Окурмандардын эсинде болсо, гезитибиздин 31-майда (№39) жана 7-июнда (№41) жарык көргөн сандарында “Артык кылабыз деп тыртык кылышкан” аттуу материал жарык көргөн. Анда ардактуу эс алуудагы тажрыйбалуу ветеринар, союз мезгилинде бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген аксакал Эрик ДУНГАНОВ кыргыз ветеринария тармагынын кантип кургуйга кулаганы жана азыркы абалы, пайда-батасы жок Ветеринардык палата тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшкөн болчу. Жакында аксакал кайра редакцияга кайрылып жаныбарларды идентификациялоо, эпизоотиялык иш-чаралар жана КРнын Ветеринария кызматын реформалоо боюнча орусча макаласын алып келиптир.
Маркировкалоо идентификация эмес
КРнын №91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамы 2013-жылы 6-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 1-статьясында идентификация – малдын курагын, өңү-түсүн, жынысын, түрүн жана башка параметрлерин аныктоо процесси экени жазылган. 6-статьянын 2-пунктунда болсо: “Ири мүйүздүү мал, жылкылар жана бардык асыл тукум баалуулугу бар жаныбарларга жеке идентификациялык номер берүү менен идентификацияланат” деп так жазылган. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Мал чарбачылык башкы башкармалыгында 20 жылдай иштеген Сулайман Мамаевдин маалыматы боюнча (“Слово Кыргызстана” 2023-ж., 7-июль) учурда Кыргызстанда 1,6 млн. ири мүйүздүү мал, 6,5 млн. кой, 480 миң жылкы бар. Ошол эле кезде республикада 13 миң уяң жүндүү 3 асыл тукум кой чарбасы, 300 асыл тукум жылкы багылган 4 жылкы заводу жана элиталык ири мүйүздүү малды көбөйтүүчү эки чарба бар. Алар фермерлерге 150 сүттүү уйларды бере алат.
Бул маалыматка ылайык, «Малды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам 13 миң койго, 300 жылкыга жана 150 баш уйга гана тиешелүү. Андыктан республиканын Ветеринардык кызматынын “1,7 млн. баш ири мүйүздүү малды идентификациялап, кой, жылкыларды идентификациялоону аяктап жатабыз” дегени жумшак айтканда жаңылыштык. Бул союз доорунда “Оргочор” асыл тукум чарбасында башкы ветеринар болуп иштеген мага таптакыр түшүнүксүз болуп жатат. Себеби КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген (05.12. 2014-ж.) “Малды идентификациялоо эрежелери” токтомунда ийне-жибине чейин жазылгандай идентификация көп эмгекти талап кылган машакаттуу процесс.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, асыл тукум жаныбарларга алдын ала пландуу эпизоотияга каршы иш-чаралардан сырткары, катардагы жаныбарлардан айырмаланып, башкача кошумча ветеринардык-санитардык талаптар бар. Алсак, аларды экспорттоо-импорттоодо Бажы биримдиги комиссиясы тарабынан бекитилген (18.06.2010-ж., 317) ветеринардык көзөмөлгө алына турган товарларга колдонулуучу бирдиктүү ветеринардык талаптар бар. Кыргызстан 12.08.2015-жылы Бажы биримдигине мүчө болуп кирген жана ошондон тарта Бажы биримдиги Евроазиялык экономикалык биримдик аталып калган. Мисалы, ал документтин 1-бөлүмүндө “Асыл тукум ири мүйүздүү малга карантин убагында күнүгө термометрия, бруццелёзго, туберкулёзго, лептостирозго, хламидиозго карата жана сатып алуучу тараптын ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча башка инфекциялык ооруларга диагностикалык изилдөө жүргүзүлүшү керек” деп жазылган. Ал эми 5-бөлүмүндө “Асыл тукум койлорго, эчкилерге дагы ар күнү термометрия, бруцеллёз, инфекциялык эпидидимитке, туберкулёзго, лептоспирозго, паратуберкулёзго, хламидиозго, листериозго жана башка инфекциялык ооруларга диагностикалык изилдөө жүргүзүлүшү керек” деп жазылган. Россия Федерациясында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алына элек. Бул өлкөдө 2024-жылдын мартынан тарта Өкмөттүн токтому менен айыл чарба жаныбарларын, канаттууларды маркировкалоо, тактап айтканда, аларды каттоого алуу жүргүзүлө баштады. Буга чейин ал жакта малды жарандар өз эрки менен каттатышчу. Бул токтомго ылайык, ири мүйүздүү малдарды, чочколорду, канаттууларды жана жылкыларды маркировкалоо 2024-жылдын 1-сентябрына чейин, териси баалуу жырткычтар, эликтер, коёндор 2025-жылдын 1-сентябрына чейин, кызматтык иттер 2025-жылдын 1-мартына чейин катталып бүтүшү керек (“Российская газета” 22.02.2024-ж.). Ошондуктан, жаныбарларды маркировкалоо идентификация эмес экенин белгилей кетүүбүз керек. Демек, биздин мамлекетте жаныбарларды биркалоо (каттоо) гана жүрдү.
Маанилүү иш мамлекетте эмес
КРнын Өкмөтүнүн 15. 01.2018-ж. №17 токтому менен “Ветеринария тармагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жобо” бекитилген. Ушул жерден айрым өтө жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктарды санап өтсөк. Токтомдун 2-бөлүмүнүн 3-пункту: Бекитилген участоктордо эпизоотиялык иш-чаралар планын түзүү жана ишке ашыруу; Базарларда ветеринардык-санитардык экспертизаларды жүргүзүү; Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү.
Негизги, маанилүү ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүп берүү менен бирге эле жаныбарларды идентификациялоону алсыз, уюштурулбаган жеке ветеринарларга тапшырып коюу туура эмес. Бул орусча айтканда “партизанщина”. Себеби, “Ветеринария жөнүндө” (30-12.2014-ж. №175) мыйзамда, мыйзамдын редакцияларында 02.07.2015-ж. №142; 24.05.2017-ж. №89; 29.03.2019-ж. №40 да: “Жаныбарлардын өтө кооптуу ылаңдарына кирген ооруларга каршы диагоностикалык изилдөөлөрдү жана профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн иммунологиялык препараттарды сатып алуу, аларды ишке ашыруу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт” деп так жазылган. Мыйзамга ылайык, сүт эмүүчүлөрдүн шарпына, майда жандыктардын чумасына, кой чечегине, сибир жарасына, иттердин кутурмасына, ири мүйүздүү малдын бруцеллёзуна каршы иш-чараларды, ошондой эле диагностикалык изилдөө жүргүзүү –жылкылардын маллеинизациясын, уйлардын туберкулиназиясын мамлекеттик ветеринардык кызмат жеке сектордун ветеринарларын тартуу менен жүргүзүлүшү керек.
Мамлекеттик ветеринардык кызматтын иштеринин спецификалык көлөмүн эске алып, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жаныбарларды жана чарбаларды идентификациялоо жана каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Асыл тукум мал чарбачылыгынын жайыттар департаментине өткөрүп берүү керек. Жогорудагы ветеринардык-эпизоотияга каршы жана идентификациялык иш чараларды жүргүзүүдө Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому менен мамлекеттик ветеринардык кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Жайыттар жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаментинин функционалдык милдеттери так белгилениши керек.
Реформалабасак, анда алыс барбайбыз
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология, жана регионалдык өнүгүү комитетинин (17.04.2017-ж.) чечиминде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Өкмөт бекиткен жобого ылайык бардык иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдү өздөрү аткарып, өздөрүн өздөрү текшерип, кайра өздөрүнө өздөрү отчёт бериши түздөн-түз кызыкчылыктар конфликти болуп эсептелет. Ошону менен ыйгарым укуктуу органдын эпизоотиялык коопсуздукту сактоо жоопкерчилиги жокко чыгып, тиешелүү профилактикалык жана ветеринардык жумуштарды жүргүзүү жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе чечилбей калып жатат.
КРнын “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, бир уюмда аткаруу функциялары менен көзөмөлдөө функцияларын аралаштырууга жол берилбейт. Андыктан бүгүн ушул функцияларды ажыратуу менен ветеринардык көзөмөл системасын реформалоо керек.
Учурда ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл системасы өзүнө жүктөлгөн функцияларды толук кандуу аткарбагандыктан экономикалык мүнөздө эле эмес, коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүнө да коркунуч жаралып отурат. ЖКнын профилдик комитетинин 17.04.2017-жылдагы “Ветеринардык көзөмөлдөө системасын реформалоо жана ЕАЭБге кошулуу боюнча милдеттемелерди аткаруу” чечимин карап чыгып 2017-жылы 4-майда Жогорку Кеңеш, Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” жобого терең функционалдык анализ жүргүзүп, “КРдагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык көзөмөлдөө жана аткаруу функцияларын ажыратуу боюнча шашылыш чараларды көрүүнү Өкмөткө тапшырган.
КРнын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №347 токтомунун негизинде Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык инспекция кайрадан өзгөрүлүп, Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат болуп аталып калган. Ошол токтомго ылайык, бул жобонун 4-пунктундагы кызматтын функциясы, 2-пунктчадагы – жөнгө салуу жана 3-пунктчадагы – мамлекеттик көзөмөлдөө бөлүнбөй калган. Тактап айтканда, Ветеринардык кызматта мурдагыдай бир эле маалда көзөмөлдөө жана аткаруу функ-циялары сакталып калган.
Ошондуктан, натыйжалуу, көз карандысыз көзөмөл болуш үчүн Министрлер Кабинетинин астында бирдиктүү, күчтүү, авторитеттүү, ыйгарым укуктары кенен Мамлекеттик Агрардык инспекция түзүлүшү керек. Ал жеке эле Ветеринардык кызматтын өзүнө тиешелүү функционалдык милдеттерин так аткарышын гана эмес, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин токой, асыл тукум, урук, жайыт, балык, суу чарбалары сыяктуу структураларын да көзөмөлгө алышы керек…
Эрик ДУНГАНОВ, ардактуу эс алуудагы ветеринар