Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Эр Солтоной – кыргыз элинин улуттук баатыры

Кыргыздар дээринде согушту өнөр көргөн эл эмес. Бирок, ондогон кылымдар бою тынымсыз түрдө каптап турган, кыргыз жерин тебелеп өтүп, кызыл кыргынга кептеген жортуулдар элдин өзүн-өзү сактоо, коргонуу сезимин өнүктүрүп, кырдаалга жараша натыйжалуу аракет кылууга кириптер кылып турган. Эл катары бар болуу үчүн кыргыздар жоокерчиликтин ыгын өз заманына жараша жакшы билип, бүткүл жан сактоосун согуш илимине ылайыктап курушкан.

Эр Солтоной Байсейит уулу Талас өрөөнүнүн Чоң Кошой деген жеринде туулган, калмактар менен эли, жери үчүн кан төгө күрөшкөн тарыхтагы такталган кыргыз баатырларынын бири. Солтоной Манас бабабыздай тунук акылга, эрдикке, уюштуруучулук талантка эгедер баатыр болгон. Ушул сапаттарды ал кыргыз элинин бар болуп жашашына, башка элге сиңип жок болуп  кетпеши  үчүн, эл арасындагы биримдикти бекемдөө үчүн кара башын сайып, журт баштаган инсан.

Эр Солтоной баатырлардын пири. Бул эл тарабынан берилген баа. Солтонойду баатырлардын пири деп эсептөө жөн эле даңазалоо эмес, кыргыз баатырларына жөлөк,таяныч, тирек болгону үчүн айтылган түптүү сөз. “Баатырлардын пири” деген түшүнүк Эр Солтоной жашаган убакта башка баатырларга карата колдонулбаган. Демек, эл Эр Солтонойго бул атакты ыйгарып, эң жогорку баа берген.

Калмак өз ара Эр Солтонойду Жабыр баян деп атаган. (Жабыр баян – өтө күчтүү жырткыч, жаныбар). Демек, бул Эр Солтонойдун өтө күчтүү баатыр экенин моюндоо болуп саналат. Себеби, Жабыр баян деген сыпаттама айрым гана баатырлыгы өзгөчө адамдарга ыйгарылган.

Ооба, Эр Солтоной кыргыз элинин согуш өнөрүн эң жакшы билген жана аларды салгылашуу мезгилинде чеберчилик менен колдоно алган чыныгы элдик баатыр. Ал нечен ирет кыргыз-калмак салгылашында жеке эрөөлгө чыгып, бир жолу да жеңилбеген, каршылашын ар убакта  жеңип чыккан эрен. Ошол эле учурда жеңишти кылдаттык менен уюштурган кол башчы, аскер көсөмү, өзүнөн кийинки баатырларды даярдаган устат. Кыргыз эли үчүн кара башын сайып күрөшкөн эр азамат атуул.

Кыргыз жерин узак жылдар бою баскынчылык менен ээлеп, элге көрбөгөн кордукту көрсөтүп, тукум курут кылганга чейин барган ойрот-жунгарларды кыргыз жеринен тазалоодо Эр Солтонойдун эрдиги Ала-Тоого тете.

XVII кылымдын аягы XVIII кылымдын башында Жунгар хандыгы күч алып, кыргыз-казак түштүк-батыш тарапка сүрүлүүгө мажбур болушкан.

Кыргыз-казак ынтымакка келишип, жерлерин ээлеп алган калмактарга согуш жа-рыялашат. Эки кол Сайрамдан беттешет. Эки тараптын билгилери кепке келишип, бекер көпчүлүк журтту кырып, канга забын болбойлу, тандап туруп 40 жигиттен жеке сайыш кылалы, ким көп сайган тарапта болсун жеңиш, – деген чечимге келишти.

Жекелешүүдө улам кыргыз-казактын жигиттери биринен сала бири найза учуна кетип, элдин үрөйү уча баштады. Мына он бешинчи эрөөл. Мында да калмак утту.

– Мен чыкпасам болбой калды окшойт,- деп Эр Солтоной жекеге камына баштады. Чабдар атын чамынтып Солтоной чыкканда буура минип булкунтуп, тигил жактан Доргул дөө чыкты. Оо, ат көтөрбөс бул дөөнү ким билбейт! Жекелешкен анча-мынчаны өзүнөн мурда алдындагы мингени эле чайнап салчудай.

Желекти желге жапырып, жекеге, – деп чакырып, экөө эки тараптан бирин-бири беттеп жөнөштү. Доргул качырып келаткан Солтонойду чымынчалык да көргөн жок. Ал адамдан бөлөк жаралган дөө болгондуктан, эзели кишини көзгө илген жан эмес. Ырайы да кишиден бөлөк коркунучтуу, үнү да айбандын үнүндөй болуп, айкырса дабышынан ат үркчү. Астындагы буурасы өзүнөн өтүп, кишичил. Ага да ок өтпөс үртүк жаптырган. Андыктан муну жекеме жеңүү мүмкүн эмес. Айрыкча азыркыдай буурасы жин бүркүп, кирген маалы болсо.

Көргөндөр жандан түңүлүп, эч ким Солтонойдун тирүү чыгарына ишенбеди. Кан төгүлгөн айкаштын канчасына катышкан өзүнө, жедеп көнүшүп калган Чабдарына ишенди бул сапар Солтоной. Далай кыргындан ушул Чабдары аман алып чыкпадыбы! Кайран Чабдар! Башка жылкыдан айырмаланып, тайгандай ылдам кыймылга ээ. Коендой буйтаган бул өнөргө Солтоной кунан кезинен машыктырган муну. Азыр, жекеге беттегенде дал ошол амалды колдонуу турду көңүлүндө.

Доргул дөө колуна найза ордуна күрсү кармаган экен. Обочорок жерден өз башынан айландыра күүлөп келип уруп калды Солтонойду. Күүсү не жетти, не жетпеди, Солтоной жалп дей түштү. Бер жактагылардан “Аа-а” деген үн чыгып, орундарынан тура калгыча Солтонойдун кантип ат үстүндө болуп калганын байкабай калышты. Көрсө жана жалп этпей эле күрсүнүн күүсүн тайдырып, аттан кулаган кишидей аңтарыла берген экен. Шамдагайлык менен буту жерге жетип-жетпей кайра ат үстүндө болуп калды. Жаза чаап алган Доргул дөө буга катуу жинденди. Буурасынан жаман буркулдап,  экинчи беттешүүгө өкүрүп-бакырып, айкырык менен кирди. Мына деп беттеше калган кезде оң жакта келаткан Чабдар бууранын сол жагына өтө чыкты. Солтоной шалк этме менен каракуш аралаш желкеге уруп калганга улгүрдү. Анан баштагыдай алыс барып кайрылбай, буураны айлана берди. Доргул буурасы экөө туш тарапка жин чачып, колдон келсе Чабдарга ээсин кошуп чайнап салмак болуп буркулдай беришти. Улам чапкан сайын айкыра берип, берки дөөнүн күчү деле үнүнөн чыгып кеткенсиди.

Улам беттешкен сайын ар түркүн өнөр көрсөтүп, ат үстүндө тоңкочук атып, бирде аттан түшө калып, ат менен тең жүгүрүп, бирде Доргулдун кылычынан буйтап аттын бооруна жата калып, кайра курсагы аркылуу өтүп, баатыр эми буурасын соккуга алды. Кайра-кайра сокку жеген буурасы жалтаң тарта баштады. Мына ушу керек эле Шерге. Эми Дөөнү тик качырууга өттү. Жакын келип жакалаша бермек болгон Солтонойду баса калам, деген үмүт менен Доргул үстүнө секирик жасады. Солтоной дагы аттан оомуш этип, дөөнү күүсүнөн тайдырып, өзүнүн үстүнөн алыс ыргытып ийди. Бозала болгон калмак оңолгуча аттын ар жагына өтө чыккан баатыр албарс кылычын кындан жарк эттире сууруп алып, ачып көздү жумгуча башты шарт эттире кесип алып, канжыгага байлана бергенде “Манас! Манас!” деген ураан туш тараптан жаңырып кетти. Бул Солтонойдун өтүнүчү эле. “Айкырыксыз айдың жок, кыйкырыксыз кыргын жок. Арбак колдосо жекеден сайып алармын. Ошондо Манастап ураан чакыргыла. Жоонун үшү кетип, жүрөгү оозуна тыгылгандай болсун!» – деген баатыр жоого аттанып жатып.

Эр Солтоной жоокерлерин шерленткен, ыр-күү, нуска сөз менен алардын жан дүйнөсүн байытып, өзүнө тартып турган баатыр. Ал жалпы кыргыз журтуна белгилүү, кыргыз баатырларынын башында турган, эрдиги даңазаланган, салтанаттуу кол башчы. “Салтанаттуу” деген жөн эле сыпаттоочу сөз эмес. Эр Солтонойдун турпатын ачып турган сапат.

Баса, атасы Байсейит уулу чоңойгондо комузчу, ырчы же манасчы болсо деп тилек кылып, Талас, Жумгал, Кочкор аймактарын аралатып, ырчы-чоорчуларга жолуктурган экен. Албетте, бул жагдай дагы баатырга күчтүү таасир эткен. Салтанаттуу Солтоной аталган баатыр кандуу кыргында да шаңын жоготпой, албарс кылычы менен киндиктеш кылып комузун көтөрүп жүргөн. Эрөөлгө чыгар алдында ушул комузун кыңгыратып, комузга үн кошуп намыска үндөгөн, эрдикке күүлөгөн ырларын ырдачу.

Эл арасында “Солтонойду Эр Солтоной атагына жеткирген Шабек баатыр” деп айтылып келгени тегин жерден чыккан эмес. Шабек менен Солтоной эки бир туугандын балдары, бирин-бири кыйбай турган күйүмдүү кишилер. Шабек дагы агасы Солтонойдой баатыр болгон. Ал “Эр Солтоной” эпосунда ар дайым агасы Эр Солтоной менен катар сүрөттөлөт да, эрдиктери жетишерлик даана чагылдырылган:

Калмактарды четинен,
Капшыра кирди жепирип.
Жепиргени мамындай,
Жалбырттаган жалындай.
Солтоной, Шабек баш болуп,
Союп кирди четинен.
Кайрылып токтоо бере албай,
Качты душман бетинен.
Ар жеринен кыйкырып,
Аралай кирди экиден.
Шылыды эрлер душманды,
Шилтесе түшүп жетиден.
Жекеге чыгып келе албай,
Жети жүз калмак ат койду
Ага чыдап тура албай
Солтоной, Шабек тап койду.
Аяң-буяң дегиче
Ой-чуңкурдун баарысын
Өлүктөргө толтурду…

Эр Солтоной кыргыз колун баштап, кээде кырк жигити менен опол тоодой эрдиктерди көрсөтөт: “Кырк миң аскер калмактын отуз төрт миңин жайладык. Качырып кадим кой окшоп, Карышкырдай айдадык. Бир башыбыз сезгенип, бир миң жоодон тайбадык”-делет эпосто. Солтонойдун жоокерлери аз болгондуктан душман менен күндүз беттешпейт. Алар ай караңгы болгондо кол салышат. Душман тааныбай бири-бирин кырат. Аларга кол салган кыргыздар улам бир тарабынан ач айкырык, кур сүрөөн салып  душманды жеринен сүрүп, таң атканча бүлүккө түшүрөт.Ошентип бул кармашта эки калмак канынын 58 миң жоокеринин теңи кыргын табат. Кыргыздардан 27 гана баатыр курманболот.

Солтонойду Эр Солтоной кылгандардын дагы бири – Чабдарат. Бул жаныбар болгонуна карабастан адамдай эстүү болуп, аны минип жүргөн баатыр эч кимден жеңилбеген. Ошондуктан “Чабдар аттуу Солтоной” деп кошумча сөз анын ысымына сыпат болуп айтылган.

“Чабдар” –  бул жал-куйругу агыш келген, калган көрүнүшү жээрде, демек, саргыч-кызыл түстөгү жылкы. Аны Солтонойдун атасы Байсейит топ кулундан бөлүп алып таптай берген экен. Минип бараткан киши оң буттун согончогу менен нукуса, оң жакка, сол буттун согончогу менен нукуса сол жакка бурулган, эки бут менен теминсе түз жүргөн. Мындай ыкма аттын үстүндөгү баатырга эки колу бош болуп, бир нече айла-амалдарды колдонуп, душмандан артыкчылык кылууга мүмкүндүк берет. Чабдар аттын элеси мындай берилет:

.Чатырдай шамал үйлөгөн,
Чабдар  учат алдыга.
Кош жалын болуп душманга
Кош таноо булоо үйлөгөн,
…Ошондо да Чабдарат
Ой” – деп койсо Солтоной,
Оюн таап, жоого сызылган,
Он апта жортсо кызыган.
Чабдараттай бурактар
Чанда чыгат жылкыдан.
…Буудан экен чарчабас,
Секиргени эликтей,
Буйтаганы улактай.
Солтонойдун оюн таап,
Кудум куштун өзү экен.
Бак тооруган ээси бар,
Солтонойдун досу экен.

Ошондуктан калмактар 1733-жылы Солтонойду мерт кылардан мурда Чабдарды атып жарадар кылып, ал очорулуп калгандан кийин, баатырга кол салышат

Эр Солтонойду артыкчылыкка ээ кылган дагы бир нерсе – бул оң кол, сол кол менен чаба бергенге ылайыкташтырылган алтын саптуу албарс кылычы. Аны чоң атасы Кабыл: “Урпагымдан эки кол менен шилтеген баатыр чыкса бергиле”, – деп керээз калтырган экен. Солтоной эки колу менен бирдей кылыч, найза шилтеген. Бул алтын сап албарс кылыч Эр Солтонойдун эрдигине эрдик кошкон курал.

Эр Солтонойдун калмактар менен акыркы салгылашуусу кеч күздө Сокулук суусунун боюнда өтөт. Бул салгылашууда 93 жаштагы Эр Солтоной (айрым санжырачылар 60 жашта дешет) жекеге чыккан, душманга кыргын салып, талкалаган. Экинчи күнү казактардын майдандан кетип калганына карабастан кармашты уланта берген. Акырында атынын бутуна ок тийип, сылтып барып очорулуп калат.  Ошондон соң өзү курман болот. Баатырдын денесин калмактар Сокулук суусуна салып жиберишет. Анын курман болгонун байбичеси Жетилең апа кошок кошуу менен чектелбестен, “Эч болбосо баатырдын сөөгүн көрүп калайын”, – деген ниет менен майдан өткөн жерге барып, суу бойлоп издеген, аны таппаган соң өз боюн ошол Сокулук суусуна таштап, набыт болгон экен.

Ашуу ачылары менен Солтонойдун куну үчүн кыргыздар бир тууга биригишип, калмакты Кулжадан ары кубалашты. Солтонойдун өлүмү дагы кыргыздын биригишине себеп болду.

Эр Солтоной  катардагы эр эмес, кыргыздын баатырларынын жөлөк-таянычы жана тиреги болгон. Ошондуктан бул баатыр жөнүндө жазышканда “анын опол тоодой орду бар”, “баатырлардын пири”, “Кыргыздын кызыл туусу” дешкен. Албетте, бул калыс жана туура баа. Эр Солтоной элибиздеги согуш өнөрүн туу чокусуна чейин өздөштүргөн, өзүнөн кийинкилерге эрдик тарбиясын үйрөтүп, кыргыз кыйырын сактап, кол баштаган, өзү да жортуулда айкырып кирип, жоо сүргөн нукура улуттук баатыр!

Уулкан САРИЕВА, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

(Макаланы жазууда Бектур Исаковдун “Эр Солтоной – кыргыздын улуттук баатыры” китеби пайдаланылды).

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар