Жакында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюп, ал коомдо кызуу талкууну жаратты. Ошол себептен Президент Садыр Жапаров аны кайра иштеп чыгуу үчүн артка чакыртып алды. Ушул мыйзам долбоору жана башка диний маселелер тууралуу диний эксперт, тарых илимдеринин кандидаты, аталган комиссия жетекчисинин мурунку орун басары Канатбек МУРЗАХАЛИЛОВду кепке тарттык.
– Канатбек мырза, Кыргызстанда мектептерде кийүүчү атайын бирдиктүү форма бар. Бирок, айрым диндар үй-бүлө мүчөлөрү мектепке хиджаб менен баргандыктан коомдо буга тыюу салыш керек, салынбаш керек деген талаш токтобой келет. Бул маселени кантип туура жагына чечсек болот?
– Чындыгында Билим берүү, илим министрлиги тарабынан бирдиктүү форма кийүү боюнча атайын эреже бар. Ага ылайык окуучу кыздар ак көйнөк, кара юбка кийиши керек жана ал эрежеде жоолук маселеси жок. Андыктан хиджабга тыюу салуу маселеси болбош керек. Хиджаб кийүү, кийбөө, жоолук салынуу, салынбоо бул ар бир адамдын жеке укугу. Бул эч кандай кыргыз мыйзамдарына да каршы келбейт. Айрым мектептерде гана мугалимдер, мектеп директорлору хиджабга түшүнбөөчүлүк менен мамиле жасагандыктан аны кээ бир диндар адамдар, дин жаатындагы бейөкмөт уюмдар чоң маселеге айлантып жиберип жатышат. Албетте мамлекеттик эреже аткарылышы керек. Бирок, кыргыз коомчулугунда хиджабга, жоолукка байланышкан эч кандай тыюу да, чектөө да жок.
– Жакында эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгып, бул боюнча да түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Бул мыйзам долбоору негизги керек беле? Анын кайсыл пункттары туура, кайсыл жерлери чийкирээк болуп калды?
– Эгемен Кыргызстандын тарыхында “Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамына ушуну менен үчүнчү жолу өзгөртүү, толуктоо киргизилип жатат. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 1991-жылы 16-декабрда дин тутуу эркиндиги боюнча алгачкы мыйзам кабыл алынган. Ал башка постсоветтик өлкөлөрдөгү дин тууралуу мыйзамдардан либералдуулугу менен айырмаланган. Ошол себептен 2000-жылга чейин чет жактардан келген түрдүү диний бирикмелер, диний миссионерлер расмий да, жашыруун да иштеп келишти. Натыйжада биздин өлкө кандайдыр бир “диний полигонго” айланып калды. Кийин 2008-жылы мезгил талабына жараша дин эркиндиги боюнча экинчи жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, диний уюмдарды түзүү, ар түрдүү диний китептерди таркатуу, диний конфессияларды чет жактан башкаруу жана диний миссионерлер тууралуу бир топ өзгөртүүлөр болгон. Азыркы кабыл алына турган мыйзам долбоору дагы он жылдан бери коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, комитеттерде каралып келген. 2018-жылы бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, кайра артка кайтарылган.
Бүгүнкү 37 беренеден турган мыйзам долбооруна коомдук жайларда адамды таанууга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үйлөрдө таркатууга, диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө, диний ишмерлердин саясий максатты көздөп саясатка аралашуусуна кандайдыр бир чектөө койгон эрежелер киргизилген. Ошондой эле документтин 16-беренесинде “үгүтчү” деген түшүнүк бар. Бул эрежелер боюнча диний сабаты бары да, жогу да, соцтармактарга жеке пикирлерин жазгандыктан коомчулукта кызуу талкуу жүрүп кетти. Мисалы, 1-сентябрь күнү социалдык тармактарга “Бүгүн 196 кыздын жоолугун чечтирдик” деген пост кызуу талаш-тартыш жаратып салды. Бул биздин динди фундаменталдуу түшүнүктөрүн окубай эле, аны угуу аркылуу кабылдап калгандыгыбыздан улам болуп отурат.
– Мыйзам долбоору Кыргызстандагы дин эркиндигин чектеп жатат деген пикирлер да айтылды. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Дин эркиндиги адамдын фундаменталдык укугуна кирип, адамдын коомдо өз алдынча жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берет. Светтик принципти карманган өлкөлөрдө дин эркиндиги мыйзам менен бекитилип, аны коргоого мамлекет кепилдик берет. Кайсы бир динди тутууга же тутпоого мамлекет, мамлекеттик башка институттар кийлигишпейт. Ошондой эле дин эркиндигинде бирөө бирөөгө өз ишенимин таңуулай албайт жана тандаган дини үчүн бирөө бирөөнү кодулабаш керек. Дин эркиндигинин негизги принциптери да ушулар. Бирок, мамлекет өз жарандарына кандайдыр бир коопсуздук жаралган учурда дин эркиндигин чектей алат. Муну мисал кылганым, азыр “Никаб, паранжыга тыюу салуу менен биздин укугубуз чектелип жатат” деп жатышат. Бул жерде коопсуздук маселеси жаралып жаткандыктан мамлекеттин азыркы кадамы туура. Анын үстүнө эл аралык нормаларда адам коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дин эркиндигин чектөө боюнча беренелер бар. Анан баса белгилей кетүүчү жагдай, бизде мурунку постсоветтик өлкөлөргө, Борбор Азиянын башка мамлекеттерине караганда дин тутуу эркиндиги алда канча жакшы. Буга макул эмесмин дегендер биздеги дин эркиндиги менен коңшу өлкөлөрдөгү дин эркиндигин салыштырып коюшса болот.
Экинчиден, бизде дин маселелерин тескеген атайын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бар. Анын эң негизги функциялары диний жамааттардын, диний уюмдардын ишмердүүлүгүн мыйзамга каршы келбегидей кылып тескөө жана көзөмөлдөө. Мисалы, комиссия диний уюмдардын кайсы бир чакырыктарында, диний ырасымдарында мамлекеттин мыйзамдарына, башкаруу формасына каршы келген үгүт-насааттардын бары, жогун текшерет. Же болбосо ошол диний уюмдар ачкан, каржылаган окуу жайларда мамлекетке каршы келген иш-аракеттердин жоктугун да көзөмөлдөйт. Бирок, Кыргызстанда диний окууларга, көз караштарга чек коюлган эмес. Кошуна Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстанда да биздегидей дин жаатын тескеген мамлекеттик мекемелер бар. Алардын ыйгарым укуктары биздеги дин комиссиясыныкына караганда алда канча көп. Ал комиссиялар жарандардын кийиминен баштап жүрүм-турумуна чейин көзөмөл кылышат. Бул жагынан алганда Кыргызстан дин эркиндиги боюнча алда канча алдыда турат.
Өлкөбүздө 4 миңден ашык диний уюмдардын дээрлик баарысынын иши эркин. Алсак, бизде ислам багытында эле 100дөн ашык медреселер бар. Протестанттык уюмдардын 16 багыты өзүнүн ишин расмий түрдө жүргүзүп келе жатат. Андан тышкары христиан багытындагы уюмдар арбын. Сырттан келген диний миссионерлерге тоскоолдук жок. Ошондуктан мен Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги туура багытта жүрүп келе жатат деп ишенимдүү айта алам.
– Бизде илгертен ата-бабаларыбыз тутунган ханафий мазхабындагы ислам динин жайылтууга аракеттер көп. Бул багыттагы мечиттер, медреселер, аалымдарыбыз да жетиштүү. Бирок, ага удаа эле “Йакын инкар” деген активдүү диний агым чыгып жатат. Буга эмне себеп?
– Кыргызстанда 21 диний уюм экстремисттик, террористик уюм катары бааланып, сот тарабынан алардын ишмердүүлүгүнө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Алардын экөөсүнүн тамыры Кыргызстанда. Анын бири “Жайшул Махди”, экинчиси “Йакын Инкар” уюму. 2010-жылы Спорт сарайында, Бишкектеги ички иштер бөлүмүндө, Токмокто жардырууларды кылып, Кой-Таштагы атышууларды уюштурган, түрмөдөн качып чыгышып аскерлер менен атышкан 16 адам так ушул “Жайшул Махдинин” мүчөлөрү болгон.
Ал эми “Йакын Инкар” тобунун ишмердүүлүгүнө болсо 2017-жылы Октябрь райондук соту тыюу салып, анын ишмердүүлүгүн экстремистик деп тапкан. Бул топ 2015-жылы “Таблиги Жамаат” уюмунан бөлүнүп чыккан уюм катары эсептелет. Бул уюмдагылар балдарды эмдөөгө, телевизор көрүүгө, акча пайдаланууга каршы чыгышып, Мухаммед пайгамбар жашаган доорго келишибиз керек деген пикирди карманышат. Дин тууралуу окуп, билим, илим албаган адамдардын чакырыктарынын негизинде эле айрымдар бул багытты туура деп эсептеп алып жатышат. Андай болбош үчүн биз диндин негизги принциптерин билимдүү аалымдардан, фундаменталдуу китептерден алышыбыз керек. Ошол 4 миңден ашык диний уюмдарда кандай үгүт жүрүп жатканын көзөмөлгө алып, өлкө коопсуздугуна коркунуч жаралганда аны чектеп туруу мамлекеттин милдети. Мамлекет менен диндин ортосунда кылдан да ичке чек бар. Ошону биз кармап турууга милдеткербиз. Дин бул чынжырлуу реакциядай. Аны биз кандай алып барганыбызга жараша ал өзгөрүп кете берет.
– Сиз айткандай азыр көп нерсеге түшүнүп-түшүнбөй эле дааватка тыюу салынат экен дегендер да жок эмес…
– Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдөгү мусулман уюмдарын тескеп, ишин координациялап жатканына карабастан бүгүнкү күндө жамаатташуу процесстери күч алып кетти. Башкача айтканда азыр диний ишенимдерине саясий маселелерди да кошуп кеткен универсалдуу (салафиттик уюмдарды айтып койсок болот) жана бир эле дин маселелерин камтыган универсалдуу эмес (“Таблиги жамаат”) жамааттар пайда болду. Бүгүн мындай жамааттар ата-бабабыз тутунган ханафий мазхабындагы ислам динин тутуп, муфтияттын алдына биригүүсүнө убакыт келип жетти. Ошондой эле башка христиан, протестанттык багытттагы диний уюмдарга да көңүл буруу учур талабы болуп турат. Христиан дининен сырткары буддизм, иудаизм сыяктуу дүйнөлүк диний уюмдардын өкүлдөрү да Кыргызстанда расмий ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жатышат. Аларды да карашыбыз керек.
Анан бизде тыюу салынган 21 уюмдун катарында Мун сектасы да бар. Ушундайларга маани берип, Кыргызстанга дагы кандай деструктивдүү агымдар келип жатканына анализ кылып турбасак болбойт. Ага жете электе эле “Исламга, дааватка каршы экен, жоолукка тыюу салынат экен” дей бергенден алыс болушубуз кажет. Даават демекчи, ошол эле хрис-тиан багытындагы уюм өкүлдөрү жакшы кийинип алышып, үйлөрдү тыкылдатып китепчелерин таркатып жүрүшөт. Кыс-касы, мамлекет демилгелеген мыйзам долбоорун, эрежени динге каршы мыйзам эмес, дин ичиндеги маселелерди тартиптештирүү деп кабыл алганыбыз туура болот.
Учурда Президент өзү диний уюм өкүлдөрүн, мамлекеттик жетекчилерди чакырып, алардын пикирлерин угуп, Дин комиссиясынын алдында өзүнчө жумушчу топ түзүлүп, талкуудагы маселелер бышырылган соң Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү керек деген чечим кабыл алынды. Менимче, ушундай формалдуу, формалдуу эмес талкуулардан кийин бул маселе ийне-жибине чейин изилденип чыгып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна, диндар адамдардын эркиндигине, диндердин өнүгүүсүнө, алардын паритеттик негизде мамлекет менен кызматташуусуна жол ачып берет деп ойлойм.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”