Ош облустук милицияга 23-август күнү 15 жаштагы кызды топ кыздар Кара-Суу районундагы каналына алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын толук аныктаган. 15-жаштагы кызды, топ кыздар жана балдар өмүрүнө же ден-соолугуна коркунучтуу болгон зомбулукту жасап, шантаж кылуу жолу менен сойкулук кылууга тартуу же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо түрүндөгү аракеттерин жасашкан.
Бул факт боюнча КРнын КЖКнин 159-беренеси (Сойкулук кылууга тартуу) менен кылмыш иши козголуп, 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тийешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда.