйүп калдым десем болот.

Скрипкада ойноп жүргөндүктөн, комузда сол кол менен кылдарды басуу мага көп кыйынчылык жараткан жок. Ал эми оң кол менен комузда кол ойнотуу бир аз кыйынга турду. Бирок, кызыгуу, ынтызарлык менен аракет кылып жатам. Ар бир күүнүн тарыхын, маанисин кошо үйрөнүү да абдан кызыктуу.

Кийинчерээк, Закирбек Дүйшөнбек уулу деген кыргызга таанымал комузчудан да сабак ала баштадым. Комуз үйрөнө баштаганыма 2 жылдын жүзү болду. Жалпы 30га жакын күү үйрөндүм. Мен дагы устаттарыма окшоп комузду мыкты чертким келет. Үйрөнгүм келген күүлөр дагы көп, ошондуктан мындан ары да аракет кыла берем.

Ю.И: – Келген күндөн тартып мени кыргыз маданияты өзгөчө кыргыздын салттуу музыкасы арбап алды. Чопо чоорду бир жарым жыл мурун, ал эми комузду беш ай мурун үйрөнө баштагам. Жапонияда үйлөмө аспаптарда ойноп жүргөндүктөн, чопо чоорду үйрөнүү мага анчалык деле кыйынчылык жараткан жок. Ал эми комузду жаңы эле үйрөнө баштагандыктан, мага кыйын болуп жатат. Комуз чертип жатканда Кыргызстандын кооз жаратылышы көз алдыма тартылат. Кыргыз музыкасы аркылуу кыргыз элинин маданиятын, тарыхын, ой жүгүртүүсүн билүүгө болот деп ойлойм.

– Кыргызстандын кайсыл жерлерин кыдырып келдиңиздер? Өзгөчө кайсыл жерлер эсиңиздерде калды?

Т.А: – Мен Таластан башка Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыктым. Ысык-Көлдүн өзү, Нарындын беш бармагы, Оштун ашы, Баткендин мөмө-жемиштери, Жалал-Абаддын Сары-Челек көлү абдан жакты. Таласка да барам деген пландарым бар. Талас мага Манас баатырдын жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон үчүн да абдан кызык.

Ю.И: – Мага өзгөчө Кел-Суу, Соң-Көл жана Алтын-Арашан жакты. Жапонияда табияттан, тоо-суудан алысыраак шаарда жашачумун. Бул жакта деле борбордо жашап жатканыма карабастан, дайыма тоолорду көрүүгө мүм-күн болгону мени аябай кубандырды.

– Кыргыз ашканасы купулуңуздарга толдубу?

Т.А: – Мага лагман, беш бармак, боорсок аябай жагат. Негизи эле кыргыз ашканасы абдан бай жана даамдуу деп айта алам.

Ю.И: – А мага беш бармак өзгөчө жагат. Уй, кой, жылкы жана топоз этинен жасалган беш бармактарды жеп көргөм. Башында кымыздын кычкыл даамына анча көнө албай жүрсөм, азыр жактырып ичем.

– Тил үйрөнүү жеңил эле болдубу?

Т.А: – Кыргыз жана жапон тилдеринин грамматикалары абдан окшош. Ошондуктан англис же орус тилин үйрөнүүгө караганда кыргызча үйрөнүү мен үчүн оңой болду. Азыр толук болбосо да өз оюмду кыргызча жеткире алам.

Кыргызча сөздөр биздикине таптакыр окшобогондуктан аларды жаттоо кыйыныраак. Анан дагы кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу китептери аз, кыргыз-жапон сөздүгү жок болгондуктан өз алдынча тил үйрөнүүдө кыйынчылыктар болду. Албетте, Кыргызстанды жакшы таанып-билүү үчүн кыргыз тилин тереңдетип үйрөнүшүм керек. Ошондуктан, бул багытта да болгон аракетимди кылам.

Ю.И: – Жапониядан мен орус тилин үйрөнгөм. Кыргызстанга келгенден баштап аз-аздан кыргызча түшүнүп, үйрөнө баштадым. Эң башкысы кыргыздар менен жакшы тил табыша алам. Албетте кыргызча сүйлөсөң жергиликтүү эл  жылуу кабыл алышат. Ошондуктан, кыргыз тилине дагы басым жасап, үйрөнөм деп жүрөм.

– Алдыда кандай максат, план­дарыңыздар бар?

Т.А: – JICA аркылуу Кыргызстандагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана мындан ары да улут аралык алаканы бекемдөө багытында иштешүүнү каалайм. Акыркы убакта Кыргызстанга келип, кыргыз маданиятына, каада-салтына, салттуу музыкасына кызыга баштаган жапондордун көбөйгөнү мени кубандырат. Себеби, биздин бири-бирибизден үйрөнө турчу жакшы нерселерибиз көп.

Ю.И: – Мен Жапонияга ушул жылдын аягында кайтууну пландап жатам. Ачыгын айтсам, Кыргызстандан кетким келбей жатат. Албетте, Кыргызстан менен болгон мамилемди үзбөйм. Жапон тилин үйрөнгүсү келген кыргызстандыктарга жардам бергим келет. Кыргызстанга дагы келем деген жакшы тилектерим бар.

Маектин видео версиясын төмөнкү шилтемеден көрө аласыз:

https://www.youtube.com/watch?v=Si9DvZ7Gdt0&t=240s

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар