Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Кызыл китеп көйгөйү: Тараптар эмне дейт?

Ош шаарынын тургуну Асель Абирова журналисттерге кайрылып, апасы Кадырова Фаридага таандык үйгө Мамлекеттик акт (кызыл китеп) ала албай жатканын айтып чыкты.

Анын айтымында, жерди 1998-жылдары атасы сатып алган. 2001-жылы алган жерине үй салып жашай башташкан. Бирок, учурда ошол үйгө кызыл китеп ала албай жатышат. Президент “Жер укуктук маселелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койгондон кийин “Биздин үйгө да кызыл китеп чыгып калат экен”, – деп сүйүнгөнү көпкө узаган эмес экен. Себеби, мэриянын кызматкерлери бул үй өнөр жай аймагында экенин айтышкан.

“Атам өмүрүнүн 40 жылын медицинага арнады. Ал кишинин көзү өтүп кетти, апам болсо оорукчан болуп калды. Мэриядагылар бул жер өнөр-жай аймагында экен деп кызыл китеп бербей жатышат. Акчаң жок болсо эч ким карабайт экен”, – дейт.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, 3 сотых жерде салынган үйүнө кызыл китеп чыгарып берүүгө көмөктөшүүнү суранып, колунда Техникалык паспорт бар экенин айткан.

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Жеке турак жай куруу бөлүмүнүн жетекчиси Жакшылык Токтогон уулу Фарида Кадырова эмне үчүн жашаган үйүнө кызыл китеп ала албай жатканы боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берген.

“Жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын катчысымын. Бизге Ош шаа-ры боюнча үч миңден ашуун арыз түштү. Анын ичинен миңге жакынына кызыл китеп чыгарып бердик. Фарида Кадырова 2023-жылдын башында бизге арыз жазган, биз тийиштүү мекемелерге кат менен кайрылганбыз. Шаардык архитектура Ф.Кадырованын үйү өнөр-жай багытындагы аймактын ичинде болуп катталгандыктан, кызыл китеп чыгарып берүүгө болбойт деп жооп беришти”, – дейт Токтогон уулу.

Ал комиссиянын төрагасы тарабынан шаардык архитектурага бул үйлөр 2021-жылга чейин эле курулуп, адамдар жашап жатканын, документтештирип берүүнүн жолдорун карап чыгуу боюнча кайрадан кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Мамлекеттик курулуш агенттиги өнөр-жай багытындагы жерлерге кызыл китеп чыкпай турганын, башкы планды бузууга эч кимдин укугу жоктугун айтып жооп берген.

Өкмөттүн токтому менен 2016-жылы Ош шаарынын башкы планы 2025-жылга чейин бекитилген. Ф. Кадырованын кошуналары 2016-жылга чейин жашап жаткан үйлөрүнө Мамлекеттик акт алышкан. Ал эми 2016-жылдагы башкы планга ылайык, анын үйү өнөр-жай аймагында калып калган.

Ал эми Ф. Кадырованын колундагы Кадастр мекемеси берген Техникалык паспорт эч кандай юридикалык күчкө ээ эместигин Токтогон уулу айтууда.

“Бул техникалык паспорт эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Себеби, бул жерде пайдалануучу деп жазылып турат. Жеке менчик ээси деп бериш үчүн сөзсүз укукту аныктоочу документтери болушу керек. Токтом, сатуу-сатып алуу келишими, соттун чечими деген сыяктуу. Азыркы күндө ал жер эч кимдин укугуна катталган эмес”, – деп түшүндүргөн Токтогон уулу.

Ал эми “Жер укуктук маселелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамына ылайык, өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган үйлөргө, айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз болгон жерге салынган, айыл чарба багытындагы жерге документи бар жарандарга, багбанчылык-дача участокторуна салынган үйлөргө Мамлекеттик акт чыгарып берүү каралган.

Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар