Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Улуу кошунабызда чоң маараке

25-сентябрда Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгына карата аталган өлкөнүн биздеги элчилиги тарабынан уюштурулган салтанаттуу кабыл алуу болуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Салтанатта Президенттин администрациясынын жооптуу кызматкерлери, министрликтер менен ведомстволордун, ЖМКлардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, эки өлкөнүн бизнесмендери , дипломаттар да болушту.

Кабыл алууну ачып жатып, КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым мындан 75 жыл мурда – 1949-жылдын 1-октябрында Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн эске салды.

– Кытай эли Кытай Компартиясынын жетекчилиги астында кан төгүлгөн жана каардуу күрөш жолу менен улуттук көз карандысыздыкты жана элдик боштондукту жеңип алды, – деди элчи айым. – КЭР түзүлгөн учурдан баштап кытай элинин тагдыры түп-тамырынан өзгөрдү. 75 жылда Кытай жакыр жана алсыз өлкөдөн дүйнөнүн экинчи экономикасына айланды. Өзөгү жолдош Си Цзиньпин болуп саналган КПК БКнын бекем жетекчилиги астында кытайлык өзгөчөлүгү менен социализм жаңы доорго кирди, кытай улутунун улуу кайра жаралуусунун жаркын болочогу ачылууда.

75 жылда Кытайдын экономикалык кубаты олуттуу жогорулады. Бир убакта элибизге ширеңке жана мык сыяктуу күнүмдүк зарылчылыктагы предметтерди чет жактан импорттоого туура келген. Бүгүн Кытай дүйнөдө БУУнун Өнөр жай каталогундагы өнөр жайлардын бардык түрлөрүнө ээ жалгыз өлкө болуп калды. Кытай иштетүү өнөр жайынын масштабы, товарлар менен валюталык резервдердин көлөмү, автомобилдерди чыгаруунун жана экспортунун көлөмү, патенттердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду бекем ээлеп турат.

2023-жылы Кытайдын ички дүң продуктысы 17 трлн. АКШ долларынан ашты. Кытайдын глобалдуу экономикалык өсүшкө кошкон салымы 30%дан ашуунду түзөт. Кытай жогорку ылдамдыктагы темир жолдор жана 5G тармактарын, учкуч башкарган космостук учуулар, Айды жана Марсты изилдөөлөр, суперкомпьютерлер, спутниктик навигация, кванттык маалымат, ядролук энергетикалык технологиялар, чоң самолетторду чыгаруу ж.б. тармактарды өнүктүрүүдө дүйнөлүк лидер болуп саналат.

Кытай жергесинде орточо оокаттуу коом толук курулган, калк-тын жан башына ИДП 12 миң АКШ долларынан ашты. Кытай билим берүүнүн, социалдык камсыздоонун жана саламаттыкты сактоонун дүйнөдөгү эң ири системасын түздү. Кытайдын калкынын өмүрүнүн орточо узактыгы 1949-жылдагы 35 жаштан 2023-жылы 78 жашка чейин өскөн.

Элчинин айтуусунда, Кытай эки укмушту – “Тез экономикалык өнүгүүнү” жана “Узак мөөнөттүү социалдык туруктуулукту” түздү.

Ду Дэвэнь айым биздин өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштарга токтолуп, Кытай менен Кыргызстанды жалпы тоолор жана дарыялар бириктирип турганын айтты жана Улуу Жибек жолу эки элдин ортосундагы достук байланыштарга күбө болоорун баса белгиледи. Анын пикиринде, жакшы кошуналык, достук, ишенимдүү өнөктөштүк сыяктуу мамилелер – кытай-кыргыз мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык чагылдырылышы. Акыркы мезгилде кытай тараптан Кыргызстандагы көптөгөн инвестициялык дол-боорлор ишке ашырылууда. Элчи айым өз сөзүндө алардын бир катарын санап өттү.

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды бул даталуу күн менен куттуктап, Кытайдын уникалдуу маданиятын жана бай тарыхын белгиледи.

Ал Дэн Сяопиндин жетекчилиги астында Кытайдын ийгиликтүү модернизация жолун жана барган сайын көбүрөөк мамлекеттерди бириктирген “Бир алкак, бир жол” демилгесинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

МинКаб башчысы жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын контекстинде Кытай тажрыйбасынын Кыргызстан үчүн актуалдуулугун да айтып өттү.

«Учурда Кыргызстанда кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. 1000 чакырымдан ашык чек арага ээ болуп, экономикалык реформаларды жүргүзүп жаткандыктан, биз Кытай Эл Республикасынан да көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Конфуцийдин бир жакшы сөзүн эске салгым келет: “Үч жол билимге алып барат: ой жүгүртүү жолу – эң асыл жол, тууроо жолу – эң жеңил жол, тажрыйба жолу – эң татаал жол”. Биз абдан татаал жолду, социализм менен капитализмге так бөлүнгөн доорду басып, рынок экономикасына өттүк. Эми экономикалык өнүгүүдө “илбирсттик секирикке” жетишүү үчүн Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасынан үйрөнө алабыз”, – деди МинКаб башчысы.

Ал “өзгөчө акыркы үч жыл кыргыз-кытай кызматташтыгында “бурулуш” болгонун” кошумчалап, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү дээрлик 20 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

«Бедел өткөрүү пункту тарыхый жол жана экономиканын жаңы дарбазасы. Жакынкы келечекте бул эл аралык транспорттук-логистикалык коридорго айланат деп ишенем. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору биз үчүн абдан маанилүү долбоор. Биз үч тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий фазасын ийгиликтүү аяктадык. Жакында темир жолдун курулушу башталат», – деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, А.Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишенимин билдирип, эки өлкөнүн биргелешкен аракети эки элдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн баса белгиледи.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар