Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек АДИЕВ менен маек.
– Каныбек Маматбекович, райондун инфраструктурасын жакшыртуу багытында Түп районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
– Учурдун талабына ылайык райондун, анын ичинде айыл аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында райондо 8 мектеп, 5 бала бакча, райондун борборуна аймактык оорукана, маданият үйлөр, 16 кичи спорттук аянттар, 9 айылда таза суу системалары курулуп жатат. Ошону менен бирге жол маселеси тармагында да алгылыктуу иштер башталып, Түп айылынын борбордук көчөсү, Түп – Кеген, Корумду – Балбай жолдору салынууда. Мындан сырткары Михайловка айыл аймагынын 92 га жер тилкесине “Жашыл Мурас” долбоо-рунун алкагында алма, алмурут, алча көчөттөрүнүн түрлөрүн отургуздук. Бул долбоорду ишке ашыруу менен келечекте логистикалык борбор жана жер-жемиштерди иштетүүчү кичи ишкана ачууну пландаштыруу-дабыз, ал дотацияда турган айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылып ички жана сырткы миграцияны азайтууга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга өз таасирин тийгизет.
– Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, республика боюнча административдик аймактык реформа жүрүп жатат. Сиз жетектеген Түп районунда канча айыл өкмөтү бирикти жана мындай реформаны эл кандай кабыл алды?
– Түп районунда административдик-аймактык реформа боюнча айыл аймактарынын депутаттарынын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жер-жерлерде атайын жыйындар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Административдик-аймактык реформанын негизинде Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймак болуп бирикти. Түп районунун Кутургу, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Сары-Булак айыл аймактары биригип Балбай айыл аймагы; Талды-Суу, Чоң-Таш жана Санташ айыл аймактары биригип Каркыра айыл аймагы; Карасаев жана Арал айыл аймактары биригип Карасаев айыл аймагы; Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактары биригип Ысык-Көл айыл аймагы болуп түзүлдү. Айыл аймактардын аталыштарын коюуда ар кандай талаш-тартыштар болду, бирок аларды түшүндүрүү жолу менен жеринде чечип, аны элибиз туура кабыл алды.
– Айыл өкмөттөрдүн кыскаруусу менен канча штаттык бирдик азайды? Нааразычылыктар келип чыккан жокпу?
– Бириккен айыл аймактарда макулдашуу комиссиялары түзүлүп, жаңы түзүлгөн айыл аймактардын штаттык курамына жараша кызмат орундарды бөлүштүрүү боюнча жыйындарды уюштуруп, штаттык түзүмдөрдү бекиттик. Ушул административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык курамы жалпысынан 59 кишиге кыскарды.
– Өзүңүзгө белгилүү болгондой айыл өкмөттөрдүн, райондордун, облустардын ортосунда жер талаш, өзгөчө жайыт талаш маселеси бар. Административдик-аймактык реформа ушул көйгөйдүн чечилишине канчалык деңгээлде таасирин тийгизди?
– Түп району узак мөөнөткө колдонууга алып жүргөн Ак-Суу районунун 54 349 гектар жайыт жерин кайра узак мөөнөткө колдонууга чечип берүү жагы көтөрүлүп жатат. Концепцияда көрсөтүлгөн Сары-Жаз өрөөнүндөгү Ак-Суу районунун алыскы жайыттарын, союз убагында 1997-жылга чейин Түп районунун колхоз-сов-хоздору пайдаланып жүргөн. Түп районунун аймагында 1997-жылдары малдын башы азайып кеткендигине байланыштуу, Ысык-Көл облусунун Түп району узак мөөнөткө колдонууга алып жүргөн Ак-Суу районунун 54 349 гектар жайыт жерин, кайра узак мөөнөткө колдонууга чечип берүү жагы көтөрүлгөн. Түп районунун аймагында 1990-жылдары малдын башынын азайып кеткендигине байланыштуу Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 6-мартындагы № 43 токтомунун негизинде Ак-Суу районуна кайтарылып берилген. Учурда Түп районунун аймагында малдын саны кескин түрдө көбөйүп, жайыт пайдалануучуларга 100,0 миң гектар жайыт жери жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу КРнын 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык 4-пунктундагы «2020” деген цифралар «2030-жылга чейин» деген цифралар менен алмаштырылып, КРнын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхоздоруна узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2030-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калаары белгиленгендигин эске алып, концепцияда мурдагы Түп районунун колхоз-совхоздору тарабынан пайдаланылып жүргөн 54 349,0 гектар жайыт жерин кайра Түп районуна узак мөөнөткө убактылуу пайланууга чечип берүү тууралуу маселе көтөрүлүп келүүдө. Бирок, азыркы учурда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүп, арендага жайыттарды алып, бул маселе боюнча иш алып барылууда.
– Тышкы, ички миграция маселеси бүгүнкү күндө да курч боюнча калууда. Сиздердин райондо жумушсуздук канчалык?
– Жумушсуздук Түп районунда туруктуу деңгээлде калууда. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 2024-жылга карата жумушсуздардын саны – 508 адамды түздү, алардын ичинен 210у аялдар. Ички миграциядагы үй-бүлөлөрдүн саны – 222, тышкы миграциядагы үй-бүлөлөрдүн саны – 675, бардыгы 897 үй-бүлө, ал эми ички миграция боюнча балдардын саны – 268, тышкы миграция боюнча балдардын саны – 821, жалпысынан – 1089 бала катталган. Ошондой эле 2024-жылга карата келген жарандардын саны – 758 киши, чыгып кеткен жарандардын саны – 1800 киши болду.
– Райондун материалдык-техникалык базасы учурдун талабына жооп береби?
– Бүгүнкү күндө райондун материалдык-техникалык базасы административдик-аймактык реформанын алкагында жакшы көрсөткүчтөргө жетүүдө. Түп айыл өкмөтү Өзбек-Кыргыз фондусунан 4 атайын техника алды. Ошондой эле райондун ар бир айыл аймагы 2-3төн атайын оор техникаларды муниципалдык ишканаларына сатып алышып, район боюнча жалпысынан 20 техника ар кандай көйгөйлүү маселелерди чечүүгө өбөлгө болууда. Мындан сырткары административдик-аймактык реформанын негизинде Түп райондук мамлекеттик администрациясынын капиталдык ремонту, жылуулук системасы, райондук маданият үйүнүн жана китепкананын жылуулук системалары учурдун талабына ылайык жасалууда.
– Райондун элинин саламаттыгын сактоо багытында аткарылып жаткан иштер туурасында окурмандарга айтып берсеңиз?
– Түп районунун жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы салынып жаткан имаратын 2015-жылы 58 миллион сом каражат менен “Энесай ЛТД” курулуш ишканасы утуп алган. Оорукананы куруу иштери 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы кошумча акча каражат менен 88 миллион сом акча каражаты каралган. Имарат эки кабаттуу 60 орунга ыңгайлаштырылган, азыркы учурда 95 пайыз курулуш иштери бүткөрүлдү. Айланасын көрктөндүрүү үчүн 160 түп роза, 75 түп карагай, 200 түп карагат отургуздук.
Райондун аймагында 8 ҮДТ, 27 ФАП бар. Түп ооруканасына заманбап жаңы флюра, рентген аппараты, Талды-Суу ҮДТсына рентген аппараттары орнотулуп, июнь айында жаңы тез жардам автоунаасы менен камсыздадык. Түп райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 3 миллион сомго заманбап физиотерапевттик (электроток, парафин жана электрофорез) аппараттар алынып, ишке кирди. Учурда райондун Корумду айылында кайрымдуулук фонддун эсебинен Кичи-Өрүктү, Бирлик, Долон, Шаты айылында, 3-фермада АРИС долбоорунун эсебинен жаңы ФАПтар курулууда.
– Сиз жетектеген райондо туризмди өнүктүрүү багытында кандай иш-чаралар көрүлгөн?
– Өлкөбүздө туризм тармагы мамлекеттик деңгээлде экономиканын приоритеттүү тармактарынын бири катары таанылып, учурда биз да районубуздун туризм жаатына көбүрөөк басым жасоодобуз.Туризм тармагындагы дагы бир көрүнүктүү ишибиздин бири биздин районго курулуп жаткан “Каркыра эко-шаары” тоо лыжа базасы десем болот. Жыл ичинде төрт мезгил бою иштей турган “Каркыра эко-шаар” деп аталган тоо лыжа базасынын курулуш иштери 2023-жылдын декабрь айында башталды. Ага Ысык-Көл, Балбай, Каркыра айыл аймактарынын жана токой чарбасынын алыскы жайыттарынан жайыт жерлер категориясынын эсебинен жалпы аянты 2 431,3 га, анын ичинен курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 90 га жер тилкесин бөлүп берүү суралган. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы райондук жер комиссиясы жайыт категориясындагы 32,69 га жер тилкесин бөлүп берди. Долбоордун жалпы суммасы 191 млн. АКШ долларын түзөт. Анын аткарылышынын I жана II этабында 500дөн 1000ге чейин жумушчу орундарын камсыз кылуу каралууда.
Мындан сырткары Түп айылынын кире бериш жерине туристтерди тейлөө борбору Түп айыл өкмөтүнүн 0,30 га жер тилкеси бөлүнүп, Дүйнөлүк банктын эсебинен куруу иштери аяктоодо. Ошондой эле Чар-Кудук жайлоосунда “Каркыра эс алуучу жайы”, “Ак-Сай Тревел”, “Армия Ата”, эс алуучу жайлары ачылып, туристтерди кымыз менен дарылоо ж.б. кызматтарды көрсөтүшүп иш алып барышууда.
Дагы кошумчалап айта кетчү нерсе «Вird watching” уюштуруу үчүн Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Ынтымак жана Сары-Булуң айылдарына микрокоруктарды ачуу боюнча жана Михайловка айылында агротуризмди өнүктүрүү, эс алуучуларды кошулмасыз таза азыктар менен тамактандырып, кызмат көрсөтүү боюнча иштер аткарылууда. Ошондой эле көл жээгине эс алуучуларга шарт түзүп, ишалып барууга көптөгөн инвесторлорубуз келүүдө. Биз жер маселесин чечүү боюнча иштерди алып баруудабыз.
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”