Дастанчылык – уникалдуу өнөр. Дастанчыда аткаруучулук, обончулук, төкмөлүк, комузчулук, чечендик касиет да болушу керек. Ошондон улам бизде бул өнөргө жан дили менен берилип, аны аркалагандар саналуу. Алардын сап башында белгилүү дастанчы, чебер аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Өмүрзак КАЙЫПОВ агабыз бар. Замандашыбызды кепке тартып, чыгармачылыгы, дастанчылык өнөрү боюнча баарлаштык.
– Өмүрзак мырза, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу элестүү эскерүүлөрүңүздү окуп калып жүрөм. Экөө тең нарк, насилди, каада-салтты мыкты билген, кең пейил адамдар болгон экен. Ал кишилерден сизге эмне калды?
– Илгертен “Наристенин көзүнө ата-эне кандай көрүнсө бала ошондой калыптанат” деген улуу сөз бар. Анын сыңарындай, ата-энемдин тарбиясы менен бирге эле алардын улуулугу, нарктуулугу, салттуулугу, кенендиги оюмда, кан-жанымда калып, алигиче мени менен жашайт. Ата-энем адамдык улуу сапатты байлык, бийлик, дүнүйөдөн биринчи койгон инсандар эле.
Агаларым, эжекелеримдин баары комуз менен ырдап, куюлуштура сүйлөшөт. Болгону алар муну кесип катары аркалашкан жок. Көпчүлүгү айылда мал чарбачылык, эгин талаа менен, дагы бири айыл өкмөтүндөгү кызматы менен калышты. Арабыздан Зинакан Кайыпова деген эжекем гана КТРКнын “Биринчи радиосунда” эмгектенет. Учурда ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болду. Элеттеги туугандарым коомдук маданий иш-чараларда, той-топурларда ырдай калып жүрүшөт.
– Былтыр сиз жетектеген “Дастанчы” коомдук фонду терме-санат, айтыштар, жоктоолор, ашыктык арман ырлары, казалдарды камтыган “Улуу Мурас” китебин 500 гана нуска менен чыгарып, тилекке каршы, сатыкка чыкпай калды. Муну кайра бастырып, элге жайылтуу жагын ойлонуп жатасыздарбы?
– Элден бул китепке суроо-талап көп болгондуктан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте дагы 1000 нуска чыгардык. Анын көбү министрликте калып, азыраагын бизге беришти. Алар азыр китепканаларга, окуу жайларга, маданий мекемелерге таратылып жатса керек. Эгер ал да аздык кылып сурагандар көп болсо, балким, дагы министрликке же меценаттарга кайрылып кайрадан чыгарсак болот. Чындыгында бул китеп дастанчылык өнөрдү аркалаган инсандарга, таланттарга өтө керек. Менин студент кезимде көксөгөн нерсем да ушул болчу. Ошол чыгармачылык өмүрүмдөгү жетишпеген нерселерди долбоор кылып жаздык эле, ал чет өлкөлүк “Кристенсен” фондунун колдоосу менен китеп болуп чыкты. Мунун ичинде кыргыз элинин эски, нарктуу элүү чыгармасы бар. Өзүңүз көрүп тургандай бул жакта ырлардын оригинал тексти, нотасы жана чыгарманын QR коду түшүрүлгөн. Бул код аркылуу окурмандар ал чыгармаларды угуп, көрө да алышат. Кыскасы, бул китепти колуна алган адам 50 чыгарма боюнча толук маалыматка ээ болот жана аларды жеткиликтүү деңгээлде өздөштүргөн таланттын репертуары да кенен болот десем жаңылышпайм.
– Дастандарды жан дүйнөгө, тулку бойго сиңирип, жүлүнгө жеткире айтасыз. Өзүңүз бир мыкты дастан жаратсам деген оюңуз барбы?
– Менин кемчилигим, жаңылыштыгым – ушул кезге чейин мен улуу залкарлардай, өзүнчө бир чалкып жаткан мухит таланттардай чыгарма жарата албаган соң алардын чыгармаларын эле ийине жеткире аткарайын деп жүрдүм. Ойлоп көрсөм бул чекилик экен. Алардын деңгээлине жетпесем дагы өзүмдүн деңгээлиме жараша чыгарма жарата берсем болмок окшойт. Муну айтканым, мындан беш-он жыл мурда Арстанбек атанын чыгармалары жазылган брошюраны колума алып калдым. Андан залкардын керемет саптарын окуп отуруп бир башка дүйнөгө кирдим. Анан анын бир эки чыгармасынан оюма туура келгендерин чогултуп туруп “Арстанбектен алп саптар” деп иштеп чыккам. Анын сөзү Арстанбектики, обонунун өзөгү Токтогул атабызга таандык. Бирок, обонду тексттин муунуна, маанисине жараша иштеп чыктым. Ал элге жарыяланып бүгүнкү күнгө чейин жаман пикир уккан жокмун. Учурда ушундай кылып дагы бир тексттерди чогултуп иштеп көрсөмбү деп жүрөм.
– Сиздин аткарууңуздагы чыгармалар маанилүү, маңыздуу, ошол эле кезде өтө уккулуктуу. Той-аштарга, үй-бүлөлүк жакшылыктарга чакырышкандар да көп болсо керек…
– Көп чакырышат. Бирок, мен чакыргандардан: “Ал кандай той? Чын эле ошол жерге мен керекминби?” – деп сурап, эски чыгармаларды, дастандарды, термелерди уга турган жакшылыктар болсо гана барам. Анан дароо эле “Нукура кыргыз, нарк, салт жыттанган ыр керек десеңер ырдап берейин. Жөн эле ырдап коюңуз десеңер, тим эле коёлу”, – деп айтам. Бирок, ошол өнөрдү өстүрүп жаткан эл. “Сүрөөнчү күлүк чаптырат, жандоочу кийик аттырат” дегендей эл өнөрдү сыйлап, эл аны бөпөлөп бакпаса өнөр өспөйт.
– Жолболду Алыбаевдин “Дана кыз” чыгармасын оркестрге салып, театралдаштырып жакшы алып чыктыңыздар. Дагы башка чыгармаларды ушундай өңүттө элге жайылтуу оюңуздар бар?
– Чынында эски ырлардын бардыгын жаңы нукта алып чыкса болот. Жолболду агабыздын “Дана кыз” чыгармасы ал кишинин 72 курактагы ыры экен. Ага чейин аны өзү, окуучулары ырдап жүрүптүр. Мен ырдап чыккандан кийин эл мурдагыдан да жакшы билип калды окшойт. Айтайын дегеним, эскиби, жаңыбы, ага көркөмдүк берип, элге жагымдуу нукта алып чыгып койсоң элдин жүрөгүнөн орун алат.
Тилекке каршы, азыр элге жайылып, азыркыча айтканда “хит” болуп, миллиондогон көрөрман топтогон чыгармалар да бар. Бирок, алардын обонунда жүрөккө илип калар бир кайрык, текстинде түбөлүк жашап кала турган бир сап жок. Андай чыгармалар бир-эки жыл уу-дуу болгону менен кийин андан эл ичинде эч нерсе калбайт. Кумга сиңген суудай жок болот. Ал эми оор, салмактуу, эл аз укканына карабай кылымдап жашап кете турган, биз жылдап-жылдап убакыт коротуп элге алып чыккан ырлар, дастандар, термелер түбөлүктүү деп билем.
– Былтыр “Эл ырчысы Эстебес тобу” эл кыдырып келдиңиздер. Эл аралап жүрүп эмнени байкадыңыздар?
– Эл арасын кыдырганда айылдык клубдарда, маданият үйлөрүндө толук кандуу концерт койгонго дээрлик шарт жок экенин көрдүк. Мисалы, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун койлумдарында окуялардын бир учурдан экинчи учурга өткөнүн чагылдырыш үчүн айланма сахна керек. Ошондуктан филармониянын залында коюлган концерттерди айылдык клубдарда коё албай калып жаттык. Тек гана сахна, микрофон бар экен. Нарктуу, салттуу, ойлуу концерттерибизди облустук борборлорго гана койдук. Быйылкы жылдын эсеби менен азыр бир топ айылдык, райондук клубдар оңдолуп жатыптыр. Балким, кийинчерээк ошол жакшы-жакшы концерттерибизди коюп калаттырбыз.
Менимче азыр маданиятка мамлекет тарабынан көңүл бурулуп өсүү жолуна түштүк десек болот. Айрыкча улуттук, салттык багыттагы музыкалык-аспаптык өнөрлөргө жакшы көңүл бурула баштады. Мамлекетибиздин маданий келечеги алдыда.
– Маданият демекчи, жакында таанымал теле алып баруучу жаш өнөр адамдарынын китеп окубаганын, изденбегенин айтып өттү…
– Сиз туура айтып жатасыз, окубаган адам менен окумал инсандын деңгээли дароо эле көрүнүп калат. Музыкалык жааттан алганда деле окуган, дүйнөлүк адабияттан, тарыхтан, окуялардан кабардар адамдын, обончулардын жаратканы ошондой деңгээлде чыгат. Ошону менен бирге эле алкактын ичинен чыкпаган обончу, өнөрпоздорубуз деле бар. Алардын чыгармаларынан эле ким экенин билесиң. Китеп бул – жарык, адамдын жан дүйнөсү, өсүмү, интелллектуалы, дүйнө таанымы да. Менимче, төкмөлүк өнөрдө акындардын кругозору өтө терең, бийик болушу керек. Бир гана кыргыздын тарыхын, адабиятын эмес, кошуна мамлекеттеги, дүйнө өлкөлөрүндөгү улуу-улуу чыгармалардан, окуялардан кабардар болушу керек. Антпесе, бетме-бет төгүп аткан учурда каршылашынын күтүүсүз берилген суроосуна акын түшүнбөй да калышы мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, азыркы жаш өнөрпоздорубуз китеп көп окушпайт, маани да беришпейт. Болбосо Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Аалы Туткучев байма-байма китеп окуп, жан дүйнөсүн өстүрүп, маалымат топтогон инсандар. Ошон үчүн кайсыл убак болбосун булар төккөндө нарктуу, салтуу ойлор чыгып, уксаң кулагыңдын кычуусу канып, көңүл тоёт. Аны менен кошо бир-эки сап кошсом мен деле кыйын болом деп жүргөн акындарыбыз да жок эмес.
– Бир кезде таланттардын башын бириктирген “Илхам” жаштар уюмунда да болгон экенсиз. Алардын таасири менен калем кармап проза, поэзия, макала жазып койгон учурларыңыз барбы?
– Мен ырдаганга чейин комузду жакшы ойноп, күүлөрдү чертчүмүн. Бул жакка келип окуп калганда комузга жан салган Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев деген лөктөр менен жүрүп калдым. Ошолорду уккандан кийин мен жөн эле терме, санат, дастан айтайынчы, күүнү ушул досторум чертсин деп аны да токтотуп коюпмун. Дал ошол сыңары Шайырбек, Элмирбек, Нурлан, Рысбай, Зайыр сыяктуу жаш таланттар сонун нерселерди жаратып жатса мен ушуларды жөн эле угайынчы деген ойдо калыпмын. Алардын поэзиясынан рахат алып, алардын сүйлөгөн сөздөрүн, жүргөн жүрүм-турумун анализдеп жашап келдим.
– 3-4-класстан эле өнөргө аралашып, борборго келип окупсуз, филармонияда көп жыл иштепсиз. Залкарлардан кимдер менен аралашып калдыңыз?
– Биздин замандын залкарларынын дээрлик бардыгынын колун кармап, ээрчишип калдым. 1994-жылы Алымкул атабыздын 100 жылдыгына карата өткөн дастанчылар конкурсунда мен баш байгени утуп алдым. Анда мен студент элем. Эстебес атабыз калыстар тобунун төрагасы болчу. Конкурска биринчи катышкандыктан анда болгон аракетимди жасагам. Кандай деңгээлде ырдадым билбейм, бирок, Эстебес атабыз ошондо эки санын таяна отуруп, ынтаа коюп угуп аягында мага батасын берген. Агезде белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин окуучусу болчумун. Конкурс жыйынтыкталганда гана Замирбек агай туруп: “Конкурс атамдын атынан өтүп жаткандыктан калыстар тобунда ары-бери болуп кетпесин деп атайын айткан жокмун. Эми айтайын, Өмүрзак Кайыпов менин окуучум”, – дегени эсимде. Кыскасы, ушинтип Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай аталардын анча-мынча жерлерде айтылбай турган окуяларынан бери билдик.
– Замирбек Үсөнбаевдин окуучусу боло туруп эмнеге төкмөлүктү аркалап кеткен жоксуз?
– Ал жанагы эле өзүмө өзүм чектөө койгондуктан да. Болбосо мен деле төкмөкмүн. Болбой эле ырдайм деп терме, санат, дастандарды жаттап отуруп алыпмын.
– Бир маегиңизде чыныгы дастанчы Элмирбек Иманалиев деп айтыпсыз. Сиздин оюңузча нукура дастанчы кандай болуш керек?
– Ошол оюм туура. Себеби, дастанчы бир эле мезгилде акын, дастанчы, төкмө, комузчу, манасчы да болуп, кыргыздын салттык өнөрлөрүн боюна сиңириш керек. Андайлар Токтогул, Калык, Алымкул аталарыбыз. Алардын убагында бирден-экиден жазылып калган чыгармалары бар. Ошолорду укканда менин жан дүйнөм ушундай ырахат алат. Демек, алар төгөрөгү төп келген, бардык жагынан бийик деңгээлге жеткен инсандар болгон. Азыр биз же дастанчыбыз, же ырчыбыз, же манасчыбыз, же төкмөбүз. Баарын камтып кеткен өнөрпоздорубуз аз. Аз эмес жок. Мына ошол өнөрлөрдү алып жүргөн менин ини досум Элмирбек Иманалиев болчу. Экөөбүз күндөп-түндөп чогуу жүрүп калдык.
Бир жолу Элмирбек менен Болот Токтобаев экөөнү айылыма ээрчитип бардым. Барсак эл Узун Акмат дарыясынын жээгине кенен дасторкон жайышыптыр. Болот Токтобаев кичинекей Нурбек деген баласын алып алган. Көпүрөдөн өтүп дасторконго эми отурганда Элмирбек: “Өмүке, сиздер отура бербейсиздерби. Мен азыр тээтиги аскаларды аралап кетип калгым келип жатат. Мага уруксат бербейсизби?” – деп калды. Көрсө, ал Чыңгыз Айтматов “Токтогулдун ноталары жазылып калган аскалар” деп айткан Жараткан кесип койгондой типтик аскаларды аралагысы келип жатыптыр. Мен пендечилик кылып: “Эмике, мобул дас-торконду булар мага жайбайт. Бул элдин Болот экөөңөргө болгон урмат-сыйы. Эл силер менен отургусу келип дасторконду ушул керемет жерге жайды да”, – десем “Аа туура Өмүкө байке, ошентишти ээ”, – деп отуруп калды.
Азыр өкүнөм, ошондо ага уруксат берсем, балким дагы бир керемет чыгарма жаралып калмак окшойт. Анткени ал айыл кадимки Токтогул атабыздын айылы, ошол киши басып жүргөн жер болчу. Элмирбекке ошондо бир башкача эргүү келип кетсе керек да. Улуу өнөрпоздордо ушундай учурлар сейрек болот.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”