Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелди: “Качкын” тасмасында миңдеген адамдардын тагдыры, көз жашы тууралуу айтылат»

– Дастан мырза, улам кийинки тарткан тасмаларыңыз кызыктуу болуп, көрөрмандарды өзүнө тартып келатат. Сиздин “Качкын” толукметраждуу көркөм тасмасы учурда Азия чөлкөмүндөгү эң абройлуу «BUSAN International Film Festival» кинофестивалынын  Jiseok программасына өткөн экен. Ушул тасманын идеясы эмнеден жаралды, анда эмне тууралуу айтылат, кыскача айтып берсеңиз?

– “Качкын” тасмасы Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында “Креатив борбору” менен биргеликте тартылды. Анда тартылган социалдык тема Кыргызстанга гана эмес, жалпы дүйнөлүк масштабдагы улуттар аралык чоң проблема. Бул – адам сатуу, заманбап кулчулук. Баарыбыз жакшы билебиз, биздин мигранттар кулчулукка көп кабылышат. Аны угуп, көрүп жүрөбүз. Жашыра турган эч нерсе жок. Жадагалса, эмгек миграциясында жүрүп эмес, Кыргызстанда жашап-иштеп жатып кулчулукка кабылгандар да аз эмес. Ушул тема көптөн бери жүрөгүмдү өйүп келаткан. Анан ошону негиз кылып, “Качкын” тасмасын тартууну туура көрдүм.

– Ырас айтасыз, бул көйгөй чындыгында глобалдуу проблема эмеспи.

– БУУнун жана Эл аралык эмгек уюмунун отчеттору боюнча дүйнө жүзү боюнча 50 миллионго жакын кулчулукка кабылгандар бар. Анын негизги катмарын аялдар менен кыздар түзөт. Ушу бүгүн 50 млн. киши кулчулукту башынан кечирип жатканы эмне деген шумдук? Антип статистикада айтылган менен, дүйнөлүк коомчулук заманбап кулчулуктун канчалык социалдык жана гуманитардык көйгөй экенин аңдабай жатабы деген ойго да кетесиң кээде. Элес-тетип көргүлө, курал-жарак, наркотик сатуудан кийин эле адам сатуу турат. Анан бул көйгөйдү көтөрүп чыкпасак, биздин жарандардын, мекендештерибиздин көйгөйүн биз айтпасак башка ким айтат? Кино аркылуу ушул проблеманы көтөрөйүн деп чечтим.

– Идея кимдики? Өзүңүздүкүбү?

– Ооба. Бул теманы тартып калуума өз турмушумдагы бир окуя да себеп болгон. Бир тууган иним таякелери менен Казакстанга курулуш иштерине барып иштеп калды. Иш берүүчү жумушчуларды мыйзамдуу каттоодон өткөрбөй, участоктук милицияларга көрүнбөй иштегиле дечү экен. Курулуш болгон соң, жашынып алып иштемек беле, үйдүн чатырын жасайт, келген курулуш материалдарын дарбазанын сыртынан түшүрүп, ичке киргизет дегендей. Курулуш аяктап бараткан маалда, участоктук милиция келип калат. Ал мурда эле эмгек мигранттары келип иштеп жүргөнүн уккан, билген да. Кантип билбесин. Ээсине айып пул жазган го. Ушуга иш берүүчүнүн жини келип, “Силердин айыңардан мен айып пул төлөп калдым, бекер иштейсиңер” деп эки жума ашыкча иштеткен экен. Айып пул төлөгөнүн бетке кармаптыр. Иним ошондо: “Эмгек мигранты дегениң деле жарым-жартылай кулчулук окшойт. Кулчулукка кабылган кандай экенин ошондо билдим” деп ызаланып айтып берген. Албетте, инимдин айткандарында эмоция көп деңизчи. Бирок, чыныгы кулчулукта болгондордун өз мекенине кайтып келгендеги видеолорун, айтып бергендерин көрүп, угуп жүрбөйбүзбү. Кандай болгондо да бул теманы алып чыгуу учур талабы. Анда кулчулукта жүргөн 50 млн. кишинин көз жашы, тагдыры жатат десем болот.

– Кайсыл жерде тартылды?

– Бул жолкуда географиясы көбүрөөк болду. Окуяны чагылдырып берүүдө 3-4 объект өтө маанилүү болчу. Эки мамлекетти бөлүп турган дарыя, киши сүзүп өтө тургандай чоң дарыя керек эле. Анүчүн Орто-Токой суу сактагычынан чыккан Чүй дарыясын тандап алдык. Башка дарыялар же шар агат экен, же жай агат. Балыкчынын тегерегинен тарттык. Башкы каармандардын жашаган шаары чакан шаар болушу керек эле. Нарын шаарын тандадык. Бийик тоолор курчаган шаар эмеспи. Кинонун атмосферасына да туура келди, тоолор да, объекттер да каармандарга кысым көрсөтүп тургандай сезилиши керек эле. Качып келаткан кыздын туулуп өскөн айылын көрсөтүүдө тоо арасындагы айылды көрсөтүү керек эле. Токтогул суу сактагычынын ары жагындагы кайык менен суу аркылуу барган айылды тандадык. Ал жакка кайыктан башка транспорт бара албайт эмеспи. Кээ бир тартуу иштери Бишкекте да болду. Төрт облуста тартылды десем болот.

– Тасманын баш каармандары кимдер?

– Башкы каармандар кылмыш дүй-нөсүнө катышы бар кишилер. Эмне үчүн кылмыш дүйнөсүнө катышы бар адамдар тандалып алынганын көрөрмандар тасманы көргөндө түшүнөт деп ойлойм. Тасманы окуялуу жана ары философиялуу, контрастуу кылуу үчүн ушул образдарга кайрылдык. Кыз кулчулуктан качып келатып жергиликтүү бандиттердин колуна түшүп калат. Ошондо башкы каармандар кызды контрабанда аркылуу тапкан акчасына сатып алышат. Алар кылмыш дүйнөсүнө аралашкан адамдар болгону менен кызды куткаруу үчүн өздөрүндөй кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөргө каршы чыгышат…

– Жүрөк түпкүрүндө адамгерчилик калган экен да?..

– Аны көрөрмандар кандай кабыл алат, кеп ошондо. Биз кылмыш дүйнөсүндөгү адамдарды актабайбыз да каралабайбыз. Алар мыйзам жолунан чыкса да адамгерчилик кадамга бара алат деген ой, бул менин тасмамдагы окуя, ал эми турмушта кандай аны айта албайм. Мага каармандагы дилеммалык карама каршылык керек болду. Эң башкысы, тузу ошондо. Кызды үйүнө жеткирем деген аракет менен өз тарапташтарына каршы  чыгат.

– Тасманы ким каржылады?

– Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы негизги каржыны көтөрдү. Студиянын көркөм кеңешинде эки жолу талкууланып, өзгөртүү-түзөтүүлөр менен көркөм кеңештен өттү. Студия берген каражат тартуу иштерине жетти. Өнөктөштөрүбүз дагы бар. Продюсер Сүйүм Сулайманованын “Креатив борбор”  продюсердик студиясы да каржылык жактан жардам берип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде биргеликте жасалды. Бул принцип бизде көптөн бери эле ишке ашып келет. Кинонун тили менен айтканда, ко-продукция болду. Мындан тышкары, “Синема тех рентал” деген жеке студия колдоп үн жаздыруу иштерин чет өлкөдөгү үн студиясынан жаздырдык. Алар ошол жактын каржысын көтөрүп  берди.

– Бюджети канча болду?

– Жалпысынан 200 миң доллардай болуп кетти го дейм.

– Тасманы кинофестивалдарга алып чыгып жатасыздарбы?

– Буюрса. Тасма Азия чөлкөмүндөгү эң абройлуу «BUSAN International Film Festival» кинофестивалынын  Jiseok программасына өттү.  Ошентип дүйнөлүк бет ачары Түштүк Кореянын Пусан шаарында болот. Бул көрүнүктүү кинофестиваль. Анда кинокесипкөйлөрдүн жолугушуулары уюштурулат. Фестивалдын алкагында иш- чаралар өтөт.

– Өзүңүздөр барып катышасыңар да?

– Катышабыз го деген илгери үмүттө турабыз.

– Неге оозуңуз бош айтып жатасыз?

– Ар бир кинофестивалдын өз шарттары, уюштуруу маселелери болот. Бул жолкуда алар бир кишинин, продюсер Сүйүн Сулайманованын каржысын көтөрүп бермей болушту. Ал барып кинонун бет ачарын жасайт, кинорынокко катышканга сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кинофестивалдын уюштуруучулары режиссер менен актерлорду келсин деп талап кылып жатышат. Биз авиабилет сатып алганга аракет көрүп жатабыз.

– Сиздерге кинофестивалга барып-келүүгө чыгымдарды киностудия төлөп береби?

– Жок. Киностудиянын ишмердигинде мындай чыгымдар каралган эмес. Кинофестивалдарга барып келүүгө каражатты өзүбүз чыгарабыз. Азыр мамлекеттик Кыргыз тасмасы билет жагын чечип бергени жатат.

Азыр барганга акча издеп жатабыз. Авиабилети эле 80 миң сом болуп жатат. Андан тышкары виза, ал жакта баскан-турганың бар дегендей… айтор чыгымдар көп.

– Кинофестивалдар болгондо авиабилеттерди өзүңүздөр сатып аласыздарбы?

– Ооба. Негизи кыргыз киночулары авиабилет төлөп берген кинофестивалдарга эле барабыз. Төлөп бербеген фестивалдарга баралбай калабыз. Өзүбүз барып катыша албай, кинону салып жиберебиз.

– Анда тасманын тагдыры кандай болот?

– Катышпай калсаң, өзүң болбосоң, бет ачарга, пресс- конференцияга катышпасаң, утуу шансың азаят да. Мүмкүнчүлүк азаят. А бирок, дайыма эле ушундай. Каржыласа барабыз, болбосо жок. Чөнтөгүбүз жука. Бай мамлекеттен келгендер жол киресин төлөбөсө деле өздөрү келип катышат, кымбат баалуу мейманканаларда жашашат. Алардын кинорежиссерлорунун, актерлорунун гонорарлары жогору. Мен кийинки жолу “Акыркы көчтө” эле төрт кинофестивалга барам деп, 200 миң сомдой карыз болдум. Кинофестиваль өткөргөн тарап билетин төлөсө деле, баскан-турган, тамак-ашка көп кетет. Ар бир жолкуда 50 миң сомдой чыгым кетет.

– Чет тилди билесиң да?

– Орточо билем. Болбосо, сыртка чыкканда тил билбесең дудук болуп каласың. Дагы да үйрөнүп, өркүндөтүп жатам, кенен сүйлөгөнгө.

– Мамлекет спортчулардын чемпионаттарга барып-келген жол киресин, суткалык акчасын, тамак-ашын камсыздап жатпайбы. Стипендия алышат дегендей. Киночуларга деле ошондой мамиле кылса болмок экен.

– Ооба, мамлекет спортко көп көңүл бөлүп жатат. Келечекте киночуларга да спортчуларга көңүл бөлгөндөй мамиле кылат деген үмүтүбүз бар. Биз жараткан тасмалар эл аралык кинофестивалдарда чоң сыйлыктарды алса, бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык эмеспи. Кудайга шүгүр, көп жылдардан бери кыргыз киночулары жараткан көркөм тасмалар эл аралык кинофестивалдарда ийгиликтерди жаратып келатат.

– Кошуна мамлекеттерде киного мамиле кандай?

– Жакында Ташкентте кинофорум болду. Ага катышып келишкен коллегалар айтат, өзбек бийлиги “Эми кинофестивалдарда утуп келген киночуларын спортсмендердей тосуп алабыз” деп убада кылышыптыр. Негизи алар алдыда жүрөт. Кинотармагына чоң инвестиция салып жатат. Мен билгенден толукметраждуу көркөм тасма жараткан режиссер ондогон миң доллар гонорар алат. Ушундай камкордуктан улам, кийинки жылдарда өзбек киночулары эл аралык кинофестивалдарда ийгиликтерди жаратып башташты. Биз дагы кошуналардан артта калбасак дейбиз.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

 

 


 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар