Ош шаары – 3000 жылдык тарыхы бар, Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Тарыхый маалыматтарга таянсак, Ош шаары түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары таанылган.
Буга чейинки “Ордолуу Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деген макалабызда шаардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында шаар башчылыгы тарабынан алкоого аларлык арбын иштер аткарылгандыгы жөнүндө кеңири баяндаган элек.
Бул сапар 2024-жылы Ош шаарында административдик-аймактык реформанын алкагында эки эсе чоң аймак кошулгандыгын эске алуу менен шаар калкы үчүн жашоого ыңгайлуу болгон шарттарды түзүү жана көйгөйлүү болгон маселелерди чечүү максатында бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу шаар башчылыгынын маалыматын окурмандарга сунуштайбыз.
Өргө тарткан өнөр жай
Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “100 өнөр жайы – 2024” иш-чарасына Ош шаары боюнча “Элпласт” ЖЧКсы пропилен трубалары жана фитинг чыгаруу, “Туран Групп” ЖЧКсы сыйымдуулугу 2000 тонна логистикалык борбору, Эко Азык” ЖЧКсы “Клубника Кыргызстан” бренди менен логистикалык борбору, “Обид Файз” ЖЧКсынын базасында балмуздак жана сүт азыктарын өндүрүү жана “Алайку Органикс” ЖЧКсынын базасында логистикалык борбору, “ДосМарко” ЖЧКсы текстиль буюмдарын өндүрүү, “Келечек” АКсы тарабынан эт клас-тери киргизилген.
2024-жылдын 30-августуна Кыргыз Рес-публикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун катышуусунда онлайн режиминде “ДосМарко” ЖЧКсы тарабынан текстиль фабрикасы жана “Алайку Органикс” ЖЧКсы тарабынан логистикалык борбору ишке киргизилди. Ал эми жыл аягына чейин калган өндүрүштөрдү ишке киргизүү мерчемделип жатат.
Жол тыгындарын чечүү
Жол тыгындарын чечүү максатында үстүбүздөгү жылы Ош көчөсүн, узундугу 450 м, кеңдиги 12 м, Т.Турсунбаева жана А.Алимжанов көчөлөрүндөгү узундугу 800 м, кеңдиги 19 м жол, Амир-Темир кичи районундагы 177 көчөсү, узундугу 2,4 км, кеңдиги 9 м жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ж.Раимбеков көчөсүн А.Масалиев көчөсүнөн Кара-Суу көчөсүнө чейинки аралыктагы жол толук асфальтталып, тротуар курулуп, жарыктандырылып, отургучтар орнотулуп, пайдаланууга берилди. Учурда Ы.Монуев көчөсүнөн А. Шакиров көчөсү менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинин транспорттук чечилишин (транспортная развязка) куруу иштери учурда жүрүп жатат.
Ошондой эле А. Мамыров, Амир-Темир жана Көкүм-Бий көчөлөрүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери пландаштырылып, бүгүнкү күндө Амир-Темир (Калинин) жана А.Мамыров көчөлөрүн оңдоо иштери башталды. Өткөн жылы жол тыгындарын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 18 көчө же 21 км жолдор асфальтталды (анын ичинен үлүштүк каржылоо аркылуу 7,0 км). А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишине жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп, аны менен чектеш А.Масалиев кең көчөсүн И.Раззаков көчөсүнөн Ж.Шамшиев көчөсүнө чейин узундугу 2,9 км, кеңдиги 22 метр жол асфальтталды. Ж.Раимбеков көчөсүн А.Масалиев көчөсүнөн Кара-Суу көчөсүнө чейинки 557,0 м аралыктагы жолду асфальттоо иштери бүткөрүлдү.
Ошондой эле узундугу 2,6 чакырым болгон В.Ленин көчөсү реконструкцияланып, кооптуу аймакка узундугу 90 метр, бийиктиги 6 метрди түзгөн тирөөч дубал курулду. Мындан тышкары А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун аймагына асфальт төшөө, Т.Турсунбаева көчөсүндө темир жол өтмөгүн куруу иштери жана шаардагы кичи райондордун ички жолдорун оңдоп-түзөө иштери аткарылды.
Социалдык объекттерди куруу
Үстүбүздөгү жылы курулуш иштери 2015-2016-жылдары башталып, бирок токтоп турган 720 орундуу И.Раззаков орто мектеби, Алымбек Датка аймактык башкармалыгынын Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу орто мектеп, Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө эл аралык талапка жооп берген, заманбап күрөш залынын курулуштары аяктап, пайдаланууга берилди.
Учурда В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын 700 орундуу корпусунун жана 500 орундуу жатаканасынын, Жибек Жолу аймактык башкармалыгында мектептин, Мээркан айылындагы Ч. Түлөбердиев атындагы 225 орундуу мектептин, Алмалык айылындагы 150 орундуу мектептин курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Аны менен катар Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу «Үмүт» балдар бакчасынын, 100 орундуу «Жибек» балдар бакчасынын кошумча имаратынын, «Жаштык» лагеринин ичине олимпиадалык спорт мектеп-интернатынын имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалууда.
Мындан тышкары бүгүнкү күндө А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу, ФИФАнын талабына ылайык гибриддик футбол талаасын курууга жана чуркоочу аянтчасына резина төшөө иштери, “Мээрим” сейил багынын аймагына ФИФАнын талабына ылайык келген гибриддик футбол талаасын куруу иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында эл аралык талапка жооп берген «Дельфин» ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу жүргүзүлүүдө.
Ал эми өткөн жылы “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы № 79 “Балажан” бала бакчасына 120 орундуу кошумча имараты, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылына 100 орундуу балдар бакчасы, Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Бөбөк” балдар бакчасына 100 орундуу кошумча имарат, Ак-Тилек кичи шаарчасына 75 орундуу балдар бакчасы, № 31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 225 орундуу кошумча корпусу жана спорт залы, № 27 “Партсъезд” орто мектебине кошумча 500 орундуу окуу корпусу курулуп, пайдаланууга берилген.
Бюджеттен тышкаркы каражаттарды, гранттарды тартуу менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын айрымдарына токтолуп кетсем. Үстүбүздөгү жылы Ош шаарынын борбордук аянты толук реконструкцияланды жана Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында жайгашкан жайкы театрды реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Учурда Ак-Буура дарыясынын эки жээгин оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү, А. Навои сейил багынын бир бөлүгүнө эс алуу жайын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы толугу менен реконструкцияланып, жаңы сквер курулган.
Социалдык турак-жай программасын ишке ашыруу
Үстүбүздөгү жылы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк программасынын алкагында 2 көп кабаттуу турак-үйдү пайдаланууга берүү каралган. Бүгүнкү күндө ипотекалык негизде 3, үлүштүк курулуш программасынын алкагында 11 көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүргүзүлүүдө.
Таза суу менен камсыздоо
Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери негизги көйгөй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилип жатат. 1-этапта эски иштебей турган 9 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу түтүктөрүнө уланып, кошумча суткасына 24 миң куб суу алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Үстүбүздөгү жылы кошумча 10дон ашуун скважинаны казуу иштери пландаштырылып, учурда 2 скважина казылды.
2-этапта сыйымдуулугу жалпы 24 000 м3 болгон 4 суу кампасы курулуп, 2023-жылдын август айында пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылы кошумча дагы сыйымдуулугу жалпы 24 000 м3 болгон 4 суу кампасын куруу пландаштырылган.
3-этапта Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган 3 млн. АКШ доллар гранттык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 млн.сом кошумча каржылоонун негизинде Ак-Буура дарыясынын жогору жагында жайгашкан Даңги участкасына суу алуучу тосмо жана 2,4 чакырым аралыкка диаметри 1000 миллиметр болгон суу түтүгүн тартуу иштери учурда жүргүзүлүп жатат, жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
Мындан сырткары Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн ашар жолу менен 8,0 млн. сом акча каражатына диаметри 1 000 мм болгон 750 метр суу түтүкчөсү Озгур суу тазалоочу станциясына тартылды. Ал суу түтүгү аркылуу суткасына 45-50 миң куб суу станция-га толтурулат. Бул 6 000 м3 8 суу кампаны алмаштырат. Европалык өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланган таза суу жана саркынды суу системасын жакшыртуу долбоорунун II фазасы ишке ашырылган (10 млн. 615 миң евро).
Шаардын тазалыгы
Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу долбоору даярдалып, Европалык өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан колдоого алынды. Жалпы 10 млн. 950 миң евро каралып, 2 млн. 558,2 миң евро өздөштүрүлдү. Өткөн жылы таштандыларды ылгоочу бир нече пункт курулуп пайдаланууга берилсе, үстүбүздөгү жылы дагы кошумча таштанды ылгоочу пункттарды куруу пландаштырылып, бул багытта иштер жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына көчөлөрдү жууп-тазалоочу, чаң соруучу атайын техникалар 13,3 млн. сомго алынып берилди.
Үстүбүздөгү жылы Ош шаарынын мэриясы “Таза-Комплекс” жоопкерчилиги чектелген коому менен Ош шаарында таштандыны ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду пландаштырып, натыйжада Ош-Ноокат автожолунун 7 чакырымында Ош шаарынын таштанды полигонун алдында аянты 0,75 га болгон таштандыларды ылгоочу завод ишке берилип, 80-100 адам иш менен камсыз болгон жана тартылган инвестициянын көлөмү 97 млн. сомду түзөт.
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
2023-жылдын башынан тартып шаардын аймагына 811 түп ийне жалбырактуу, 689 түп жазы жалбырактуу, 20 000 түп питомникте өстүрүлгөн бадал көчөттөрү отургузулуп, 28 түрдөгү 1,6 млн. гүл эгилди. Жалпысынан шаардагы 10 сквер, 2 эс алуу багы жакшыртылып, ал эми Ж.Мамытов атындагы аллея жаңыдан реконструкцияланды.
Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,4 млн. сомго 8 техника алынып берилди. Алымбек Датка этнографиялык борборунун аянтына таман таш (брусчатка) басылып, эс алуу багы жаңыдан гүлдөр жана бактар менен көрктөндүрүлүп, оргума толугу менен реконструкциядан өттү. Аталган этнографиялык борборуна негизги флагшток орнотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда салтанаттуу ачылды. Ал эми 2024-жылдын 1-мартынан баштап ушул мезгилге чейин, 350 миңден ашуун ийне, жазы жалбырактуу жана бадал көчөттөрү отургузулду. Жыл башынан баштап шаардын аймагына жана шаардын көрүнүктүү жайларына 1,4 млн. түп ар кандай гүл көчөттөрү отургузулду.
Транспорт тармагы
Үстүбүздөгү жылы “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду аркылуу Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ LE60 үлгүсүндөгү 100 бирдик автобустар сатылып алынып, пайдаланууга берилди.
Бүгүнкү күндө Европа Реконструкция жана өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу пландаштырылып, долбоордун алкагында шаардын борборун шаардын батыш жагы менен туташтырган жаңы №3 троллейбустук каттамын куруу жана заман талабындагы троллейбустарды сатып алуу каралган.Мындан тышкары Бишкек шаарынан Ош шаарына троллейбустарды алып келип, кошумча линияларды ачуу менен шаар калкын тейлөө багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Жол коопсуздугун камсыздоо максатында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча «МегаФон» акционердик коому менен келишим түзүлүп, 1-этабы ишке ашырылды.
Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо
Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо принциби аркылуу өткөн жылы 127 долбоор ишке ашырылып, бул долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен 41,3 млн. сом сарпталса, калктын кошкон салымы 45,2 млн. сомду түзүп, жалпы долбоорлордун суммасы 97,6 млн. сомду түздү.
Ал эми үстүбүздөгү жылы үлүштүк каржылоо принциби аркылуу жалпы 124 долбоор ишке ашырылып, бул долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 63,1 млн. сом бөлүнүп берилсе, калктын кошкон өздүк салымы 52,9 млн. сомду түзгөн.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”