Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

К.Малабашев атындагы ЖДПБнун директору Ырыскан КОЖОКЕЕВА: “Материалдык-техникалык базабыз чыңдалды”

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтү Токтогул районунан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймак. Бул аймакта кыш дээрлик 4-5 айга чейин созулат. Кыйынчылыкты жараткан кыш мезгилинин узакка созулушу анда жашаган калктын ден соолугуна да өз таасирин тийгизбей койбойт.
Аталган аймактагы жергиликтүү тургундардын саламаттыгын сактоо боюнча элге медициналык жактан тейлөө көрсөтүп келе жаткан К. Малабашев атындагы ЖДПБнын ишмердиги тууралуу аталган борбордун директору Ырыскан Кожокеева айтып берди.

 – Ырыскан Алымкуловна, сиз жетектеген Жалпы дарыгерлер практикалык борборунан дарыланган калктын саны канча жана анда кандай бөлүмдөр бар?

– К.Малабашев атындагы ЖДПБда 1 оорукана, 2 УДТ, 3 ФАП бар. 21 койкалуу ооруканада терапия, балдар бөлүмү, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү иш алып барат. Терапия бөлүмүндө жүрөк, кан тамыр оорулары, өнөкөт өпкө оорулары, бөйрөк жана тамак сиңирүү органдарын дарылоо жүргүзүлөт. Биздин борбордо 4 врач, 45 мед-айым, 13 кенже медициналык кызматкер жана ар кандай жумуштарда 18 жаран эмгектенет.

ЖДПБ жалпысынан жерги­ликтүү калкты медициналык жактан тейлейт, тактап айтканда, 14898 жаранды, анын ичинен 1 жашка чейинкилер – 197, төрөт жашындагы аялдар –  2785, 14 жашка чейинки балдар – 4309, пенсия курагындагылар – 1226, ЧАЭС ардагерлери – 4, иштегендер – 617, ишкерлер – 77, жөлөк пул алгандар – 423, студенттер – 443, мектеп жашындагы балдар – 4817, Баатыр энелер – 101.

– ЖДПБнун материалдык-техникалык базасы учурдун талабына жооп береби?

– ЖДПБнун материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Анткени арабдардын “Катар” фонду тарабынан Ничке-Сай айылына 3 658 000 сомго жана Элмирбек Иманалиев айылына 9 000 000 сомго УДТ курулду. Ошондой эле бюджеттин каржылоосу менен 3 780 000 сомго Кең-Туулук айылына ФАП курулуп, ишке берилди. Ничке-Сай айылындагы УДТнын жана оорукананын айланасы тосулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мамлекеттин каржылоосу менен оорукананын №14 УДТсы капиталдык ремонттон өттү жана УДТ №14-15ке от казандар салынып, көмүр менен жылытууга шарт түзүлдү.

Төрөт бөлүмүндө 3 рециркулятор, 1 төрөттө колдонулуучу көп кырдуу кресло, 1 балдар үчүн электрондук тараза, 1 фото лампа, 1 ымыркайлар столу, 1 сухожаровый шкаф, 1 аспирационный аппарат, 1 инфузомат аппараты жана дары-дармектерди сактоо үчүн 1 муздаткыч алынды. Балдар бөлүмүнө 1 кислород концентратору, дары-дармектерди сактоо үчүн 1 муздаткыч, 1 ЭКГ аппараты жана ингалятор аппараты алынды. Тез жардам бөлүмүнө дары-дармек сактоо үчүн 1 муздаткыч, 1 ЭКГ аппараты, 1 жүрөк текшерүүчү аппарат жана 1 кислород концентратору алынды.

2024-жылга УЗИ жана рентген аппаратын алууну пландап жатабыз. 2023-жылдын эсебинен ооруканага Некся Газель тез жардам автоунаа-сы келди. Оорукананын материалдык-техникалык базасы жакшырып, медициналык мекемелерибиздин имараттары оңдоодон өттү. Лабораториябыздын имараты эскиргендигине байланыштуу жаңы имаратка көчүрүлүп, “мочевой анализатор” аппараты менен  камсыздалды, оорукананын ашканасы  чоңойтулуп, бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Замандын талабына ылайык оорукана, УДТ, ФАПтарда интернет чубалгылары тартылып, компьютер менен камсыз болушту.

– Медициналык камсыздоодон өткөн жана өтпөгөн жарандарды  тейлөөдөгү  айырмачылыкка токтолсоңуз…

– Калк арасында медициналык камсыздоодон өтпөгөн адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды медициналык  камсыздоодон өткөрүүгө аракеттенип жатабыз. Эгер медициналык камсыздоодон өткөн жарандар ооруп келсе, камсыздандыруу полиси менен дары-дармекке рецепт жазылып берилип, ал бейтаптар дарыканадан дарыларды жарым баасында алат. Ошондой эле ооруканага жатып дарыланса да мамлекеттик кепилдик программасына ылайык, жеңилдетилген суммада төлөм төлөшөт. Ал эми медициналык камсыздандыруу полиси жок жарандарга ооруканага жатканда да, дары-дармек сатып алууда да жеңилдик берилбейт. Мындан тышкары кош бойлуу аялдар 12-жумалыгына чейин каттоого турса 040 формасындагы рецепт жазылып, дары-дармек менен камсыз болот. Мындай медициналык тейлөө мамлекеттик кепилдик программасына ылайык №493 буйруктун негизинде жүргүзүлөт.

– Дарыгерлер же-тиштүү элеби? Жугуштуу ооруларга каршы вакцинациялоо жана балдарды эмдөө кандай жолго коюлган?

– Биздин ЖДПБда дарыгерлердин жетишсиздиги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Биздин борборго хирург, терапевт, акушер гинекологдор жана УЗИ, рентген аппараттары жетишсиз.

УДТда ооруларды алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү калкты тейлөө ар бир участокко бөлүнгөн. №1131, № 718, №36 буйруктардын негизинде ар бир баланын жаш курагына жараша пента вакцина, көк жөтөлгө, кептөөргө, шалга, кызамыкка, ич өткөккө, пневмококко, кызылчага, тепмеге жана ВПЧга каршы медициналык эмдөө жүргүзүлүп турат.

2023-жылдан тартып аялдар арасында жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн он бир жаштан баштап кыздар арасында ВПЧ вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүп келет. Айрым диний көз караштагы үй-бүлөлөр эмдөөдөн баш тартышат. Бирок үй-бүлөлүк медайымдар  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, аларды эмдөөгө аракеттенишүүдө. Ошондой эле эки жылдан бери кызамык көп катталгандыктан, бул оорунун кесепеттери боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада эмдөөдөн баш тарткандарга кызамык оорусуна каршы эмдөө жасалууда.

– Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын иш-чараларынын программасынын негизин эмне түзөт жана пакет (PEN) – 5 протоколу боюнча кайсы оорулардын алдын алса болот?

– Пакет (PEN) программасы Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар тарабынан сунушталган программа. 2023-жылдан бери Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарынын жугуштуу эмес ооруларга караштуу иш-чараларынын пакет (PEN) – 5 протоколунун негизинде иш алып барылууда. Программанын негизин калкты инфаркт жана инсульт ооруларынан алдын алуу түзөт жана ошондой эле РEN 5  протоколунун негизинде «Д» учетто турган кант диабети жана гипертония оорулары менен ооругандарга үй-бүлөлүк медайым ар бир бейтап менен бейтаптар мектебин өткөрүшөт.

Быйыл 5 жаран Токтогул  районунан эндокринологдон кеңеш алышып ЖДПБга оорулуулардын «Д» категориясына каттоого алынды. Кант диабети менен учетто турган инсулин алган бейтаптар мамлекет тарабынан бекер камсыз болушат. Кант диабети менен каттоодогу бейтаптар жугуштуу эмес оорулар боюнча үй-бүлөлүк медайымдар тарабынан көзөмөлгө алынып, атайын семинарлар өткөрүлүп турат.

– Аймакта кайсы жугуштуу оорулар көп катталат жана алардын алдын алуу боюнча кандай чаралар көрүлөт?

– Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен жугуштуу оорулардан эхинококк, альвеококк жана бруцеллез оорулары көп катталат. Медайымдар мал дарыгерлер менен биргеликте иш алып барышат. Кайсы бир жарандан бруцеллез оорусу катталса, мал дарыгерлери уйлардан кан  алып, Токтогул районунун ветеринардык лабораториясына жиберишет. Оору жуктуруп алган жаранды дарылоо менен бирге медайымдар анын үйүнө барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт жана ар бир айыл аймактарда семинарларды өткөрүп турушат.

Мындан тышкары өнөкөт вирустук гепатиттер жылдан жылга көбөйүүдө. Учурда 77 жаран каттоодо турат. Биздин борбор гепатитке текшерүү үчүн атайын ЭТ (экспресс  тест) менен  камсыздалган. Ар бир жаран тест менен текшерилет, жыйынтыгында терс болуп чыкса үч жолу эмдөөдөн өткөрүлөт.

Ал эми экспресс тест менен текшерүүдө көрсөткүчү начар чыккандардан анализдер алынып, каттоого алынып, Токтогул ЖДПБнын гепатологуна жөнөтүлөт.

Ошондой эле туберкулез оорусун алдын алууда №429, №670 буйруктардын негизинде жана кошумча көрсөтмөлөр, клиникалык протоколдордун негизинде иш алып барабыз. Туберкулез менен катталгандардын саны – 23. 2024-жылда 3 адам каттоо-го алынса,  анын ичинен бирөө жаш бала. Каттоого алынгандардын баары рентгенден өткөрүлүп, анализ тапшырып, Токтогул райондук тубкабинетте каттоодо турушат. Мындан тышкары акыркы жылдары кант диабети менен ооругандар көбөйдү. Бул диагноз менен учурда 100 адам каттоодо турат.

Вера Беделбек “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар