Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Россияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду

Россияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта Новосибирск облусунун Чаны аймагында Кыргызстандын жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Чаны аймагынын полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышты.

Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын жаранына карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду.

Жол кырсыгына кабылган кыргызстандык А.А.Ж.нын апасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, жардам керек болуп жатканын айтты.

«Уулум 23-августта Владивосток шаарынан Москва шаарына фурага жеңил унааларды жүктөп бара жатып, Новосибирск жана Омск шаарынын ортосунда кырсыкка учураган. Уулум алдында келе жаткан дагы бир фураны сүзгөн. Андагы жаран каза болгон. Азыр уулум эки шаардын ортосундагы ооруканада жатат. Операция да болду. Жол кырсыгына уулум күнөөлүү болуп жатат. Жаан жаап тайгаланып, унаанын арты тартып кетип, алдындагы фураны сүзүп кеткен экен. Биз Токмокто турабыз, балама жактоочу жалдап, ошол жакка барганга каражат жок болуп жатат», — деди коомчулуктан жардам сураган апа.

Учурда кырсыкка кабылган кыргызстандык жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар