Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Куудул Союзбек СЕЙИТКАЗИЕВ: “Эл аралаган киши эл көйгөйүн жакшы билет”

Азыр жер-жерлерди кыдырып концерт койгон театрлар, концерттик топтор, маданият өкүлдөрү азайып кетти. Ага бир чети айыл жерлериндеги маданият үйлөрүнүн талапка жооп  бербегени себеп болсо, экинчи жагынан аймактарга чыгып убакыт кетиргенден көрө Ош, Бишкек өңдүү чоң-чоң шаарларда эле концерт коюу жеңил болуп калды. Биз бул жолу алыскы айылдардан бери кыдырып, гастролдоп концерт коюп жүргөн куудул, сатирик, маданияттын мыкты кызматкери Союзбек Сейитказиев менен маектештик.

– Союзбек мырза, суроону ток этеринен баштасак, эмне үчүн азыр маданият кызматкерлери гастролго аз чыгып жатышат?

– Бардык эле адам жеңил нерсеге көнүп калат. Азыр эмнеге артисттер тойго басым жасап калышты? Тойдон тапкан каражатына салык төлөбөсө, афиша илип уюштурбаса, чыгым болбосо, командага акча берем дебесе, өзү жалгыз барып ырдайт, канчага сүйлөшсө ошону таза алат. Анан таза кирешеден ким качат? Ошону үчүн баары оңой жагына өтүп кетти. Бул бир эле артисттер эмес, театрларды алып карасаң деле актерлордун көбү тамадачылык кылып, тойлордо жүрөт. Мындай карасаң маданият тармагындагы адамдардын көбү эле ырчы, жар-жарчы болуп, эч кандай чыгымы жок таза кирешелүү болгон той сферасына өтүп кетишкен.

Ал эми эл кыдырыш үчүн, жер кыдырыш үчүн команда керек, чогулткан командаңа акча төлөп бериш керек. Барган жерде концерт кандай болот, ал жагы караңгы.

Мурдагыдай артисттер эл кыдырбай калды дейбиз, мурдагыдай эл концертке дагы келбей калды. Интернет өнүгүп кетти. “Койчу ай, биз интернеттен эле көрүп алабыз”, – дегендер бар. Басып келип маданият үйүнөн концерт көргөндөр аз. Ошону үчүн көбү кыдырып концерт койгусу келбесе керек. Антип эл кыдырып азап тартпай  эле, мага “Эмгек сиңирген артист” наамын бериши керек эле, сахнада жүргөнүмө мынча жыл болду” деп арызданып жүргөндөрдү деле көрүп калабыз. Өздөрү жеке концерт койбосо, элди чындап маданият менен тейлебесе, анан наам алып жатышса, таң каласың.

Концерт коюп барайын десең эле “Көптөн бери эч ким концерт коюп келбейт, эл деле концертти унутту, эч ким келбейт го”, – деп баары кайдыгер карашат. Мен концерт коюп барайын дедим эле десең “Келиңиз, биз уюштуруп берели, биздин маданият үйүбүз көптөн бери бош турат. Дагы артисттер болсо айтсаңыз, элди маданият менен тейлейли”, – дегендер аз. Ошондуктан гастролго чыккандар аз деп ойлойм.

– Куудул – бул сейрек өнөр ээси. Көрүүчүнү күлкү-тамашага батыруу оңой эмес. Буга сиздин оюңуз кандай?

– Бир студияга барып ыр жаздырып, ырчы болуп кетсең болот.

Бирок, жөн эле бир жерден сүйлөп коюп куудул боло албайсың. Ал үчүн сөзсүз эл аралап, эл ичиндеги ойлорду көйгөйлөрдүн баарын топтоп, анан ошондон элге пайда алып келе турган сатира, юмор жаратыш керек. Куудул менен акынга эл келип өзүнүн көйгөйүн айтат. Эл аралаган киши эл көйгөйүн жакшы билет, куудулдун сөзүн тыңшаган адам элдин көйгөйүн уга алат.

Ошону үчүн биздин артисттер эл аралап койсо, элдин көйгөйүн жакшы түшүнмөк. Гастролдун жакшы жери элдин маселесин билип келесиң, жаңы адамдар менен сүйлөшөсүң, жаңыча көз караштар пайда болот. Азыр Бек Борбиевден башкасы гастролдобой калгандай сезиле берет. Калгандары бүт эле тойдо жүрөт окшойт. Мурда Гүлжигит Сатыбеков агабыз эл кыдырып калчу эле, ал дагы бир-эки жылдан бери тынчып калды. Куудулдардан Абдылда Иманкулов, Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев эл кыдырып калышат.

– Бизге келип концерт коюп кетиңиз деп чакыргандар болобу?

– Социалдык түйүндөрдөн кат жазып чакыргандар болот. Бирок аларга ишенип алып, бүт айыл күтүп жаткансып бара берсең болбой калбайбы? “Бизге келип кет” деп эки киши кат жазса, барып алсаң ошол экөөнөн башка эч ким жок болуп калсачы? Ошондуктан өзүбүз барып уюштуруп, жарнамаларды илип, анан концерт коебуз.

Жогоруда мен айткандай, “Эмгек сиңирген артист” наамын бергенде дипломуна карап жатышпайбы, бул деле кандайдыр бир деңгээлде туура. Бирок, элди аралаган, элдин купулуна толгондорго да караш керек. Муну менен болгону эмгекти баалоо керектигин айтып жатам. Анын үстүнө, куудул, төкмө акын, манасчылардын окуусу жок да. Булар чыныгы эл ичинен чыккан таланттар.

– Эмне үчүн эл концертке келбей калды, же элдин купулуна толгон концерт коё албай жатасыңарбы?

– Мүмкүн элдин купулуна толо тургандай концерт кое албай жаткандырбыз. Экинчиден, эл дагы интернеттен көрүп алабыз дегенге өтүп алышты. Такыр эл келбей калды дегенден  алысмын, зал толо эл келген концерттер деле болуп жатат. Анан деңгээл деген нерсе дагы болот да, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша күйөрман топтоп, ошол аудиторияга концерт коюп жатат.

– Сиз эмнеге саясий сатираларды айтпайсыз же кызыкпайсызбы?

– Саясат десе эле балп этип бетке айтканды түшүнүп калдык. Кыргыз сөз баккан эл. Саясат десе эле кечке саясатташа бергендин кереги жок деп ойлойм. Анан бардык эле куудул саясатты айта берсе бул бир жактуу болуп калат. Саясаттан башка жай турмуш дагы бар да, аны ким айтат?

Башчылар эле жаман, эл апакай деген да туура эмес, медалдын эки жагы бар, кемчилик эки жактан кетет. Биздин элдин мүнөзүн, кылык-жоругун, терс жактарын дагы айткан бирөө керек да. Ошондуктан мен эл ичинде болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айтканды туура көрөм. Эл оңолсо, анан заман оңолот, элдин башына таза адамдар келет. Өзүбүздү өзүбүз оңдошубуз керек деген ойдо элдин ичинде болуп жаткан көйгөйлөрдү, өзүбүздүн кемчилдиктерди көбүрөөк айтсак.

Бирок, саясатка кантип кызыкпайсың, ушул Кыргызстанда жашап жаткандан кийин, жүрөгүң Кыргызстан деп согуп жаткандан кийин кантип кайдыгер болуп отура бермек элең, айтчу нерселерди айта турган жерде айтабыз.

Азыр бир нерсе десең эле, Кыргызстан өнүкпөй жатат дешет. Мындай абалга ким түшүрдү десең унчукпайт, чынында саясий жетекчиликке кандай адамдар келиши өзүбүздөн көз каранды.

Мисалы, азыр шайлоо болсо, толук катышпайбыз, акты ак, караны кара деп айтпайбыз. Андыктан биз шайлоолорго барып, татыктуусун тандашыбыз керек. Биздин эң чоң катабыз ой жүгүртпөйбүз. Кимден эмнени уксак эле ээрчип кетебиз, эмнеге өзүң ой жүгүртпөйсүң, эмнеге өзүң ойлонбойсуң, эмнеге өзүң чечим чыгарбайсың? Анан эле муну, тигини  күнөөлөйбүз. Биз тарыхты окубай калдык, тарыхыбызды окусак, азыркыдай көп ката кетирбейт болчубуз.

– Бизде манасчыларга, төкмө акындарга жакшы колдоо бар. Мисалы, манасчыларга, төкмө акындарга үй алып берип жатышат, тийиштүү тараптар эмнеге куудулдарга көңүл бөлбөй келет?

– Манасчыларга үй алып берсе, айлык берсе, аларды көкөлөтүп кармаса жарашат. Манасчыларга өзгөчө мамиле жасалышын мен туура деп эсептейм жана колдойм. Анан куудулдарга деле бир театр ачып берсе болмок, ал жерде жакшы өнүгүү жүрмөк. Бирок, куудул менен акынга театр ачып берип, ага киргизип аны ооздуктайм дегендин өзү туура эмес деп ойлойм, бул менин жеке оюм. Себеби, оюн эркин айта албаса  анын эмнеси акын да, анын эмнеси куудул? Жашоодогу көйгөйлөрдү бирөө айтып туруш керек. Андан бирөө угуп, туура же туура эмес айтып жатасың деп сабак алыш керек да. Төкмө акындар калыстыкты кашкайтып айтып келген, мындан кийин дагы айта бериш керек. Куудулдар терс көрүнүштөрдүн баарын күлкүгө салып чыгарып берген. Бир эле бийликтин эмес, коомдогу терс көрүнүштөрдү да айтып келген. Ошондуктан бул эки өнөрдүн ээлерине кысым дагы, чектөө дагы болбошу керек.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар