Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Заманбап 40 мектептин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк Банктын ортосунда түзүлгөн келишимдин  негизинде   2024-2027-жылдын аралыгында  Кыргызстандын аймагында 40 мектеп пайдаланууга берилмекчи.  Анын курулушу  Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу»  (ЕPIK)  долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Аталган долбоордун II компонентинин  координатору   Эрмек Биялиевдин айтуусунда Дүйнөлүк Банктын койгон  талабы абдан тыкыр болгондуктан, өлкөбүздүн  жети дубанындагы долбоорго кире турган мектептер ар тараптуу, терең изилденип, аны тандоо ачык жана айкын өткөрүлдү. Анын негизинде  Кыргызстандын аймагындагы азыркы учурда авариялык абалда турган жана  капиталдык ремонт көрбөгөн мектептердин ордуна заманбап, жер титирөөлөргө  туруктуу, электр энергиясы менен жылытылган имараттар курулмакчы. Электр жарыгы өчүп калган учурда мектепти энергия менен камсыздай турган атайын  генераторлор коюлат.

Жаңыдан курулуп жаткан мектептерде санитардык-гигиеналык  жагдай эске алынып, ички дааратканалар орнотулуп, саркынды сууларды тазалоочу, таза абаны алмаштыруучу жабдуулар орнотулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген  окуучулар үчүн  атайын пандус курулуп, жогорку кабатка  алып чыгып, кайра түшүрүүчү лифт коюлат.

Биз жакында «ЕPIK»  долбоорунун өкүлдөрү менен биргеликте Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында башталган мектептердин  курулушу менен таанышып кайттык.

  • Кара-Суу

Ош облусундагы Кара-Суу районундагы Шарк айылында жайгашкан №125 Боболашкор орто мектеби 1970-жылы курулган айыл чарба  муктаждыктары үчүн салынган имаратта  жайгашкан. 2001-жылы ушул имаратка ашар ыкмасы менен кошумча имараттар курулуп, башталгыч мектеп ачылган. Айылдын жашоочуларынын саны жылдан жылга көбөйгөндүктөн, 2012-жылы 220 орундуу орто мектепке айланган. Мектеп директору Равшанай Рахманованын айтуусунда 460 окуучу башка айла жоктугунан үч мөөнөт менен окуп жатат.

Жалпысынан алганда  2642 чарчы метр аянтты түзгөн, 275 окуучуга ылайыкталган 2 кабаттуу 16 окуу кабинети, спорт залы,  ашканасы бар заманбап мектептин курулуп жаткандыгына мектеп жамааты гана эмес, айыл эли да кубанып турат. Жаңы мектептин курулушу пайдаланууга берилгенге чейин  2 корпуста  460 бала 3 мөөнөт менен окуйт.

  • Өзгөн

Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылындагы №57 А.Өмүрзаков атындагы жаңы мектептин курулушун  «Юг-Мак» жана «ХРСУ»  курулуш фирмалары  баштаган. Курулуш компаниясынын аткаруучу директору Муратов Таирбектин айтуусунда  жалпы суммасы 176 млн. сомду түзгөн 275 орундуу мектептин курулушу өзгөчө долбоор.

Анда коопсуздукту сактоо жана  санитардык-гигиеналык жагдай эске алынып, саркынды сууларды тазалоочу, таза абаны алмаштыруучу жабдуулар коюлуп, ал дүйнөлүк стандартка  жооп берүүгө тийиш. Жумуш 20-июлда башталып, белгиленген график менен баратат. Азыркы учурда 38 куруучу иштеп жатат. Техникалык жактан жана долбоорду түзгөн органдар тарабынан көзөмөл  абдан күчтүү.

№57 А.Өмүрзаков атындагы орто мектептин директору Абакирова Назиранын айтуусунда бул мектептин имараты 1970-жылы курулган. 1998-жылы ашар ыкмасы менен кошумча 4 бөлмө курулуп, башталгыч мектеп катары ачылган. 2012-жылы орто мектепке айланган. Мектептин имаратынын эскилиги жетип, мында сабак окутуу кооптуу болуп тургандыгына карабастан,  аргасыздан окутуу жүргүзүлүп жатат.

«Эскини эптегенче, жаңыны жама» дегендей баарыбызды жүдөткөн эски имараттын ордуна  жаңы мектептин имараты курулуп жаткандыгы үчүн мамлекет жетекчисине  жалпы айылдын калкы  ыраазы болуп, айтаарга сөз таппай турган чагы. Негизги буюртмачысы  айыл өкмөтү  болгондуктан, алар  курулуштун жүрүшүнөн  тез-тез кабар алып турушат.

Куруучулар келишим боюнча  мектептин имаратын  бир жылдын ичинде пайдаланууга берүүгө тийиш.

  • Сузак

Сузак районундагы №103 Садда орто мектебинин директору Рахматова Каныкейдин айтуусунда бул мектептин имараты 1973-жылы ашар ыкмасы менен балдар бакчасы үчүн  курулган. Союз тараганда бакча жабылып калган. 2006-жылы АРИС программасынын жардамы менен кошумча имараттар курулуп, башталгыч мектеп катары ачылган. 2010-жылы толук эмес орто мектепке, 2 жылдан кийин окуучулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу  орто мектепке айланган. Мектепте класстар жетишсиз, спорт залы жок.

Мектептин эскилиги жеткен  имараты толугу менен бузулуп, анын ордуна 2 кабаттуу  жаңы мектептин имараты  курулат. Анда спорт, актовый залдар, ички даараткана,  ашкана бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген  окуучулар үчүн  атайын пандус, лифт орнотулат.

Бардык шарты бар мектептин имараты  кийинки жылы ачылганга чейин 304 окуучу коңшу айылда жайгашкан  Муратов атындагы  орто мектептин экинчи корпусуна  барып окушат. Окуучуларды алып барып, кайра алып келип туруу үчүн айыл өкмөт тарабынан атайын  транспорт бөлүндү.

Курулуштун  жетекчиси  Бектур  Акматовдун айтуусунда Садда орто мектебинин жаңы имаратын «Таир» жана «Высота БКЭЭЭ» ЖЧКлары кийинки жылдын июль айында пайдаланууга беришет. Курулушта жалпысынан алганда 26 жумушчу иштеп жатат.

  • Базар-Коргон

Базар-Коргон  районундагы №65 Б.Абдрашев орто мектебинин  курулушу «Маасыайылкурулуш» менен  «Авангард и Ки» фирмалары  тарабынан 20-июлда башталган. Анын прорабы  Юлдашев Бахадырдын айтуусунда куруу мөөнөтү — бир жыл.  Имарат курула турган кыртыш ным жана жумшак чыгып калгандыктан 4,5 метр тереңдикте казылып, ага 15-20 см. 14 катмар шагыл төшөлүп, тапталып чыкты. Ошону менен катар арматуралар токулду. Азыркы учурда 7 атайын техника  иштеп жатат. Жүк тартуучу 5 «Камаз», дагы 15 адам иштеп жатат.

Эки күндөн кийин  бетон төшөө жумуштары башталат. Бетон куюу башталганда жумушчулардын саны 30дан ашат. Аба ырайы ыңгайлуу келсе, кыш түшкөнгө чейин, фундаментти бышырып,  имараттын  кирпичин куруп, анын чатырын жаап койсок деген максаттары бар.

Мектептин директору Абдуллаев Акылбектин  айтуусунда бул мектеп 1976-жылы пахта сактоочу кампа катары курулган имаратта жайгашкан. Ал 1996-жылы мектеп толук эмес орто мектепке, 2006-жылы орто мектепке айланган. Азыркы учурда калктын саны көбөйүп,  спорт, жыйындар залы, лабораториялары жок, болгону жети классы бар мектепте 420 окуучу окуйт.

“Бул абалдан чыгуу үчүн  2019-жылдан  тартып ушул долбоор менен  иштей баштадык. Келечекте электр энергиясы менен жылытылган имараттар курулмакчы. Электр жарыгы өчүп калган учурда мектепти энергия менен камсыздай турган атайын  генераторлор коюлат. Жаңы мектептин курулушу үчүн 1699,5 чарчы метр жер керектелип, ушул маселеге келгенде бир аз буйдалып, туруп калдык. Ачыгын айтканда, жер табуу  маселесин мурдагы бийлик чече алмак эмес, мындай бардык шарттары  бар мектеп курулбай калмак. Жаңы бийликтин катуу талабы менен 30 жылдан бери акталбай келген элдин үмүтү ишке ашып, баасы 102 млн. сомду түзгөн 2 кабаттуу, 150 орундуу билим уясынын курулушу башталды. Аманчылык болсо, кийинки жылы ачылышына да катышып кетиңиздер”, – дейт А.Абдуллаев.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар