Кыргыз элинин тунгуч гезити “Кыргыз Туусунун” (“Эркин Тоо”) 100 жылдык юбилейин утурлай, учурда “Кыргыз Туусун” жетектеп жаткан Мырзакат Тыналиевдин демилгеси менен экс-редакторлордун жолугушуусу болду.
Кезегинде гезитти жетектешип, анын тарыхында өчпөс изин калтырган мурдагы редакторлор “Кыргыз Туусунун” тарых-маданиятына, дегеле кыргыз мамлекетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы, учурдагы абалы, 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча орчундуу ойлорун ортого салышты.
“Эркин Тоо” – “Кыргыз Туусундай” элге эч бир уюм эмгек сиңирген эмес
Жолугушууда “Кыргыз Туусунун” редакторлорунун аксакалы Тилектеш ИШЕМКУЛОВ сөз баштап, кыргыз элинин тунгуч гезитинин 100 жылдыгын кеңири белгилөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
– Эл-журтубуз, улуттук интеллигенциянын, өзгөчө журналистика журтчулугу тарабынан “Эркин Тоонун” – “Кыргыз Туусунун” 7-ноябрда белгилене турган 100 жылдыгы мен кыргызмын деген ар бир атуулдун жүрөгүндө турат. Мамлекеттин калыптанышында, кыргыз коомунун тамыр алышында бир дагы мекеме, уюм ушул басылмадай зор эмгек сиңирген эмес. Улуттук биринчи гезит катары жалпы эле журналистиканын, адабият, маданият, көркөм өнөрдүн башатында туруп, интеллигенция-га, чыгармачыл адамдарга, кыргыз элине руханий булак болуп берген гезит эч качан унутулбашы керек. Эгерде “Эркин Тоонун” – “Кыргыз Туусунун” басып өткөн жолун, анын сиңирген эмгегин кимдир бирөөлөр баалабаса, аны тарых кечирбейт.
СССР убагында республиканын жетекчилиги тарабынан жакшы көңүл бөлүнгөндүктөн жана элибиз гезитке көп жазылып окугандыктан союздук республикалардын гезиттеринин арасынан эң көп нуска менен чыккан гезиттердин үчүнчүсү “Кыргыз Туусу” (“Советтик Кыргызстан”) болчу. Ошол кезде нускасы 184 миңге жеткен. Азыркы өлкө башчыбыз Садыр Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинети муну эске алып, мааракени жогорку деңгээлде өткөрөт деген үмүтүм бар”,– деди ал.
Т.Ишемкулов 100 жылдыкка карата атайын төш белги жасалып, салтанаттуу кече өткөрүлүп, 100 миң нускада мааракелик сан чыгарылып, бардык облустарга бекер таратылышы керектигин да кошумчалады.
“Кыргыз Туусу” китеби чыгып калса, кана
“Кыргыз Туусунун” 2005-2006 жана 2010-2013-жылдардагы редактору Бакыт ОРУНБЕКОВ казактар, башка коңшу өлкөлөр эбак эле тарыхый гезиттеринин таржымалын сонун китеп кылып чыгарып коюшканын билдирди.
“Ушуну эске алып он жыл мурун биз дагы бир ишти баштадык эле. Аны жакында аяктадык. Тактап айтканда, “Кыргыз Туусунун” (“Эркин Тоо”) №1 санынан баштап 2019-жылдын 1-июнуна чейинки сандарын талдап, талкуулап чыктык. Сталин учурунда, андан кийинки башка мезгилдерде бул “Кыргыз Туусу” кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгонун, кандай рубрикалар, темалар камтылганын анализдедик. Чынында 100 жыл ичиндеги кыргыз элинин оош-кыйыш тарыхы, ушул “Кыргыз Туусу” гезитинин беттеринде сакталып калган. Ошонун баарын китепке ылайыктап жазып, баш сөзү, корутундусу, сүрөттөрү менен эки ай мурун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырдык. Ал 800 беттен турган чоң китеп болгону турат”, – деди.
“Кыргыз Туусунун” башкы редактору Мырзакат ТЫНАЛИЕВ андай илимий китеп керек экенин, бирок, кандайдыр бир маалымат издегендер үчүн “Кыргыз Туусунун” китеп вариантындагы архивдик жыйнагы чыгып калса андан дагы жакшы болмоктугун айтты.
– Азыр “Кыргыз Туусундагы” эски маалыматтарды издегендер көп, – дейт М.Тыналиев. – Аны табыш үчүн гезиттин китепканалардагы тиркемесин барактап отуруш керек. Тиркемелерде да гезиттин сандары толук эмес. Эски гезиттердин барактары үбөлөнүп, араң окула турган болуп калган. Убакыттын өтүшү менен калгандары да жоголо бериши мүмкүн. ªзгөчө араб арибинде чыккан сандарын азыркы адамдар окуй алышпайт. Бир тууган окумуштуулар Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалар тарабынан араб арибинде басылган “Эркин Тоонун” алгачкы сандары кириллицага өткөрүлгөн экен. Ошону китеп түрүндө чыгарып, бардык китепканаларга, жогорку окуу жайларына таратылып берилсе жакшы болмок. Анткени, быйыл белгиленгени жаткан Кыргыз мамлекетинин 100 жылдык тарыхы ошол гезит беттеринде жазылган. Соңку кыргыз тарыхын изилдөөчүлөргө, жалпы эле тарыхка кызыккандарга абдан керектүү китеп болмок.
Тилекке каршы, 3 жылдан бери аны китеп түрүндө чыгаруу боюнча кайрылууларыбыз ишке ашпай келген. Эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул демилгени ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлө баштады Кыргыздын алгачкы басылмасынын архивдик китеби ар бир облуста, китепканаларда, мектептерде, атүгүл мамлекеттик мекемелерде турса абдан жакшы болот.
Күчтүү улуттук гезит – учур талабы
Экс-редактор Курманбек РАМАТОВ аталган гезиттин мурдагы мааракелерине бийликтер тарабынан кандай колдоолор болуп, кандай өткөрүлгөнүн эске салды.
– Гезиттин 70 жылдыгында мен редактор болчумун. Мамлекеттик деңгээлде уюштуруу комитетин түзгөнбүз. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраев комитеттин төрагасы болуп, мен орун басары болгом. “Кыргыз Туусунун” 70 жылдык юбилейи А.Малдыбаев атындагы опера балет театрында өткөн. Казакстандан кесиптештер чакырылып, элчи Мухтар Шаханов келип катышып, абдан жакшы өткөн. “Кыргыз Туусунун” 100 жылдык тарыхы – Кыргызстандын тарыхы. Ошондуктан бул жолу да уюштуруу комитети түзүлүп, кылымдык маараке жогорку деңгээлде өтүшү керек. “Кыргыз Туусу” гезитинин кыргыз элинин алдындагы эмгеги абдан чоң. Ошого жараша мамлекеттен да бул басылмага жетиштүү сый болушу керек”, – деди ал.
Буга улай К.Раматов Кыргызстанга бир күчтүү улуттук гезит керек экенин жана “Кыргыз Туусуна” мурдагы тарыхый “Эркин Тоо” аталышын кайтарып берүү зарылдыгын билдирди. “Мына “Российская газетаны” карагылачы. Аны мамлекет колдоп, элге кеңири жетсин деген саясат менен бекер таратып жүрүшөт. “Эгемен Казакстан” гезитин карагыла. Өзбекстанды айтпай эле коёюн. Мен Бакуга барып келдим, алардын улуттук гезитинин бардык жагы мамлекеттик камкордукта экен. Беларусь, Украинада да болдук, ал жактыкы да укмуш эми. Ошондой болуп бизде да мамлекеттик ЖМКлардын сап башында “Кыргыз Туусу” турушу керек. Чындап келсе бул жерде эмне деген гана залкарлар, мамлекеттик ишмерлер иштебеди. Алардын эмгеги эске алынып, “Эркин Тоонун” тарыхый атын кайтарып берип, кадырын көтөрүшүбүз керек. Бул кыргыз тарыхындагы эң маанилүү маселе”, – деп белгиледи К.Раматов.
Мамлекеттик маани берилсин
Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ ар кандай жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик мекемелердин 70, 80 жылдык юбилейлери белгиленип келе жатканын айтып, тарыхый мааниси жогору кыргыздын улуттук тун гезити болгон “Кыргыз Туусунун” 100 жылдык юбилейи Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекет жетекчилигинин катышуусунда, өтүшү керектигин баса белгиледи.
“Алты ай мурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты” министрлиги жыйналыш кылып документалдуу фильм тартылат, башка иштер жасалат деген. Эч нерсе жасалбаптыр. Мамлекет маани бербесе марафон уюштурушубуз керек”, – деген оюн билдирди.
Гезиттин экс-редак-торлорунун бири, Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү журналист Абдиламит МАТИСАКОВ бул дата республикалык масштабдагы тарыхый окуя болгондуктан Финансы министрлигинен атайын акча бөлдүртүү маселесин козгоду. Буга улай ал “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгында басылманын өзүнө “Манас” ордени берилиши керектигин айтты.
“Буга чейин гезит “Эмгек Кызыл Туу” орденин алган. Эми I даражадагы “Манас” ордени берилсе бул редакцияга чоң демөөр, кыргыз элине чоң сыймык болмок. Ачыгын айтыш керек, “Кыргыз Туусу” учурда абдан жакшы чыгып жатат”, – деди А.Матисаков.
Анын пиикрин А.Султанбаев колдоп, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгын филармонияда салтанаттуу белгилөө, редакцияга финансылык жардам суроо, гезитти “Манас” ордени менен сыйлоо, редакция кызматкерлеринин эмгегин белгилөө жана “Кыргыз Туусунун” архивдик сандарын китеп түрүндө чыгаруу боюнча кайрылуу демилгесин көтөрдү. А.Султанбаевдин бул сунушун экс-редакторлор бир ооздон колдошту (Кайрылуу ушул санда жарыяланып жатат).
100 жылдык улуттук масштабда өтүшү керек
“Кыргыз Туусунун” 2008-2010-жылдардагы редактору Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ Президент Садыр Жапаров Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жогору маани берип жаткандыгын, андыктан анын катарында “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгынын мааниси өзгөчө экенин өлкө башчысына жеткирүү керектигин айтты.
“Сот, прокуратура жана башка мекемелердин 100 жылдыгы анча маанилүү эмес. Себеби, мамлекетти уюштуруучу да, алдыга жылдыруучу дагы Ленин айткандай басма сөз – гезит. Ушуну Президентке жакшылап жеткирсек, ал буга жакшылап көңүл бөлөт” – деди К. Молдокасымов.
“Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин 1984-1991-жылдардагы редакторунун орун басары, публицист Эсенбай НУРУШЕВ “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгы – Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгындай эле өтө чоң мааниси бар экенине токтолду.
“Эркин Тоо” – азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө өзгөчө мааниси болгон. Гезит кыргыз элин агартып, маданиятын, адабиятын, тарыхын түптөгөн. Ошол жылдары бул басылма көп маселелерди чагылдырып, элди сабаттуу кылууда чоң иш жасаган. Коллективдештирүү учурунда, кийин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында, согуштан кийинки мезгилде да ушул гезиттин мааниси абдан чоң болгон. Мындайча айтканда, “Эркин Тоону” (“Кыргыз Туусу”) ошол кездеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн рухий маанидеги экинчи көчүрмөсү десек болот. Кыскасы, басылманын кыргыз мамлекетинин, коомунун тарыхында ролу абдан чоң. Ошондуктан ушул датаны улуттук масштабда белгилесек жакшы болот эле”, – деди Э.Нурушев.
Мамлекеттин летописи…
Кыргыз эл акыны, гезиттин экс-редактору Жедигер СААЛАЕВ бул мааракеде “Кыргыз Туусунун” сырт кабарчылары да унутта калбашы керектигин айтты. “Кыргыз Туусунун” 90 жылдыгында да ал кездеги Президент Атамбаевге мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан негизги рупор “Кыргыз Туусу” экенин жеткизе албай, ортого Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаевди салып айлабыз кеткен. Кийин мамлекеттен “Азаттыкка” акча бөлүнгөндө кызыл чеке болгонбуз. Быйыл да ошондой болбошу үчүн мамлекеттин тарыхын, летописин жазып келе жаткан, мамлекеттик саясий оор жүктү аркалаган “Кыргыз Туусу” гезити экенин Президентке, элге жеткирсек, 100 жылдыкка байланыштуу көп маселелер өзүнөн-өзү чечилип калат эле”, – деп агынан жарылды.
***
Редакторлордун жолугушуусунун аягында, төрт редактордон турган демилгечи топ түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кыргыз басма сөзүнүн башаты болгон “Эркин Тоо” – “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдыгын белгилөө боюнча кайрылуу кат жолдоо чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.ЖАПАРОВго
Кыргыз басма сөзүнүн башаты болгон «Эркин Тоо» – «Кыргыз Туусу» гезитинин 100 жылдыгын белгилөө боюнча сунуштар
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Учурдагы “Кыргыз Туусу” басма үйү Кыргыз мамлекеттүүлүгү менен тагдырлаш. 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлсө, андан көп өтпөй 7-ноябрда ошол Кыргыз мамлекетинин улуттук алгачкы басылмасы “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) деген ат менен уюштурулган. Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү 7-ноябрда белгиленип жатканы да ушул дата менен байланышкан.
Анын алгачкы саны Ташкентте жарык көргөн. Аны чыгаргандардын бири Ишенаалы Арабаев: …Кыргыз – кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып отурат. Бул гезиттин табын аягы көңүлдү элжиретип, көздүн
жоосун алган эркиндик менен тоону кошуп – “Эркин Тоо” койдук… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!” деп жазган.
Мына ушул сөздөр кыргыз элинин соңку тарыхындагы алгачкы кыргыз басылмасынын орду канчалык зор болгондугун көрсөтүп турат! Ошондуктан кыргыздын алгачкы гезити болгон “Кыргыз Туусуна” катардагы басылмалардын бири катарында мамиле жасоо – жаңылыштык болмок.
Белгилүү окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин маалыматы боюнча, учурда Казакстанда 1916-жылга чейин чыгып турган “Сарыарка” гезитинин архивдик сандарын 2 томдук, “Казак” гезитиникин — 5 томдук, 1921 – 1925-жылдары Түркстан АССРинин гезити болуп чыккан “Ак жол” гезитиникин – 20 томдук китеп кылып чыгарышып, азыркы жана болочок муундарга жеткиликтүү болушуна кам көрүп жатышат.
Анткени, тарыхын билбеген муун – манкуртка айланат. ªзгөчө эл аралык чөйрөдө, ошондой эле кыргыздардын өз алдынча мамлекеттүүлүк алышынын пайдубалы түптөлгөн совет мезгилин жамандоо боюнча маалыматтык согуш күч алган азыркы убакта соңку тарыхыбызды жаштарыбызга таанытуунун мааниси зор.
Быйыл 7-ноябрда “Эркин Тоого” – азыркы “Кыргыз Туусуна” 100 жыл болот. Мына ушул датага карата кылым карыткан, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, чыңдалышына зор салым кошкон, мамлекеттин летописчиси болгон улуттук басма сөз каражатынын бир кылымдык мааракесин белгилөө, ал боюнча даярдык иштерин жүргүзүү жана азыркы оор учурда улуттук тарыхый мурас да болгон гезитти сактап калуу гана эмес, өнүктүрүү үчүн финансылык колдоо көрсөтүү зарылдыгы болуп турат.
Анткени, бир кылым аралыгында “Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан”, “ Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” аталыштары менен жарык көрүп келген, кыргыздардын басып өткөн соңку жолунда зор из калтырган алгачкы улуттук гезиттин орду баа жеткис. Аны сактап калуунун гана эмес, келечек муундар үчүн заманбап талаптарга жооп бере тургандай өнүктүрүүнүн тарыхый, саясий, маданий жана идеологиялык мааниси чоң.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизди кыргыздардын басып өткөн жолунда зор из калтырган алгачкы улуттук гезитти сактап калуунун гана эмес, келечек муундар үчүн заманбап талаптарга жооп бере тургандай өнүктүрүүнүн тарыхый, саясий, маданий жана идеологиялык маанисин жакшы түшүнөт, ошондуктан, бул маселеге терең маани берип, төмөндөгү сунуштарыбызды колдоп берет деп ишенебиз:
- “Кыргыз Туусу” басма үйүнє финансылык колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз мамлекетинин тарыхын, маданий экономикалык өнүгүүсүндө аткарган ролун эске алып “Кыргыз Туусу” гезитине I Даражадагы “Манас” орденин берүү;
- “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин 1924-1927-жылдардагы арап тамгасында чыккан сандарын, кириллицага которуп чыккан бир тууган окумуштуулар Гүлзада жана Топчугүл Нармаматовалардын “Эркин Тоо” 1924-1927-жылдар” китебин чыгаруу;
- “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп, өз салымдарын кошушкан калемгерлерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу;
- “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу белгилөө.
Тилектеш ИШЕМКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, “Советтик Кыргызстан” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 1986-1993-жылдардагы редактору.
Эсенбай НУРУШЕВ, журналист, публицист жана Айтматов таануучу, “Советтик Кыргызстан” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 1984-1991- жылдардагы редакторунун орун басары.
Курманбек РАМАТОВ, Кыргыз Рес-публикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, “Советтик Кыргызстан” азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин 1994-1996-жылдардагы редактору.
Абдиламит МАТИСАКОВ, Кыргыз эл жазуучусу, “Даңк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, “Кыргыз Туусунун” 1993-1994 жана 1996-2005-жылдардагы редактору.
Бакыт ОРУНБЕКОВ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Журналистика” факультетинин ага окутуучусу, “Азаттык” радиосунун баяндамачысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Кыргыз Туусунун” 2005-2006 жана 2010-2013-жылдардагы редактору.
Жедигер СААЛАЕВ, Кыргыз эл акыны, “Кыргыз Туусунун” 2006-2008 жана 2013-2015-жылдардагы редактору.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, тарыхчы, публицист, журналист жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, “Кыргыз Туусунун” 2008-2010 жылдардагы редактору.
Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы, III даражадагы “Манас” орденинин ээси.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору-башкы редактор.