whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коомЖээнбек Кулубаев Нью-Йоркто ЕККУнун учурдагы төрагасы менен жолукту

Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто ЕККУнун учурдагы төрагасы менен жолукту

Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы – Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Ян Борч менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу диалогду активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын потенциалдуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде, эл аралык аренада кызматташууну талкуулашты.

Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги тууралуу маалымат берип, колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле уюмдагы Мальта төрагалыгынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев ЕККУнун төрагасы И.Борчтун Уюмдун жаңы жетекчилигин дайындоо боюнча аракеттерин Кыргыз Республикасы колдой тургандыгына ишеним билдирди.

Өз кезегинде төрага Борч Мальта төрагалыгы ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүн толук колдой тургандыгын белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар