Бишкекте коомдук транспортто жол акысы накталай эмес төлөм 17 сом, ал эми накталай төлөм үчүн 20 сом. Бул тариф мектеп окуучуларынан тарта бардык жарандар үчүн бирдей каралган.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев 17 жана 20 сомдук тариф жарандар үчүн бир аз ыңгайсыз экенин айтып, аны кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Анын айтымында, 1 адам бир күндө 3 жолу автобуска түшө турган болсо, жол акы үчүн 51 сом төлөйт. Ал эми кандайдыр бир мөөнөт ичинде 2-3 жолу автобуска түшкөндөргө накталай эмес төлөгөн учурда бир жолу 17 сом эле төлөтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү сунуштады.
Шаар мэринин мындай сунушу ишке ашабы же жокпу, азырынча белгисиз. Балким келечекте ишке ашып калышы мүмкүн.
Эгерде шаар мэринин ушул сунушу ишке аша турган болсо, коомдук транспорттун колдонуучуларына бир топ жеңилдик болуп калмак. Өзгөчө балдары окууга барган ата-энелер үчүн бир аз да болсо үнөм болмок. Кээ бир үй-бүлөлөрдө балдар мектепке барууга каражат жоктугунан окууну үзгүлтүккө учураткан жагдайлар да жок эмес. Андыктан мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектепте окуган балдары үчүн өзүнчө тариф карап чыкса…
Биз айрым шаар тургундарына кайрылып, “Шаар мэринин демилгеси бир нече жолу коомдук транспортко түшкөн шаардыктардын акчасын үнөмдөйбү?” – деген суроо салдык.
Кундузбек СУЛАЙМАНОВ, шаар тургуну: «Мындай жеңилдикти “Тулпар” картасы менен жасаса болот»
-Кээ бир күндөрү жумушка байланыштуу убакыттын көпчүлүк бөлүгүн көчөдө өткөрүүгө туура келет. Такси менен жүрүүгө дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ошондуктан 20 сомдон төлөп автобус менен жүрөм. Билинбегени менен бир топ акча жол киреге эле кетип калат. Бир күндө 3-4 сааттын ичинде автобуска кайрадан түшкөндөргө жол кире алынбай турган кылса сонун болмок. Мындай жеңилдикти “Тулпар” картасы менен гана кылып койсо болот. Ошондо көпчүлүк карта сатып алат болчу.
Кундуз АЖИБЕКОВА, активист: «Карапайым адамдар үчүн бул жакшы жаңылык»
-Чынын айтсам, автобуска көп деле түшпөйм. Бул автобусту чануу эмес, болгону адам өзүнө ыңгайлуу транспорт каражаты менен жүргүсү келет да. Мисалы, мен такси кызматынан көп пайдаланам, жетчү жериме бат жана комфорт менен барам.
Ал эми мэриянын бул аракетин шаардыктарды накталай эмес төлөмгө өткөрүүнүн бир ыкмасы катары көрүп жатам. Бир чети карапайым адамдар үчүн бул жакшы жаңылык болот. Анткени күнүнө жол киресине эле 80-100 сом коротуп жумушка барып келип иштегендер бар. Сиз айтып жаткандай бир жолу эле төлөй турган болсо анда шаардыктар үчүн жакшы иш кылган болот.
Сайрагүл ДУУЛАТОВА, журналист: «Шаардыктардын акчасы үнөмдөлөт»
-Бишкек шаарында чоң автобустардын каттаганы шаардын тургундары жана меймандары үчүн абдан ыңгайлуу болду. Шаар көркүнө чыгып, өнүгүп, борборго окшошуп калды. Бишкек мэри Айбек Джунушалиевдин айтканы боюнча, белгилүү бир сааттын ичинде 2-3 жолу автобуска түшкөндөрдүн төлөм акысын карап, 2-3-жолкусунда бекер же жеңилдетилген болушу мүмкүн. Бул сунушту колдойм. Жол кире 20 сом болгону көп балалуу үй-бүлөлөргө, студенттерге, жумушка автобус которуп баргандарга кадимкидей оорчулук жаратып калган. Айрым үй-бүлөдө 5-6 адам болсо, алар күнүнө жол киреге эле 500-600 сомдон коротуп жатышат. Андыктан мэрдин сунушу ыңгайлуу механизмдер менен эртерээк ишке киргизилсе, шаардыктардын акчалары үнөмдөлмөк.