26-сентябрда Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Ага БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Хеба Хагросс, парламент депутаттары Венера Раимбачаева, Дастан Бекешов, министрликтер менен ведомстволордун, сот системасынын жана реабилитациялык борборлордун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов отурумду ачып жатып: “Бүгүн биз кезектеги отурумубузду жаңы имаратта өткөрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Майыптыгы бар жарандарга карата имаратыбыздын жеткиликтүүлүгүн сиздер бүгүн өзүңүздөр көрүп, баалап жатасыздар. Албетте, бул жетишкендик башка да мамлекеттик органдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун башаты болот деп үмүттөнөбүз”, – деди.
Ошондой эле ал өтүп жаткан кеңеш буга чейинки кеңештерден айырмаланып алыскы өлкөлөрдөн атайын өкүлдөрдүн жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин басымдуу бөлүгүнүн катышуусунда өтүп жаткандыгын баса белгиледи.
Төраганын орун басары өз сөзүндө кеңештин мүчөлөрү менен маектешүүгө кеңири мүмкүнчүлүк жаралып жаткандыгына токтолуп, майыптыгы бар жарандардын маселелерин чечүү жолдорун табууга биргеликте аракет кылып, маселелерди чечүүдө кызматташып келе жатканын белгилеп, майыптыгы бар жаш балдарды мамлекетибизде жана чет өлкөлөргө чейин асырап алуу боюнча сунушун айтты.
Отурумда майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу зарылдыгы бар экендиги жана алар майыптыгынан улам тиешелүү органдарга кайрыла албагандыктан өз укуктарын коргоодо кыйынчылыктарга туш болуп, көпчүлүк учурларда көз жаздымда калып кеткен учурлар кездешип жаткандыгы айтылды.
Аны менен катар майыптыгы бар аялдар менен кыздарды басмырлоо ыктымалдыгы жогору экендиги жана майыптыгы бар жарандарга карата басмырлоочу түшүнүктөр колдонулуп келе жаткандыгы белгиленди.
Ошондой эле майыптыгы бар аялдар менен кыздар туш болгон зомбулуктун эң көп кездешкен түрлөрүнүн бири үй-бүлөлүк зомбулук болгондуктан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамда аларды коргоонун укуктары, өзгөчөлүктөрү аныкталбагандыгы, эл аралык стандарттарга кирбегендиги, алар үчүн коммуникациялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар каралбагандыгы да айтылды.
Жыйында басмырлоо жана стереотиптер сот адилеттигине жетүүгө таасир этпеши үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана юридикалык кесиптин өкүлдөрүн милдеттүү түрдө кесиптик даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну киргизүү сунушу берилип, социалдык, медицина кызматкерлерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин майыптыгы бар адамдар менен иштөө боюнча өзгөчөлүктөргө окутуу зарылдыгы бар экендиги баса белгиленди.