Нарын облусунун аймагында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде жумуштар кызуу жүрүүдө:
- Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Куртка – Соң-Көл унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
- Баетов – Макмал жолунун 8,5-9-чакырымдар аралыгында жолду тегиздөө иштери аткарылды.
- Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 3-чакырымына суу өтүүчү түтүкчө орнотулуп, 3-5-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө үчүн жер иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Ак-Тал – Чат – Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
- Чар – Ак-Муз унаа жолунун 1-3-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүүдө.
Ошондой эле Кочкор районунда Чу дарыясы аркылуу өткөн Кочкор – Коммунизм көпүрөсүнүн курулуш иштери башталды. Көпүрө иштери менен катар райондук оорукананын аймагына да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.