whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкылбек Жапаров "Эл үмүтү" стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Акылбек Жапаров «Эл үмүтү» стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2025-окуу жылы үчүн президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров стипендианттарды президенттик стипендияга ээ болушу менен куттуктап, бул алардын талыкпаган эмгеги үчүн берилген татыктуу сыйлык гана эмес, ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси экенине токтолду.

Ал ошондой эле КР президентинин демилгеси менен түзүлгөн стипендия дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алууга, алдыңкы изилдөөлөргө жана долбоорлорго катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берээрин кошумчалады.

“Сиздер улутубуздун өнүгүүсүн аныктай турган келечектеги лидер жана кесипкөй адиссиздер. Мекениңизге жаңы билим, идея жана тажрыйба менен кайтып, алган билимиңиздер менен өлкөбүздү чыңдап, өнүктүрүшүңүздөрдү күтөбүз. Окууларыңыздарга, илимий ачылыштарга жана алдыга койгон максаттарыңыздарга жетишиңиздерге тилектешмин”, – деген Акылбек Жапаров “Эл үмүтү” стипендиясы өзгөчө мааниге ээ экенин, жаштарга чет өлкөдөн билим жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн, кийин ал Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн колдонуларын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президенттик стипендияны тапшыруу аземи болду.

“Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган, 2024-жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиант болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар