Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”

(Аягы. Башталышы өткөн сандарда)

Капитонов келгенде

1966-жылы Ош облусу Ленин ордени менен сыйланып, аны тапшыруу үчүн Кыргызстанга КПСС БКнын секретары Иван Васильевич Капитонов келет экен дешип ызы-чуу түшүп калышты. Агезде Ош обкомунун биринчи секретары А.Сүйүмбаев болчу. Ошко азыркыдай Москвадан түз самолет уччу эмес. Капитонов Фрунзеге келип, анан Ошко бармай болуптур. Анан адегенде Фрунзеге келип атса, бул жактан бирдеме көрсөтөлү дешсе керек. Фрунзеден ири өнөр-жай ишканаларын көрсөтөлү деген да сунуштар болуптур. Сүйлөшүп отурушуп айыл чарбасы боюнча келип жаткандан кийин ошол тармакты көрсөтөлү дегенге токтолушат. Кайсы чарбаны көрсөтөбүз дегенде «Келгендин баарын МИСке Зубковго алып барып атабыз, өзүбүздүн кыргыз жетекчилер бар жерден көрсөтпөйлөбү, Акималиевдин тажрыйба станциясына алып баралы» деп чечишет. Ошону менен программага киргизишет.

Муну мен билбейм. Ошол күндөрдө ЦКнын секретары С. Ибраимов мени чакыртып калды. Барсам Султан Ибраимов: «Оо, Жамин, кел. Биздин ортобузда чоң жумуш турат, республикага жардам бербесең болбойт. Ош облусу Ленин ордени менен сыйланып, Капитонов келип тапшырмай болду. Фрунзеге келгенде сенин чарбаңы көрсөтөлү дедик. Бул боюнча бюронун чечими чыкты. Ушуга даярдан. Эмнеңди көрсөтөсүң программаңды түзүп кел», – деп калды. Мен, «канча саат болот?» – десем, «кыйын болсо 3-4 саат болот го», – дейт. «Анда станциянын ичине кирбейт го, талаачылыкты эле көрсөтөлү. Беде, буудай, кызылча баары эле жайкалып турат. Анан баягы сиз алып берген желим түтүк менен сугарган жерлерди, жамгырлатып сугарган жабдуулар турган аянттарды көрсөтөлү», – дедим. Сүйүнүп кетти. «Анан бул иш мага тапшырылды. Жамин, сен этият бол. Жакшы даярдан. Мени да уят кылба. Жолдорду да кара. Керек болсо грейдер бердирем», – деди.

«Көзүм менен көрмөйүн ишенбейм»

Эки-үч күндөн кийин түзүлгөн программамды алып кайра барсам: «Мен бул кагазыңа көзүм менен көрмөйүн түк ишенбеймин. Өзүм барып көрөмүн. Сен мени Капитонов деп эсептей бер, ошого көрсөткөндөй көрсөтөсүң», – деп бажырая карап турат. Кайра барып болгон аракетимди көрүп даярдана баштадым. Районго айтып койгон экен грейдер алып жолдорду оңдоттум. Сугаруучу жабдууларды даярдаттым. Беде көйкөлүп, буудай тирелип, кызылча жайкала өсүп турган маалы. Мен антип-минткиче С.Ибраимов да келип калды. Эч кынтык таппады. Өзү алып берген сугаруучу техникалардын иштеп турганын, айрыкча желим түтүктөрдөн тамчылатып сугарганды көрүп «ушундай иштейт турбайбы» деп аябай кубанды.

Ошону менен экөөбүздүн даярдыгыбыз бүтүп, келчүлөрдү күтүп калдык. Келишти анан. Турдакун Усубалиев, Болот Мамбетов баштаган ЦКнын бюро мүчөлөрү келишиптир. КПСС БКнын секретары Иван Васильевич Капитонов сылык сүйлөгөн адам экен. Анда-санда суроо берип коет. Абдан жакшы даярдаганбыз. Отоо чөп дээрлик жок болчу. Капитонов: «Карап эле тургуң келет экен, талаа деген ушундай болуш керек, – деп жатат. Баарыдан да желим түтүк менен сугарганыбызга суктанып: «Муну кайдан алдыңар? деп сурап калды. Мен: «Иван Васильевич, муну Москванын алдындагы заводдон алганбыз. Азыр СССРде сейрек. Аны алууга республиканын жетекчилери жардам берген», – десем күлүп калды. Көрсө, Капитонов өзү мурда Москва обкомунун биринчи секретары болуп иштептир.

Сөздүн кыскасы, И.В. Капитонов биздин чарбабыздын деңгээлине ыраазы болгонун ачык айтып, ийгилик каалады. Турдакун Усубалиевич да колумду кысып, «абдан жакшы болду» деп жөнөп кетишти.

Арсланбап, Сары-Челекти көрө элекмин

И.Капитонов келип-кеткенден бир аз убакыт өткөндөн кийин Султан Ибраимов мени атайы чакырып алып, ыраазычылыгын билдирген: «Капитонов өңдүү адамдар анда-санда бир келет. Бир жаманатты болсок, ошо бойдон боло беребиз. Сен ишке жарадың. Өткөндө да Ак-Талаага жиберсем, ишти ойдогудай аткарып келгенсиң. Сен ушу жолу республика үчүн чоң кызмат кылып койдуң», – деген эле. Ошондогу С. Ибраимовдун бул сөзү мага опол тоодой дем болгон.

1968-жылы Султан Ибраимов Ош обкомунун биринчи секретары болуп кетти. Ошол эле жылы мен Кыргыз ССР айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалдым. Ошондо Ошко командировкага барып калдым. Ал кезде обкомдун биринчи секретарлары министрлердин орун басарын оңой менен кабыл алышчу эмес. Мен барганда эле тосуп алгандарга «Султан Ибраимовго жолугуп чыгайын» десем, «кабыл алар бекен» дегендей кылышты. Мен: «Барып көрөлү», – дедим. С. Ибраимов дароо эле кабыл алды. Баягыдай өпкө-боорду чыгара сыга кучактап көрүштү. Анан: «Айыл чарба министринин биринчи орун басары деген чоң кызмат. Силер эми ары тартпай, бери биз жакка да тартып тургула. Ош облусу республиканын жарымы. Жакшылап кыдырып, убактыңды аябай көрүп кет. Ошондо быяктагы абалды жакшы түшүнөсүң», – деди. Жарым сааттан ашык сүйлөшүп отуруп, жылуу узатып койду.

Мен дагы кыдырса кыдырайын деп Ала-Бука, Чаткалдан тартып, ары Баткенге чейин барып, он күн бою тынымсыз кыдырдым. Коштоп жүргөндөр Арсланбап, Сары-Челекти көрүп кетиңиз десе да ишти ойлоп барбай кайткан элем. Ошондо бара эле келсем болмок экен. Арсланбап, Сары-Челекти ушу кезге чейин көрө элекмин. Агезде эси дартымдын баары С.Ибраимов «Баарын кыдырып көрүп кет, жардам бергениңе жакшы» дебеди беле деп ошону ойлоп жүрсөм керек.

Султандын берген «Волгасы»

1978-жылы С.Ибраимов Т.Кулатовдун ордуна Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп келди. Ал жерде 4 эле ай иштеди. Бул негизинен ардактуу орун эле. Ал эми жалаң өндүрүштө кайнап жүргөн С. Ибраимовдун орду эмес болучу. Муну Турдакун Усубалиевич да байкады окшойт, Султан Ибраимовду ошол эле жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы кылып бекитишти.

1979-жылы, 9 жыл иштеген Сокулук райкомунун биринчи секретарлыгынан өз каалоом менен кетип, К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтуна ректор болуп дайындалдым. Максатым – докторлук диссертациямды жактоо болчу. Ошентип, иштеп жүрөмүн. Үй болсо Сокулукта, Фрунзеге көчүп келе элек кезим. Кызматтык машинам кичине эскирээк экен. Кыштын күнү кээде кыйнап койчу болду. Ойлонуп туруп С. Ибраимовдун кабыл алуусуна жазылсам, көп өтпөй чакырып калды. Барсам, адаттагысындай жакшы кабыл алып, бирок, өкүнгөндүгүн билдирди: «Ал жакка кетип калыпсың. Сени партиялык иштерге пайдаланыш керек эле. Айыл чарба министри же айыл чарбасы боюнча ЦКнын секретарына келет элең да. Бышып калдың эле. Сураштырсам, өз каалооң менен кетипсиң», – деп кейиди. Мен Т. Усубалиевден суранып жатып өз каалоом менен барганымды, убагында докторлук ишимди жактап калууну көздөгөнүмдү айтып өттүм.

– Анан ал ишиң жылып атабы?

– Жылып атат, илимий ишимди Киевге жөнөттүм, – дедим.

Андай болсо жакшы экен. Баарыбыз эле илимден келгенбиз… Ии, келип калыптырсың?

Ошерден институтка кызматтык машина сурап келгенимди, машинебиз эски болуп улам оңдото берип каражат көп кетип жатканын айтып өттүм.

– Машинаны бизге өткөрүп бересиңерби же өзүңөр алып каласыңарбы?

– Өткөрүп беребиз.

– Андай болсо макул, – деди. Ошондон 3 ай өтпөй чакыртып ийиптир. Барсам: «Бир машина келиптир. Бирок, өңү кара экен. Сага жагар бекен. Жакпаса кичине чыдай турсаң, өңү агынан алып берейин», – деди. Мага машина бергенинен да ошол «жагар бекен» деп турганы жакты. Бул эми канча жылдар бою бирге иштешип, урматташ-сыйлаш болгонубуз го деп ойлоймун. Ошол учурда Москванын чоңдору өңү кара «Волгаларды» жакшы көрүшчү. Биздин жетекчилердики негизинен ак түстүү машина эле. Эмне үчүн андай экенин билбейм. Мен: «Ошону эле ала берейин, таш түшкөн жеринде оор», – дедим.

– Андай болсо ала бер. Гараж башчысына барсаң берет…

Рахматымды «кабаттап» айтып дегендей, гаражга барсам чылк кара, алкынган «Волга» турат. Ошол кызматтык машинамды көп жылдар миндим, түшкөн сайын Султан Ибраимовду көп эстээр элем.

Түн каткан кырсык

Так эсимде, 1980-жылдын 4-декабрында Султан Ибраимов киши колдуу болуп каза тапты. Ал күнү жумушта отурсам ЦКнын бөлүм башчысы Карыпкулов телефон чалып: «Сиз уктуңузбу, кырсык болду», – деди. Оюңа ар нерсе кетет экен «Эмне болду?» – десем, «Кечээ Ибраимовду өлтүрүп кетишиптир», – дейт… Бул кабар катуу тийди мага.

– Кандайча өлтүрүп кетет? Министрлер Советинин Төрагасын кандайча өлтүрүп кетет?

– Чолпон-Атадан атып кетишиптир… Азыр текшерип атышат.

Уккан кулагыма ишене албай катып калсам керек. Карыпкулов «Эмне унчукпайсыз?» – дейт. «Мен ишене албай турамын», – дедим…

Кабылдамадагы кызды чакырып чай алдырып алып: «Бүгүн эч кимди кабыл албаймын, күткөндөр болсо кете берсин. Мага эч кимди киргизбе», – деп, шалдырап отуруп калдым. Эч кимге бул суук кабарды айткым келбеди. Жамандык жерге жатмак беле, түштөн кийин угулуп калды…

Ошондо Султан Ибраимов 53 гана жашта болчу. Болуп-толуп турган чагы эле. Аброю эл арасында күчтүү болчу. Анын өлүмү боюнча укмуштай сөздөр жүрө баштады. Саясый конкуренттери же Турдакун Усубалиев эле аттырып койду го деген сөздөр дуулдады. Бирок, ошол кезде эле булардын мамилесин жакындан билгендер буга ишенчү эмес. Султан Ибраимовдун сөөгүн эки күндөн кийин узаттык. Республика боюнча траур болду. Сөөгүн ЦКнын агартуу Үйүнөн чыгарышып, коштошуу зыйнаты ошо жерде өттү. Эл укмуш келди. Мен баштан аяк катыштым. Султан Ибраимовичтин султан бою суналып, уктап аткандай эле көрүнөт. Бир гана таңып койгону менен чыкый тушунан кан чыгып турганы байкалат. Ал окуя боюнча көп айтылды, көп жазылды. Так жооп жок. Ал эми оозуна алы келбеген айрымдары ушу күнгө чейин Турдакун Усубалиевден көрүп келишет. Жакында эле ушул өңүттө жазылган макаланы кайсы бир гезиттен көрүп калдым. Бул акылга сыйбаган акмакчылык. Буларды экөөнүн мамилесин жакындан билген, үзөңгүлөш жүргөн киши катары күйгөнүмдөн айтып жатам. Муну менен Турдакун Усубалиевичти коргоп жаткан жерим жок. Ал бул жердин эмес, Москванын КГБсын чакырттырып текшерттирген. Алар бир жыл бою текшерип Турдакун Усубалиевичке көлөкө түшүрөрлүк эч нерсе тапкан эмес. Экөөнүн мамилеси абдан жакшы болчу. Султан Ибраимовду Турдакун Усубалиев өстүрүп, ар дайым колдоп, ишеним артып келгенин баарыбыз эле билчүбүз. С. Ибраимов да Турдакун Усубалиевич жөнүндө жылуу пикирин айтканын көп эле уккамын.

Мынча болду, С.Ибраимовдун өлүмүнө байланыштуу жазуучу Ш. Бейшеналиевдин бир айтканын келтире кетейин. Ал киши С. Ибраимовду атып кеткен күндөрдө ошол жерде эс алып жаткан экен. Атып кетип чуру-чуу түшүп, элдер чогулуп жаткан маалда бара калса, С. Ибраимовдун аялы Рева жеңенин «бул балакет бу жерден эмес, башка жактан келди» деп күйүп-бышып айтканын угуптур. Кийин айттырбай койдубу же кандай, аялы мындай сөзүн айткан жок дейт. Кандай болгондо да чындык акыры чыгып калар. Сөзүмдүн аягында кыргыздын чыгаан уулу Султан Ибраимов менен бирге иштешип, таалим-тарбиясын алып калганым үчүн өзүмдү бактылуу сезеримди белгилей кетейин.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар