whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкБишкекте жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кармалган жаран У.Э. 38 жашта. Ал жарандык иштер боюнча жактоочу болуп, Кыргыз Улуттук университетинде мугалим болуп иштейт.

ИИМдин маалыматы боюнча, ал бир жарандык иште шаар тургунуна жактоочу болуп, 2 миң доллар алган. Кийин «ишти оң жакка чечип берем» деп, алдоо жолу менен дагы 2 миң доллар жана 130 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасын алган.

Алданган жаран укук коргоо органдарына арыз жазып, кылмыш иши козголгон.

Натыйжада аталган жактоочу дагы 170 миң сом алып жатканда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Гезит

Рубрикалар