Бишкектин «Ынтымак» сейил багында кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чара ЮНФПА жана БУУнун Аялдар уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — айымдар арасында футболду популяризациялоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана футболдун баарына жеткиликтүү экенин көрсөтүү болуп саналат.
Мелдешке эл аралык уюмдардын, Германия жана АКШ элчиликтеринин, мамлекеттик органдардын, бизнес жаатынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Тайпалык жана плей-офф баскычтарынан турган мелдеш кызыктуу кармашта жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында «Блогерлер» командасы 3-орунду, АКШ элчилигинин өкүлдөрү 2-орунду, ал эми Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү 1-орунду ээлешти.