Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Жумуш жокпу, же иштегибиз келбейби?

Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүнөн өтүп калсаңыз жол жээгинде отургандарды көрөсүз. Алар күнүмдүк иштерге жалданып иштеген адамдар. Бул инсандар күнүнө 1000-1500 сомго ар кандай жумуштарды жасап беришет. Алардын ичинде аялдар дагы көп.

Эркектер курулуш иштерин же жүк түшүрүү, батир көчүрүү өңдүү кара жумуштарды кылышса, аял кишилер талаа иштерине, үйдү актап-сырдоо сыяктуу жумуштарга барышат. Кээ бирлери кышында дагы жумуш издеп турган болушат. Айрымдары ушул жерден тапкан акчасы менен үй-бүлөсүн багышса, дагы бирлери күнүмдүк тапкан акчасына арак ичип алышат. Ошондуктан айрымдары мас абалында болушат. Булардын арасында кесипкөй карта оюнчулары болушат. Алар жумушка чыгып жанын кыйнагандын ордуна бул жердегилер менен акчага карта ойноп киреше таап кетүүнү эп көрүшөт экен.

Алган акчасын актап иштебегендер да бар

Жумуш берүүчү келип кандай жумуш бар экенин айтат. Баары эле “Макул, мен барып иштеп берем, баары колумдан келет”, – дей беришет. Иштин жеңил же оор экенине карап баасын сүйлөшүп алган соң кардар менен кошо кетишет. Жумушка баргандардын бардыгы эле өз ишин абийирдүүлүк менен жакшы аткарышпайт. Кээ бирлери “Эптеп күн өтсө, кечинде акчасын алып кетсем”, – деп убакыт өткөрүүнүн айласын кылат.

Булар келишилген убакыттан ашык иштебейт. Мындайлар үчүн сенин жумушуңдун бүтөөрү же бүтпөсү кызык эмес. Кеч кирсе эсеп, айтылган саат болгондо бардык жумушту таштап кетип калышат. Иштин көлөмүнө жараша келишим түзгөндөр да бар. Жумуш берүүчүнүн көзүнө көп иш бүтүргөн адам сыяктуу көрүнүшүп, бирок, жасаган ишин сапаттуу кылышпайт. Саатына иштейби же көлөмгө иштейби, кандай болгон күндө дагы кардарды нааразы кылбай чын көңүлдөн иштегендер чанда кездешет.

Туруктуу жумуштан эмнеге качышат?

Бул жалданма жумушчулар күнүмдүк тапкан акчага ушунчалык көнүп алышкандыктан туруктуу айлык акыга иштегиси келишпейт экен. Мисалы, азыр аймактарда мал багып иштегенге жумушчулар табылбай жатат. Кайсы жакты караба “Чабан керек, айлыгы жакшы төлөнөт”, – деген жарнамалар көп.

Мейли, алар аймактарга барып иштегиси келбесин. Бирок, мына ушул эле борбор калаада деле жумушчулар жетишпеген кесиптер бар. Мисалы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы көчө шыпыруучуларды, таштанды жүктөөчүлөрдү, айдоочуларды жумушка чакырууда. Айдоочулардын айлыгы 40 миң сомго чейин жетүүдө. Таштандыларды жүктөп иштегендер жасаган ишине жараша 60 миң сомго чейин айлык алышууда.

Кыргызстанда орточо айлык акы 35,2 миң сомду түзөт. Катардагы таштанды жүктөөчү жалкоолонбой бир аз мээнет кылып койсо, орточо айлык акыдан эки эсе жогору алып жатпайбы? Жалданып иштегендерде бир күн жумуш болсо, эртеси күнү болбой калышы мүмкүн.

8 миңден ашуун бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги берген маалымат боюнча өлкөдө  8 миңден ашуун бош жумуш орду бар.

Эң көп талап кылынган кесиптер – айдоочу, механик, ши-ретүүчү, токарь, слесарь, бетон куйгуч, ашпозчу,  кондитер жана нан бышыруучу. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгына карата өнөр жай тармагындагылар 52800 сом, курулуш тармагындагылар 34500 сом, соода-сатык тармагындагылар 37600 сом, унаа тармагындагылар 46100 сом маяна алышат.

Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар