Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Салыгыңды толук төлөгөнүң, мекениңди чындап сүйгөнүң

Улуу Британиянын атактуу премьер-министри Маргарет Тетчер “мамлекеттин акчасы” деген сөздү укса жини келе:  “Мамлекеттин бийлигинен башка эч нерсеси жок, ал салык төлөөчүлөрдүн акчасы” деп оңдочу экен. Салыктар – мамлекеттин каны-жаны, өз функциясын аткаруудагы негизги ресурсу. Демек, ким өлкөсүн, элин сүйсө, анын кубаттуу, берекелүү болуп өнүгүүсүн кааласа, анда анын алдындагы эң ыйык милдети болгон милдеттүү алык-салыктарды убагында толук төлөп турууга көнүшү керек.

Мамлекеттин өз функцияларын жетиштүү аткаруусу же коргонууну, коомдук тартипти сактап, социалдык милдеттенмелерин аткаруусу, жаңы ишканаларды куруп, инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүсү ж.б. үчүн казынада акча болуусу зарыл. Бюджеттин 80-90%ы салыктардан түзүлөт. Калгандары гранттардан, кредиттерден, жардамдардан түшөт. Кредиттер да салыктардын эсебинен кайтарылат. Өнүккөн өлкөлөрдө “өлүмдөн кача аласын, а салыктан кача албайсың” деп айтылат. Аларда салык төлөбөө – эң оор кылмыштардын бири.

Совет мезгилинде айрымдар жеке кирешелеринен жашырган учурлар (майда алып сатарлар, көмөкчү чарбалары барлар, эмчилик-домчулук кылгандар ж.б.) болгон, бирок, чарбалык субъектилердин, юридикалык жактардын милдеттүү салыктарын, чегеримдерин төлөбөгөн учурлар болгон эмес. Өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийин саясий эрктин жоктугунан, белгилүү деңгээлде чарбалык башаламандыктардын жана алык-салыктарды көзөмөлдөөчүлөрдүн өздөрү коррупцияга аралашып кеткендиктеринен улам салыктык система дээрлик кыйрап, тилекке каршы,  алиге чейин толук укуктук мыйзамдуу жолго түшпөй келатат.

Интернеттеги  материалдарда 2000-жылдарда көмүскө экономика өлкөнүн ички дүң жыйымынан эки жарым эсеге жакын  көп болгону маалымдалат. Же ИДП 65,3  млрд. сомду түзсө, көмүскө экономика 161,3 млрд. сом болгон. 2010-жылы ички дүң жыйым (ИДП) 220,3 млрд. сомду, ал эми көмүскө экономиканын көлөмү 408,1 млрд. сомду түзгөн. Ал 2020-жылдан кийин гана кескин азая баштады. 2020-жылы ИДП  601,8 млрд. сом, көмүскө экономиканын көлөмү 666,8 млрд. сом, ал эми өткөн 2023-жылы ИДП  1 трлн. 228,9 млрд., көмүскө экономика 561, 9  млрд. сом  болду. Же азыр Кыргызстандын жалпы экономикасынын 46%ы дагы деле көмүскөдө, андан милдеттүү алык-салыктар төлөнбөйт, кирешелер айрымдарды гана байытууда.

Менин оюмча, бул да кыйла азайтылган сумма. Кыргызстанда жашап, экономикалык, каржылык маселелерге баам салып жүргөн кандай адам болбосун көмүскө экономикадагынын айрым тармактагылары гана аздыр-көптүр ачыкка чыгарылбаса, дагы деле көпчүлүгү көмүскөдөн  чыга электиги бүгүнкү күндүн чындыгы.

Туризм тармагы коррупция менен түптөлүп, көмүскөдө гүлдөп өнүгүп келген, дагы деле ошол жолдо келе жатат. Алсак, ал тармакты бир нече жыл жетектеген Нурмамбет Токтоматовдун “Жүрөктөн өткөн  өмүр” деген эскерүү китебинде 2003-жылы туризм тармагында иш жүргүзгөндөрдүн 99,9%ы салыктарын жашырганы, Бишкекте 10,4 миң туристтик субъект болсо (ал республикадагылардын 40%ын түзгөн), алардын ичинен бир гана  туркомпания тийиштүү салыктарынын баарын төлөгөнү айтылат. Көрсө, анын ээси чет элдик экен. “…ошол кездеги белгилүү “Алтын кум” пансионатынын бир жолку кабыл алуу мүмкүнчүлүгү 800 адамды түзсө, бир туристтик сезондо (2003-ж.) болгону 1555 адамды кабыл алганын маалымдаган, бирок ошол жылдагы сезондо пансионатта бош орун болгон эмес” (604-б.) деп белгилейт ал өз китебинде.

Ошол убакта Кыргызстанга бир жылда 1,5 млн. жакын турист келген. Ал эми өткөн 2023-жылда  8,5 млн. турист келгени маалымдалды. Жыйырма жылдын ичинде республикабыздын элинин кирешеси да, эс алуучулар да көбөйдү. Бирок, туризм тармагынан түшүрүлгөн милдеттүү алык-салыктардын көлөмү туристтердин сандарына, жергиликтүү эс алуучулардын потенциалдуу каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пропорционалдуу көбөйдүбү? Албетте, жок. Демек, туризм тармагынан түшчү алык-салыктар дагы деле жаап-жашырылып, азайтылып келүүдө.

Бул автобайланыш, кафе-ресторандык, соода-сатыктык, мейманкана – эс алуучулук, же бир сөз менен айтканда, адамдын күндөлүк жашоо-тиричиликтерин камсыз кылуу  менен алектенген тармактардын бардыгына тийиштүү болуп саналат. Анткени, сырттан келгендердин бардыгы алардын кызматтарынан пайдаланышат. Азыр Бишкектин борбордук жагында 1-2 саат жүрсөңүз чет элдик туристтердин эң кеминде 3-4 тобун жолуктурасыз.

Мамлекетке тийиштүү эмес чарбалык субъектилердин басымдуу көпчүлүгүндө кош бухгалтерия жүргүзүлөт. Кийим-кече тигүү тармагынын дээрлик баары көмүскөдө. Жадегенде алардын кожоюндары өздөрүндө иштегендердин милдеттүү социалдык төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн да соцфондуга которушпайт. Аны менен алар өздөрүндө иштегендердин кийинки келечектерине да кыянаттык кылып жатышат. Өмүр бою күнүгө 14-15 сааттан иштеп жүрүп, иш берүүчүлөрү соцфондуга эч нерсе которбогону үчүн пенсияга чыга алышпай, жашы жеткени үчүн дайындалчу социалдык төлөм менен калып калышса, андан өткөн оор трагедия барбы? Аны салык системасында иштегендер, өкмөт, жергиликтүү бийликтегилер эң сонун билишет, бирок азырынча  андай абалды оңдоого чындап киришкен эч ким жок. Кээде кампаниялык мүнөздө андай аракеттер көрүлүп, эскертүүлөр берилип, түшүндүрүүлөр жүргүзүлүп, айрым тигүү цехтеринин ээлерине айып пулдар салынып, ошону менен кайра тынчып калат. Ал тармакты биротоло тартипке салуу боюнча системалуу,  ырааттуу иштер жүргүзүлбөй жатат.

Азыр дүкөндөрдө, күркөлөрдө майда соода-сатык кылгандар көп. Алардын айрымдары менен сүйлөшүп калганда тийиштүү кагаздарды толтуруп, отчетко окшогон нерселерди сомдогонго салык кызматкерлери жардам беришерин, ал үчүн акча алып турушарын
айтып эле жүрүшөт. Чоңураак дүкөндөрдүн күндүк айланма акчалары жүз миңдейт, ирирээк күркөлөрдүкү он миңдеген сомдорду түзөт. Бирок, алардын көбү жашырылып, арзыбаган сумма үчүн гана салык төлөшөт. Көбүнүн бир айлык төлөмү 10 миң сомдон ашпайт.

Мен ири жаңы конуштардын биринде жашайм, ондогон чоң дүкөндөр бар, бирок, алардын биринен деле кассалык аппаратты көрө элекмин. Кассалык аппаратты киргизүү кампания катары башталды да ал толук аягына чыгарылбай кайра тынчып калды. Кошуна Өзбекстандын базарларында, соода-сатык жайларында 2000-жылдардын башталышында эле кассалык аппараттар толук орнотулган. Соодагерлери аларды койдургулары келбей митингдерди уюштурушкан, бирок, И.Каримов күч менен аны аягына чыгарткан.

Эгерде салык маселеси мамлекеттин коопсуздугунан да жогору – анын жашап кетүүсүнө байланышкан маселе болсо, анда эмне үчүн өкмөт айрым коррупцияланган демагогдордун опузаларынан чочулап мыйзамдуу баштаган иштеринен артка кайтышат? Айрымдар мыйзамдуу алык-салыктарыбызды да төлөбөйбүз, биз өлүм-житим чыккан жерге же аш-тойлорго кошкондой көңүлүбүздөн чыгаргандарды гана беребиз деп кыйкырышса, тийиштүү органдар аларга каршы укуктук чараларды көрө алышпай, жалтактап ар нерселерди айта башташса, бийлик, өкмөт үчүн мындан өткөн аянычтуу, трагедиялуу көрүнүш болобу?

Дордой базарында дүң соода кылгандарга кассалык аппараттарды орнотууну башташканда так ошондой көрүнүш болгон. Анда иштеген көпөстөр бир-эки жолу митинг уюштурушса, өкмөт алгачкы максатынан кайтып, тайсалдап, милдеттүү салыктардын көбүн жашырууга мүмкүндүк бере турган жарым-жартылай чараларга макул болгон. Ошондо жүздөгөн контейнерлердин ээлеринин ондогон жылдардан бери миллиондогон долларлык салыктарды жашырып келишкени жарыя кылынды эле, бирок, тилекке каршы, алардан канча сумма өндүрүлүп казынага түшүрүлгөнү белгисиз бойдон калды.

Баш мыйзамга ылайык, биз социалдык өлкөбүз. Баш мыйзамда “Кыргызстан – социалдык өлкө” деп жазылып турат. Ал эми социалдык өлкөлөрдүн баарында салыктар түрлөрүнө жараша 50%дан 74%ызга чейин болот. Скандинавия өлкөлөрүндөгү салыктык системалар жөнүндө маалыматтарды караңыздар. Алардын парламенттеринде салыкты көбөйтүү, базасын кеңейтүү жөнүндө гана маселелер талкууланат. Салыктан бошотуу, азайтуу жөнүндө маселелер таптакыр каралбайт. Антсе өкмөт социалдык милдеттенмелерин кантип аткарат?

Бизде кээде милдеттүү салыктарынын көбүн жашыргандардын деле салыктарын азайта беришет. Алсак, ансыз деле арзыбаган сумманы түзгөн жер салыктары азайтылды. Анын айыл чарбасына эч кандай оң таасири тийбеди. Кудайга шүгүр, азыр айыл жерлеринде жашагандардын акыбалдары 1993-2000-жылдардагыдай эмес. Элетте 50-60тан 2 миңге чейин жеткен койлору, 10-15тен уйлары, үйүрлөгөн жылкылары барлардын сезилерлик катмары түзүлдү. Нарын, Талас, Чүй облустарында жашагандар малдуулуктары менен айырмаланышса, түштүктүн түздүктөрүндө жашагандар жылына жүз миңдеген сомдук эрте жашылча, бакча, мөмө- жемиш өстүрүп сатышат. Маселен, нарындагылар картошка отургузганга киришкенде аравандыктар жаздык картошка, капусталарын сата башташат.

Бирок, жер иштетип, мал багып шүгүр дегидей киреше таап жатышкандардын төлөгөндөрү кандай? Жайытында 500-600дөн топоздору, үйүрлөгөн жылкылары, жүздөгөн жашик аарылары, бир жылда эки түшүм алгыдай гектарлаган сугат жерлери барлар жылына канчадан салык төлөшөт? Малдуулардын бир жылда төлөгөнү бир торпоктун баасына, ал эми жашылча, бакча, мөмө-жемиш саткандардын төлөгөндөрү бир тоннасы дебейли жүз килосунун баасына жетеби? Ачык эле айталы, жетпейт. Булардан сырткары төө буурчак,  бал, балык, сүт ж.б. өндүрүп саткандар бар.

Кыскартып айтканда, бизде салыктык базаны кеңейтип, кирешелерине жараша дифференциалдаштырып өндүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошол милдеттүүлөр эле өндүрүлсө, өлкөбүздүн ички дүң жыйымы, өкмөт таркаткан маалыматтарга ылайык, дагы 50%га  өскөнү турат. Анда 2030-жылга карата өлкөнүн ички дүң жыйымын, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров айтып жаткандай, 30 млрд. долларга жеткирүү реалдуу.

Кыргызстанды кошуна өзбектер “мамлекети кедей болгон менен эли бай” деп калышат. Алардын ооздоруна май, элибиз дагы байый берсин, бирок, мамлекетибиз баарыбызга керек, эми  байыгандардан тартып  орто оокаттуулары, бала-чакаларын такси менен баккандары да мыйзамдагы милдеттүү алык-салыктарын эле толук төлөп турушса, буйруса, мамлекетибиз да байыйт. Аны азыркы саамалыктардан көрүп жатабыз. Аны ишке ашырганга азыркы мамлекет башчысында саясий эрк, чечкиндүүлүк да бар.

Биз пафос менен сүйлөгөндү жакшы көргөн элбиз, иштегенден – бирөөгө акыл үйрөткөндү, өз кемчиликтерибизди ашкерелеп сындагандан – мактанганды, Мекенге, мамлекетке реалдуу жардам кылгандан – ага карата жылуу сезимдерди билдиргенди жакшы көрөбүз. Чындап келгенде, Мекенге, элге андай курулай реверанстардын тыйынча пайдасы да, кереги да жок. Андан көрө кимибиз кайда болбойлу, эмне жумуш кылбайлы,  мыйзамдагы милдеттүү алык-салыктарыбызды убагында жана толук төлөп турсак, салыктарды төлөөнү мамлекет алдындагы милдет, жоопкерчилик катары сезе баштасак,  Мекенге, мамлекетибизге он эсе пайдалуу иш кылабыз,  чындап эле сүйөрүбүздү иш жүзүндө далилдеген болобуз.

“Датчане испытывают необыкновенное воодушевление от сознание того, – деп жазат Даниянын социалдык турмушун мыкты билген Майкл Бут деген изилдөөчү, – что пополняют государственный бюджет. Они готовы пахать круглые сутки, чтобы государство купило ещё один инкубатор для новорожденных или школьный компьютер. По результатом многочисленных социологических опросов, большинство граждан считает, что, если в казне есть излишки, их надо тратить на социальные нужды, а не снижать налоги”.

Биз да ар бирибиз милдеттүү алык-салыктарды даниялыктардай шыктануу менен төлөөнүн деңгээлине жеткенде гана чыныгы социалдык өлкөгө, Кыргызстандын чыныгы МЕКЕНЧИЛ жаранына айланабыз. Ага бир гана түшүндүрүү, ынандыруу менен  жетише албайбыз. Ал үчүн мамлекеттин камчысы, мыйзамдык катаал чаралар, кардиналдуу чечимдер да колдонулуусу зарыл.

АКШнын атактуу 35-президенти Жон Кеннединин: «Мамлекет мага эмне кыла алат деп сурабай, мен мамлекетке эмне кыла алам деп сура” деп айтканы бар. Бул өңүттөн алганда, мамлекеттин жашоосуна, анын өнүгүүсүнө, элдин жашоосунун жакшыруусуна ар бирибиз салым кошо алабыз. Салыктарды төлөөдөн качпай, жаап-жашырбай убагында төлөп, эл алдындагы жоопкерчиликти сезүү, мамлекеттин алдындагы жарандык милдетибизди аткаруу менен Мекенибизге пайда келтире алабыз.

Салыкты төлөгөнүбүз – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон чоң салым болуп эсептелет.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар