Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын эки жолку депутаты, кыргыз тамак-аш өнөр жайынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон ири жетекчи, коомдук ишмер Аскербек Эрматов 80 жашка толду.
Ал басып өткөн байсалдуу жолундагы ийгиликтердин башатында, баа-рыдан мурда атасы тургандыгын дайыма эскерип келет. “Уулдук парыз” аталган китебинде үй-бүлөдөгү атанын орду, тарбиясы тууралуу минтип жазат: “…Атам мени эркелетчү эмес. Эрким менен болчу эмес. Тескерисинче, үйдө бекер басып жүргөнүмдү жактырбай, жумшай берчү. Азыр ойлосом, атам мени өндүрүшкө он-он үч жашымда эле салыптыр”.
Ошентип, бала күнүнөн эмгекке бышырган атасынын таалими Аскербек Эрматовичти өмүр бою камчылап, дем берип, алдыга умтултуп келет.
Аскербек Эрматов 1962-жылы Кара-Балтадагы тамак-аш техникумун аяктагандан соң (кийинчерээк, өндүрүштө иштеп жүрүп,1975-жылы Москвадагы Бүткүл союздук өнөр жай институтун сырттан окуп бүтүргөн) Тамак-аш министрлигинин №1 нан заводунда электрослесар болуп эмгек жолун баштады.1963-1966-жылдары армияда кызмат кылды. Айтмакчы, тамак-аш технукумун бүтүргөн билими армияда да кереги тийип, бөлүккө тиешелүү азык-түлүк, күйүүчү май, кийим-кече, автотетиктер кампасынын башчылыгына дайындалат. Эсеп-кысаптагы тактыкты талап кылган бул материалдык жооптуу иш, армиянын тартиби аны дагы такшалткан. Армиядан келгенден кийин баягы эле нан заводунда эмгек жолун улаган Аскербек Эрматович, андан кийин Тамак-аш өнөр жайына караштуу Фрунзе механикалык-ремонттоо заводуна которулат.
Бул жерде иштегенине жарым жыл өтпөй, жаш жигиттин жөндөмүн, ишке болгон жигердүү аракетин байкаган заводдун жетекчилери аны Ош областы боюнча мастерликке дайындашат. Анын өз ишин билгендиги, уюштургучтугу, ким менен болбосун иштеше билүү жөндөмдүүлүгү кызматынан улам өйдөлөп отурушуна шарт түздү. Мастерден участка башчылыгына, андан атайын монтаждоо участкасынын (СМУ) башчысына көтөрүлөт.
Ушул жерден Аскербек Эрматовдун жолун ачкан дагы бир окуя болуп өтөт. Ошол жылдарда Нарында нан заводунун курулушу башталып, Аскербек Эрматович башкарган СМУ эми бүтүрөбүз деп турганда Биринчи катчы Т.Усубалиев, Нарын обкомунун биринчи катчысы Матен Сыдыков, партиянын Нарын шаардык комитетинин биринчи катчысы Жуман Акималиевдер келип калышат.
Т.Усубалиев курулушту кыдырып чыгып, берген суроолоруна иш билгилик менен жооп берип жаткан жаш жигитке ыраазы болгондой болуп калат. Ал кишиден ишарат болсо керек, Матен Сыдыков тресттин башчылык кызматын сунуш кылат. Аскербек Эрматович шартын айтып, макул болбойт.
1982-жылы Нарын обкому менен Тамак-аш министрлигинин ортосунда талашка түшкөн келечектүү жаш кадр Ленин райкомунун биринчи катчысы Георгий Павлович Блохиндин тандоосу, Тамак-аш министри Барпы Рыспаевдин макулдугу менен иши жүрбөй жаткан Фрунзедеги “Лесотарный” заводуна директорлукка дайындалат. Тамак-аш министрлигинин бүтүндөй өндүрүш ишканаларын товар салуучу картон идиштер, жашиктер менен камсыз кылып турган завод жакшы иштей албай, анын кесепетинен көптөгөн ишканалардын колу-буту байланып, жалпы иш жүрбөй жаткан. Башкы себеп, заводдо материал жок эле. Аскербек Эрматович дароо эле Россияга учуп барып, тиешелүү келишимдерди түзүп келгенден көп өтпөй вагон-вагон жыгачтар, картон кагаздар келип, заводдун иши жанданат. Бирок, Тамак-аш министрлиги, партиянын райондук комитети ал жерге көп тургузбай, кээри кетип бараткан Фрунзедеги кондитердик бириккен өндүрүштүк бирикмесине директорлукка алып келишет.
Аскербек Эрматов бул жерде 1983-1989-жылдары иштеп, бирикмени республикалык деңгээлде алдыңкы ишканалардын катарына кошту. Өзү айткандай, өмүрүнүн жакшы учурун ушул ишканага берип, кара чачы агарганча иштеди. Чоң такшалуудан өттү. Андан кийин (1989-ж) Кыргыз ССРинин Агро өнөр жай мамлекеттик комитетинин Тамак-аш жана кайра иштетүү башкармалыгынын башчысы, 1992-1996-жылдары Тамак-аш жана кайра иштетүү мамлекеттик концернинин төрагасы, андан кийин “Кыргызтамекиси” акционердик корпорациясынын башкы директору кызматтарын аркалады.
Аскербек Эрматовичтин республикалык деңгээлдеги ири жетекчилик сапаттары Тамак-аш жана кайра иштетүү башкармалыгынын башчысы, Тамак-аш жана кайра иштетүү мамлекеттик концернинин төрагасы кызматтарын аркалап турганда даана көрүндү. Баарыдан мурда коңшулаш өлкөлөрдүн тамак-аш тармагын башкарган министрлер менен тыгыз байланышта иштеди. Ал учурда Казакстандын тамак-аш министри Тимур Мусаевич Днишев, Тажикстандын тамак-аш министри, отуз үч жыл ушул тармакта иштеген Икром Инаятович Курбанов эле. Бул кишилер менен ага-инидей бир туугандык мамиле түзүп, өлкөбүздүн тамак-аш тармагынын коңшу өлкөлөр менен карым-катышын арттырууга чоң күч жумшады.
Ал эми “Кыргызтамекиси” акционердик корпорациясы рынок заманы ыркырап кирип келген шарттарда өлкөбүзгө ири инвестиция тартып келген алгачкы ишканалардын бири болгон. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Кыргызстан менен Германиянын “Реемтсма-Кыргызстан” биргелешкен ишканасы түзүлгөн. Натыйжада, ага чейин тамеки фабрикасы бюджетке 10 млн. гана сом бере алса, 2003-жылы биргелешкен ишкана 345 млн. сом берген. Башкача айтканда, Бишкек шаарынын бюджетинин 8 пайызын берип турган.
Аскербек Эрматовдун Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайына сиңирген өзгөчө эмгеги, жетекчи катары бул тармакты өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жаш жетекчилердин бүтүндөй бир муунун даярдап кетти. Айталы, Г.В.Верховская, А.Искаков, И.Үмөталиев, З.Эсенаманов, К. Иманалиев, Ж.Жамшитов, Н.Карыпкулов, Абдыкерим Сакиев, Усубали Амиракулов, Замирбек Алымбеков, В. Кучин, К.Мамытканов, Ж.Сыдыков ж.б. адис-терди тарбиялап, өстүрдү. Булар да кезегинде, тамак-аш өнөр жайынын оор жүгүн аркалагандар болушту.
Аңгыча, 1992-жылдан баштап, АПЭАК программасынын ишке кириши менен өлкөбүздүн өнөр жай ишканалары менчиктештириле баштады. Ириде арак заводдору, Кара-Балта спирт заводу өңдүү эң кирешелүү тармактарды басып жыгылышты. Аскербек Эрматовичтин тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү боюнча пландары да кыйрады. Бир-эки жыл ичинде тармактагы ишканалардын баары менчикке айланды. Баарынан да медицина, зооветеринария тармактарын камсыздап турган, бюджеттин негизги булактарынын флагманы Кара-Балта спирт заводун мамлекетке калтырууга болгон аракетинен майнап чыкпады. А.Эрматов үчүн бир гана жол бар эле, парламентке шайланып, бул маселелерге мыйзам жолу менен чекит коюу болчу. Ошентип, 1995-жылы Бишкек шаарынын №7 Жибек Жолу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат шайланды. Шайланып келер замат депутаттык трибунадан спирт чыгаруучу ишканаларды мамлекеттин көзөмөлүнө алуу маселесин көшөрүп коё баштады. Натыйжада, 1997-жылы мындай мыйзам кабыл алынып, мамлекеттин бюджетине киреше түшө баштаган…Бул депутат катары эл үчүн иштеген ишинин бир үзүмү гана.
Аскербек Эрматович эмгек жолунда элибиздин не деген залкар адамдары менен иштешпеди. Алардын таалимин алып, тарбиясын көрдү. Бул адамдарды көпчүлүгү эмгек эргүүсүнө чыгып, ардактуу эс алууда жүргөн чактары эле. Көп учурда эске алынбай деле калышкан учурлары бар. Анын үстүнө баарында эле бир кезде үзөңгүлөш иштешкен тели-теңтуштары менен кумардан чыга баарлашканга мүмкүнчүлүк, шарт боло бербейт. Ушуну эске алган Аскербек Эрматович, 2018-жылы өлкөбүздүн түндүк-түштүгүндөгү 32 аксакалды баш коштуруп, чай берген жайы бар. Алардын арасында коомдук, мамлекеттик ишмерлер Муктар Нургазиев, Абдибаит Тажибаев, Апас Жумагулов, М.Мамакеев, Б.Жакиев, К.Жусупов ж.б.лар бар эле. Эл ынтымагын тилеген кутман карылар дасторкон үстүндө кең-кесири маектешип, көрүшпөгөндөрү көрүшүп, Аскербек Эрматовичке ак батасын берип тарашкан.
Аскербек Эрматовичтин өнөр адамдарын, маданиятты сыйлап калышынын тамыры дагы да болсо атасына барып такалат. Атасы айылга биринчи болуп патефон алып келип, кошуналары менен чогуу угуп, алардын алкышына татыган, өнөр адамдарын урматтаган киши болуптур. Айрыкча Мыскалдын үнүнө тан берип: “мындай үн чанда болот, чоң талант” дечү экен. Бала күнүнөн өнөр адамдарына, маданиятка болгон сый мамилени көрүп өскөн Аскербек Эрматович өзү да өнөр адамдарын урматтап, колдоп келет. Алып айтсак, атасы жакшы көргөн Эстебес Турсуналиевди, ал киши көзү өткөнчө төрүнөн чай берип, сыйлап жүрдү.
Анын адабият, маданиятка болгон бийик мамилесинин бир көрүнүшү катары Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине опол тоодой салым кошконун айтсак болот. Алыкулдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Өкмөттүн токтому жарыяланып, уюштуруу комитети түзүлүп, курамына Б.Жакиев, К.Жусупов, Э.Эрматов, К.Көкөев, С.Аблесов кирет. Ошентип, Алыкул Осмонов фондунун, уюштуруу комитетинин аракети менен жазуучу Мундузбек Тентимишев топтогон Алыкулдун чыгармаларынын 2 томдугу 5 миң даанада, “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасы 5 миң даанада, ошол эле Мундузбек Тентимишевдин “Алыкул” эңциклопедиясы 1000 даанада жарык көрөт. Улуттук китепканага Алыкул Осмоновдун ысымы берилип, китепкананын ичине Алыкул музейи ачылат. Алыкулдун туулган жери Каптал-Арыктагы үй музейинин ички жасалгалары жаңыланып, ал жерге Алыкулдун эстелиги коюлуп, 300 орундуу амфитеатр курулуп, айланасы жасалгаланат. Аскербек Эрматович бул иштерде С.Аблесовдун, З.Эсенамановдун салымдары чоң болгонун белгилеп келет. Ошондой эле Алыкулдун Чолпон-Атадагы үй музейине эстелиги орнотулат. Мындан тышкары А.Эрматовдун жеке демилгеси менен Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте Эл аралык университетте Алыкулдун 100 жылдыгына арналган кече өткөрүлөт.
Аскербек Эрматов Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылынын кулуну жана ушул айылдын сыймыгы. Бир жагынан айыл аймагынын ички инвестору деп койсок болот. Айрымдарын атай кетсек, Орто-Арык айылынын 100 жылдыгына арналган китептин чыгышын өзү каржылады. Китепти ушул Орто-Арык айылынан чыккан белгилүү жазуучу, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аман Нааматов жазган. Аскербек Эрматовичтин туулуп өскөн айылына кошкон сыймыктуу салымы, Президенттин “Жашыл мурас” жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн жерге парк уюштуруп, ал жерге түрдүү бак-дарактарды отургузууга көмөктөшүп жатканы. Келечекте бул жер жашыл аймакка айланып, айыл элин уюштуруп, бул паркты көрктөндүрүп берген Аскербек Эрматовичтин эмгеги айтыла жүрөрү турган иш.
Аскербек Эрматовичтин эң башкы касиети, кандай гана бийик кызматтарды аркалабасын, бала кезинен чогуу чоңойгон Жоробек, Төрөкул, Аман, Шекербек ж.б. жоро-жолдошторун катарына ала жүргөндүгү. Булар жөнөкөй эле карапайым кишилер болгону менен Аскербек Эрматовичтин ар дайым төрүндө отурган, урматтуу адамдары.
Сөзүбүздүн акырында, көрүнүктүү коомдук ишмер, чыгаан өндүрүшчү Аскербек Эрматович – элинин алдында уулдук парызын өтөй алды деп ишеничтүү айта алабыз жана 80 жылдык маареке тоюңуз кут болсун демекчибиз.
Темирбек Алымбеков, “Кыргыз Туусу”