2024-жылдын 10-сентябрында «Кыргызиндустрия» ААКнун кеңсесинде «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы «Кыргызтелеком» ААК менен заманбап тармактык коммутаторлорду жеткирүү боюнча келишим түзүү боюнча жолугушуу өттү.
Бул кадам өлкөдөгү байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталат.
«Кыргызэлектроника» ЖЧКсы чыгарган тармактык коммутаторлор тармактык технологиялар чөйрөсүндөгү заманбап талаптарга жооп берет, тагыраагы алар ишенимдүү жана жогорку ылдамдыктагы байланыштарды камсыздай алат. Бул «Кыргызтелеком» ААКуна Кыргызстандын бардык кардарларына байланыш жана интернет кызматтарын көрсөтүүдө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Тармактык коммутаторлор «Кыргызтелеком» ААКнун иштеп жаткан системаларынын иштешин жакшыртат жана колдонуучуларды тейлөө деңгээлин жогорулатат.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызиндустрия» ААКнун президенти Жарасул Абдураимов бул кадамдын жасалышы өлкө үчүн чоң пайда алып келерин жана «Кыргызэлектроника» ишканасында дагы да келечектүү продукциялар өндүрүлөрүн белгиледи.
«Бул келишим эки компания үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошо ала тургандыгыбызга жана «Кыргызтелеком» ААКуна алардын абоненттерине сапаттуу кызмат көрсөтүүгө болгон умтулуусуна колдоо көрсөтө аларыбызга кубанычтабыз», — деди «Кыргызэлектроника» ЖЧКсынын башкы директору И. Черный.