Париж олимпиадасынын деми кайта элек. Окурмандарыбыз андан алган таасирлери тууралуу редакциябызга жазган каттарында, кээ бирлери өздөрүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу өз пикирлерин билдирип жатышат. Алардын айрымдары менен тааныштырып коёлу.
Балбандарыбыз тарых жаратышты
Париж олимпиадасы өтүп жаткан күндөрдөгү эмоцияларды сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Спортчуларыбызды элибиз бир дем менен колдоп-кубаттап турушту.
Ошол эле Париж олимпиадасы кыргыз, өзбек, казак элдеринин тилектештигин, бир-бирине тартып турган боордоштук мамилесин да көрсөтүп койду. Айталы, Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучусу Акмал Хасанов “Кыргызстан” деген жазуусу бар футболка кийип алып, биздин мушкерибиз Мунарбек Сейитбек уулуна секунданттык кылып, жеңишке шыктандырып турганын бүткүл Орто Азия карап олтурду. Ыраазычылыктарды айтып, мактап да, алкап да жаттык.
Дагы кызыгы, интернетте казак калкынын төкмөлөрү домбранын коштоосунда бизге айткан тилектерин угуп, жон терибизге батпай сүйүндүк. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деген сөз эске түшөт экен мындайда.
“Фейсбук”, “Инстаграмм” баракчаларынан өлкө намысын коргогон уул-кыздарыбызга жөнөкөй жарандан тартып, Президентибиз Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, 1980-жылдагы Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев, Дүйнөнүн бокс боюнча бир нече жолку чем-пиону Орзубек Назаров кеп-кеңештерин, ак тилектерин айтып, колдоп-коштоп моралдык, эмоционалдык-психологиялык жактан шык берип олтурушту.
Балбандарыбыз медаль тагынганда Президентибиз телефон аркылуу Парижге байланышка чыгып, сүйүнүчүн алар менен тең бөлүшүп, куттуктоосун айтып жатты.
Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбековдор алтындан артык күмүш менен кололорду иле келишти. Биздин балбандарыбыздын чеберчиликтерине дүйнөлүк спорт ышкыбоздору суктанбай койгон жок. А.Махмудовдун азербайжандык балбан Санан Сулеймановду жеңип жаткан учурундагы фотосүрөтү Париждин көчөлөрүнө тегин жеринен илинбеген чыгар. Жоломан тууралуу, андан утулуп калган казак балбанынын “Жоломан – дүйнөдөгү номер биринчи балбан!” – дегени кандай гана кубантарлык сөз.
Өзбек машыктыруучусунун биздин башкы тренер Данияр Төлөгөн уулуна жана Мунарбек Сейитбек уулуна ошол Парижде туруп, өзбек улуттук чапанын жаап, баш кийим кийгизгенин көрүп жүрөгүң жылыйт. Бул бир туугандыктын, коңшулуктун ысык белгиси эмеспи.
Ошентип, Парижге 16 спортчубуз барып, алтоосу байге алганы алардын мыктылыгынан кабар берет. Эл аралык деңгээлдеги чемпиондор менен тең ата күч сынашкан чеберлерибиз бар экенине сыймыктансак болот.
Кайрат ИСКЕНДЕРОВ,
Айсулуу жана эгемендик тарыхыбыз
Ошентип, Олимпиада аяктады!
Биздин спортсмендердин бардык беттешүүлөрүн калтырганым жок. Баары азамат! Менин көз алдымда баары баатыр. Бирок мага өчпөс таасир калтырган бир БААТЫРды белгилеп кетким келет. Ал Айсулуу Тыныбекова! Анын коло үчүн күрөшү!
Ал жеңилип баратып, кайра жеңишти тартып алгандан кийин, мен таңкы 5ке чейин уктай албадым. Жада калса Мунарбектин алтын үчүн болгон күрөшүн да туман аралаш көргөндөй болдум. Жаным жай албай бир пачке тамекини тартып салдым окшойт. Айсулуунун күрөшүн интернеттен таап, кайра-кайра сыдырып чыктым. Мен аны 10 жолу көрдүм. Анан түшүндүм. Анткени, Айсулуу бул күрөшү менен эгемендүү Кыргызстандын кантип түптөлгөнүн көрсөтпөдүбү! 6 мүнөттө (чындыгында күрөш бардык токтоо жана тыныгуулар менен 8:39га созулду) менин көз алдымда жаш мамлекетибиздин тарыхы өткөндөй болду. Өзүңөр карап көргүлөчү.
Мына калыстын ышкырыгы. Күрөш башталды. Баары көз алдыдан өтүп жатты. Күрөштө Айсулуу үстөмдүк кылууда. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушу эле. Улуу үмүттөр жана жеңиштерге шыктанып турган маал болчу. Бирок бир мүнөт өтө электе эсеп (5:05). Монголиядан келген атаандашы алгачкы эки упайга ээ болду. Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки баары кыйраган 90-жылдар эле.
Дагы 10 секунд өтүп (4:55) Орхан кайрадан эки упайга ээ болду. Мен эстен танып турдум. Алдыда дагы убакыт бар эле. Бул Кыргызстандын 2000-жылдардагы мезгили болчу. Бийлик алмашкан. Кооптуу, бирок алдыга кетебиз го деген үмүттөр.
Дагы 3 мүнөт бар! Жүрөгүм лакылдап чыкты. Кайрадан Кыргызстан көз алдыма келе калды. 2020-жылдын башы. Биздин бийликтин алсыздыгын, бирок карапайым кыргыз элинин эрдигин көрсөткөн пандемия! Кайрадан бийлик алмашты. Бул башаламандык бүтөбү, эч кандай үмүт жокпу?
Айсулуу чабуулга өтүп, бирок Орхан буйтап, өзү кайра чабуул-га өттү. Ошентип, саат 3:33тө монгол кызы Айсулууну күч менен чөгөлөтүүгө аракет кылып, ийгиликке жетти. Упай 0-6! Тыныгууга 33 секунд калды. Менин денем жансыз. Кудум 2010-жылдагы Кыргызстандай. Кайрадан бийлик алмашкан. Адам курмандыктары. Түштүктөгү трагедия. Биз жардын кылда четинде турганбыз.
Тыныгуу. Тренер эмне деп жатканын түшүнүш үчүн телевизорду тиктейм. Мен Айсулуунун көзүн карап, баарын оңдоого мүмкүнчүлүк барбы, ошону түшүнүүгө аракет кылдым. Анан дагы бир ички үн шыбырап жаткансыды. Айсулууга акырына чейин ишен. Ал муну кыла алат!
Калыстын ышкырыгы, беттештин экинчи жарымы. Убакыт учуп баратат. Айсулуунун чечкиндүү аракети жок. Неге? Чындап эле алдан тайдыбы. Ага ишенич жокпу? Көрсө, эч нерсеге ишенбеген Фома өзүм экемин. Айсулуунун көйнөгүндө илбирстин сүрөтү тегин тартылбаптыр. Ал секиргенге даярданып жаткан! Мына, финалдын аякташына 1 мүнөт калганда илбирс секирик жасады. 2 упай бар! Эсеп 2:6. Монгол аял чарчап, эптеп күрөштү созууга аракет кылууда. Ал азыр утула турганын сезгендей сак. Мына 30 секунд калды. Айсулуу болгон күчүн топтоп, мага өмүрүнүн акыркы күрөшүнө аттангандай туюлду.
Айсулуу каршылашынын алдына кирип, кош колдоп буттан алды. Бутун кое бербей 62 кг.ды так көтөрүп, 20 секунд калганда ала салдыра чапты. Ошо бойдон ышкырык чыкканча коё бербей басып жатты. 4 балл! 6-6 балл!
Жеңиш!!! Мен кыйкырып да, ыйлап да жаттым! Бул Кыргызстандын бутка турган бүгүнкүсү эле. Эмне дейли, жашоо жакшырып баратат. Шаарлар менен кыштактардын социалдык объектилери, инфраструктурасы тез темп менен курулуп, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттары жана маяналары жакшырып, жаңы ишканалар ишке киргизилип жатат. Эл аралык аренада бизди аброюбуз артууда.
Айсулуу Тыныбекова! Бизди бул күрөштө бүт дүйнөгө көрсөткөнүң үчүн рахмат!!! Үмүт өчүп, баары сага каршы болуп турганда да багынбаш керек. Демек биздин Кыргызстан да эч качан багынбайт!
P.S Ал эми жеңиштен кийин гана Айсулуунун бир буту менен күрөшкөнүн билип жатпайбызбы! Менин кайрадан оозум ачылды! Жана дагы мен анын күрөшүн, биздин тарыхыбызды кайрадан карап жатам.
Руслан ИЗРЕКОВ, журналист
20 секунд калганда…
Биздин Айсулуу күрөш бүтөөрүнө 20 секунд калганда монгол балбанын 6:6 артыкчылыгы менен утуп алып, өзүнүн канчалык күчтүү, тажрыйбалуу, ыкмалуу экендигин дүйнө алдында айныксыз далилдеди! Шумдук! Айсулуунун акыркы күрөшү бөтөнчө спорттук ыкма катары атайын окуу китептерине кириш керек. Жаштар үйрөнүшү керек деп ойлойм… А силерде кандай таасирлер калды, достор?
Аскер САКЫБАЕВА, журналист
Чыныгы устат
Кыздар арасындагы күрөш боюнча тарых жасаган – Нурбек Изабеков байкеге рахмат! Бир сөз менен айтканда, чыныгы устат экен. Мамлекеттик бийик даражалуу сыйлыкка татыктуу инсан.
Сценаристтер, режиссёрлор, ушул адамдын образын түшүрүп идеологиялык көркөм фильм тартышса сонун болмок.
Ильич КУЛНАЗАРОВ, журналист
Мээнет ошонуку
Мунарбектин Олимпиадага барбай калган жеке машыктыруучусуна 2,5 млн. сом берилди. Бул өтө туура болду. Мээнет ошонуку.
Жамалдин ПАРМАНКУЛОВ, журналист
Кыргыз-казак бир тууган
Париждеги олимпиаданың айрыкча көрүнүшү Орто Азиянын түрк тилдүү элдеринин бир-бирин колдоосу болду. Өзбек агайындар кыргыз боорлордун кашында көмөк берип, жеңишине кубанып турду. Өзбек бапкери (тренери) Акмал Хасанов кыргыз боксёру Мунарбек Сейитбек уулуна Париждеги олимпиаданын финалында көмөк бергенин теледен көрүп, казак эли агайындар үчүн кубанып жатты.
Сыртта жүргөндө кимге ким жакын экенин түшүнөсүң. Орто Азия элдери бардык тарапта жеңиштерге жете берсин! Туугандыгыбыз, достугубуз арта берсин!
Kun.KZ