Орловка шаарында жайгашкан “Нурмээайса” балдар үйү “Алтынкен” компаниясынын ашканасына нан жеткирүү маселесин чечүү үчүн финансылык жардам сураган эле.
Жалпыга белгилүү болгондой, ишканага нанды балдар үйүнүн наабайканасы жеткирет. Компания бул социалдык долбоорду 2014-жылдан бери колдоп келет.
Акыркы убакта унаа бузулуп, нан жеткирүү кыйындап калгандыктан ишкананын жетекчилигинин атынан нан жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 140 миң сом өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүүнү чечкен.
Компания тарабынан берилген акчалай каражатты балдар үйүнүн жетекчилиги максаттуу пайдаланып, жакында мурдагыдай эле өз унаасы менен нан жеткирип турат деп ишенебиз.
Материалдык жардамды которуу учуру «Нурмээайса» балдар үйүнүн 20 жылдыгына туш келди. Компаниянын жетекчилигинин атынан ушул жылдын 25-августунда балдар үйүнүн жалпы жамаатын жана тарбиялануучуларын «Алтынкен» компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча адистери куттукташты.