Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Сергек жашоо – ден соолуктун булагы, ийгиликтердин башаты

Президент Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыкка кол коюп, анын негизинде бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, өлкө башчысы өзү да жарандарыбызга өрнөк болуп, футзал боюнча “Мурас” мелдештерине катышып, кышкысын лыжа тээп, дене тарбия жана спорт комплекстерин, спорт имараттарынын куруунун башатында туруп, спортчуларды шыктандыруу менен олимпиадачыларды, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, сый-урмат көрсөтүп сергек жашоого үндөөнүн үлгүсү болууда.

Сергек жашоо башаты спорт болсо,  спорт – ден соолуктун булагы деп айтып келебиз.  Бирок, эгемен өлкө болгону жергебизде массалык спорт көңүл сыртында калып келгени чындык. Союз убагында жалпы калкты спортко тартып, ай сайын өткөрүлүп турчу иш-чаралар совет доору менен кошо жок болду.

Президент Садыр Жапаров “2024-2034-жылдарда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жөнүндө” жарлыкка кол койгондон баштап, массалык спортко болгон кызыгуу жанданып, заманбап футбол стадиондору, спорт имараттары салына баштады. Өлкөбүздүн бардык аймактарында футбол оюнун өнүктүрүү, жаштарды  спортко тартуу, ден соолукту чыңдоо, кам көрүү чаралары камтылган иш-чаралар колго алынып жатканы кубанычтуу көрүнүш.

Өлкөбүздө мекеме-ишканалардын, жамааттардын ортосунда футбол оюндарын, массалык спорттук турнирлерди уюштуруу жана мелдештерди өткөрүү иштери жанданып, кулачы кеңири жайыла баштады.

Чынында сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү үчүн милдеттүү түрдө спорт залга баруунун деле кажети жок. Ар күнү жок дегенде 20-30 мүнөт ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү үйдөн жасап, же күнүгө таң эрте  чуркоону адатка айлантуунун деле адамга пайдасы чоң. Эң негизгиси – жөө басып, кыймылдап турушу керек. Бул жүрүм-турум, адамдын иммундук системасын, ооруларды алдын алуу жана ден соолугу канааттандыраарлык абалда алып жүрүүгө пайдалуу. Муну айрыкча бул керээли кечке кеңседе отуруп иштеп, компьютерден, ноутбуктан жана кол телефондон көз албагандарга сунуштайт элем.

Бардыгы үй-бүлөдөн башталат

Үй-бүлө – бул баланын сергек жашоо ыңгайына үйрөнүп, көнүп, жайылтууну адатка айландырып алуу-сунун биринчи булагы. Балдардын кичине кезинен баштап ден соолугу чың жана оору-сыркоодон алыс болушуна көмөк бере турган туура адаттарды калыптандыруу маанилүү. Физикалык активдүүлүк, дени сак болуу, экологиялык таза тамак-аш жана жайлуу психологиялык чөйрө гармониялуу өнүгүүгө, сергек жашоого өбөлгө түзөт. Ден соолуктун жана сергек жашоонун негизги факторлору — таза аба жана кыймыл. Учурда көпчүлүк балдар үйдөн чыкпай, телефон жана ноутбук менен гана алек болуп, көп кыймылдабай, омурткалары жылышып, көрүүсү начарлап, чабал, оорукчал балдар көбөйгөнү өкүндүрөт. Негизи бала көчөдө, спорт аянтчаларында канчалык көп болуп, кыймылдуу оюндарды ойноп, жаратылышта болгону ошончолук жакшы. Сейилдөө учурунда балдар дайыма кыймылда болушу керек — чуркоо, секирүү, өйдө-ылдый түшүү, кыймылдоо. Топ ойноо, кышкысын коньки, лыжа, велосипед тебүү эң пайдалуу.

Менин оюмча, сергек жашоо күн тартибин сактоону баланы төрөлгөндөн тартып көндүрүүгө болот. Ошондуктан баланы жашынан белгилүү бир убакта уктоого, тамактанууга, ойноого, сейилдөөгө жана башка жакшы адаттарга үйрөтүү керек. Бул баланы багууну гана жеңилдетпестен чоңойгон сайын сергек жашоого,  тартиптүү, тыкан, намыс-туу болууга үйрөтөт.

