Күн мурун Сары-Ой айылында Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана эс алуучу жайларды жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Жыйынга Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, облус жетекчиси Улан Далиев жана туристтик объекттердин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада эс алуучу жайлардын бирдиктүү архитектуралык долбоорун түзүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн туристтик жагымдуулугун жогорулатуу боюнча негизги маселелер талкууланды.
Эскерте кетсек, жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык архитекторлор жана туристтик жайлардын ээлери катышып, көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.