Туура тамактануу да маанилүү

Ден соолуктун жана сергек жашоонун негизги шарттарынын бири – туура тамактануу. Анткени, туура эмес тамактануу ооруга алып келет. Биз ар дайым денибиз сак болууга, сергек жашоого үйрөнүүбүз зарыл. «Биз тамак жеш үчүн жашабайбыз, биз жашаш үчүн тамак жейбиз» деген сөз таамай айтылган.

Негизинен тамактануудагы көңүл бурчу нерсе – тамак-ашты ченеми менен ичүү жана анын ар түрдүүлүгү. Ашыкча тамактануу өтө зыян. Ошондой эле бир түрдүү тамак-аш ден соолукту чыңдоо үчүн зарыл болгон бардык азыктарды бере албашын дагы эске алуу зарыл. Кээ бир азыктар организмге кыймылга, жакшы ойлонууга, чарчабай энергия, күч-кубат берээрин адистер айтып жүрүшөт. Мисалы, гречка, мейиз, май азыктары. Башкалары организмдин өсүшүнө жана күчтүү болушуна жардам берет: Алар: балык, эт азыктары жана жаңгактар. Ал эми үчүнчүсү – организмди витаминдер жана минералдар менен камсыз кылуу жагы маанилүү. Алар өсүп-өнүгүүгө көмөк болоорун адистер далилдешкен.

Тамак-аш азыктары адамдын өсүп-өнүгүшүнө, көп күч-кубат берип, организмдин коргонуу кубатын чыңдап, оорулар менен күрөшүүгө жардам берет.

Чынында чың ден соолук, сергек жашоо – бул байлык. Адистер соңку учурда сергек жашоо турмуш ыңгайын алып жүргөн жаштардын көбөйгөнүн белгилешет. Өкмөт буга чейин 2018-2022-жылдарга карата “Спорттук Кыргызстан” программасын кабыл алган. Анда калкты сергек жашоого үндөөгө багытталган ондогон иш-чаралар камтылып, учурда алар четинен ишке ашырыла баштады.

Айрым учурда өзүбүз ден соолукка зыян кылган жагдайлар арбын. Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу, баңги заттарды колдонуу менен өзүбүздүн  жаман адаттардын кесепетинен ден соолукка “балта чаап” келатканыбыз акыры өлүмгө кириптер кылаарын эске албай пендечилик кылып жүрөбүз.

Адам канчалык көп кыймылдаса, ошончолук көп энергия жоголот. Энергиянын ордун толуктап туруу зарыл. Тамак-аштын калориялуулугу организмдин энергетикалык чыгымдарына дал келүүгө тийиш экен. Адам жарым саат басканда 100 ккал чыгымдайт. Эгерде тамак аркылуу калориялар чыгымдалып жатканга караганда көбүрөөк желип жатса, анда ашыкча салмак кошуу тобокелчилиги бар. Организмдеги суунун тең салмактуулугу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Анткени адамдын денесиндеги көп бөлүгү суудан турат жана ал дайыма организмден чыгарылып турушу зарыл. Күн сайын 5 же 6 стакан кадимки суу ичүү дени сак болуу үчүн жетиштүү. Ошол эле учурда норманын дээрлик жарымын адам анын тамактануу рационундагы суюк курамдардан алат. Калганын жөнөкөй ичүүчү суу менен толуктоо керек.

Учурда таттуу газдалган суусундуктар, бургерлер, чипсилер, фри картошкасы, шаурма көпчүлүк жаштардын сүйүп жеген тамагына айланып баратат. Бирок, аларды ашыкча көп керектөө толуп кетүүгө, кант диабетине, тиштеги кариеске, ашказан ооруларына алып келээрин унутпашыбыз керек. Кептин баары азыктын курамындагы май, кант жана туздун ден соолукка зыян кыла турган көп өлчөмдөрүндө экенин эске алуу зарыл. Мындай зыяндуу фасфудга басым жасоо – өз организмине душмандай мамиле кылуу, ден соолукка балта чабуу менен барабар.

Дени сактын – руху бийик

Кыргыз элинде ден соолук, сергек жашоо тууралуу макал – лакаптар арбын. Алар: “Биринчи байлык ден-соолук”, “Ден соолук – түгөнгүс зор байлык”, “Дененин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы”, “Дене-тарбия – ден соолукка табылгыс дары”, “Дени сактын – руху бийик”, “Дени соонун – жаны соо”, “Дени тазанын – деми таза” жана башкалар. Бул ата-бабаларыбыздын ден соолукка, сергек жашоого чоң маани бергендигин тастыктап турат.

Бүгүн адам баласында китеп, гезит-журнал, интернет жана башка булактардан дени сак жашоо жөнүндө керектүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле энергия жана күч-кубат алуу үчүн дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, спорт менен машыгат. Анан мээси, жан дүйнөсү жана денеси керемет иштерди жасаганга даяр.

Дагы бир эске алуучу жагдай. Адистердин сунушу боюнча, дүйшөмбү күнү – сүт, айран ж.б. азыктарды ичип, шейшембиде – эт аралашкан тамактарды жеп, шаршембиде – мөмө-жемиштерге басым жасап, мүмкүнчүлүк болсо бейшембиде – балык жеп, калган күндөрү өзү каалагандай  тамактанса болот экен. Бул дагы сергек жашоо менен ден соолукту чыңдоого өбөлгө болмокчу. Бирок, аш-тойлору көп, тамак-ашты ылгабай жеген кыргыз калкы үчүн мындай сунуштарды күн сайын аткаруу да кыйынга турчудай.

Акыркы убакта  диета кармоо модага айланып калды. Кээ бир адамдар вегетариандык диетаны карманышат, ал эми башкалары эттин дозасын көп же аз талап кылышы мүмкүн. Керек учурда гана диетолог менен кеңешип, жашоо образыңызды жана денеңиздин талаптарын толуктаган диета пландап алганыңыз натыйжа бериши мүмкүн.

Сергек жашоо образы бул жөн гана физикалык бакубаттуулук эмес. Акылыңызды жана жан дүйнөңүздү азыктандыруу үчүн күндөлүк журнал жазуу, медитация кылуу, жада калса сүрөт же музыка сыяктуу хоббилерди кошсоңуз сергек жашоонун маңызы ачылаар. Эсиңизде болсун, бул өмүр –  бүтүндөй ден соолук, эмгек ыргагы, сергек жашоо саякаты.

Үлгү болчу адамдар

Кыргызды дүйнөгө тааныткан оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев күнүнө 8-10 км чуркап, 30 минута дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону адатка айландырып алган. Ошондуктан 71 жашка чыкса да жаш жигиттердей шайдоот, шамдагай жүрөт. Ашыкча тамактанбайт. Бакчада иштеп, ар дайым мээнет кылып келет.

Атактуу спортчубуз Айсулуу Тыныбекова суутулган күлүктөй, ар дайым табында. Бош убактысында ат минип, аргымак чапканды жактырат. Музыка угуп, ыр жазып, Кыргызстандын кооз жерлеринде саякат кылууну адатка айландырган. Жер-жемиш жегенди жактырат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, белгилүү спорт ишмери Алмазбек Касенов күнүгө 9-10 км жөө басып, 25-30 минута дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, эртең менен жаңгак, бал аралашкан сары май жеп, тамак-ашты ченеми менен ичет. Кечки саат жетиден кийин тамак ичпейт.

Биздин санариптик доордо маалыматтын тартыштыгы жок. Бирок, сансыз макалалар, диета пландары, машыгуу тартиби жана ден соолукту чыңдоо боюнча кеңештер биздин колубузда болгондуктан,  ага “чөгүп” кетүү оңой. Ошондуктан  ишенимдүү булактарды издеңиз. Балким, уникалдуу муктаждыктарыңыздын негизинде сизге багыт берүү үчүн диетологдор же фитнес-тренерлер сыяктуу адистер менен кеңешүүнү карап көрүңүз. Эсиңизде болсун, жаркырагандын баары алтын эмес.

Ден соолукка болгон саякат – кыска аралыкка спринттик жарыш эмес, ал узакка созулган марафон экенин түшүнүңүз. Эсиңизде болсун, эрк бар жерде  ар дайым жол табылат.

Жаракаттар, өнөкөт оорулар же куракка байланыштуу маселелер кээ бир көнүгүүлөрдү же диетаны кабыл алуу-да кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан ден соолугуңуз жана сергек жашоо үчүн эмне жакшы экенин түшүнүү үчүн медициналык адистерге кайрылып, кеп-кеңеш сураңыз.

Сергек жашоого саякатка чыгуу мактоого татырлык, бирок бул  үчүн кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келет.

Жыйынтыктап айтканда, сергек жашоо образы – бул жан-дүйнөнүн жаңырыгы, эски менен жаңынын, өздүк менен жамааттын, кыйынчылыктар менен жеңиштердин назик балансы, таразасы. Ким аны кандай кабыл алат, ал ар кимдин өз эрки.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар