Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Абдышүкүр АБДИЛАТИПОВ: “7,5 айлык кош бойлуу эненин мээсине операция жасадык”

Андай-мындай дегенибиз менен кыргыздар  чет өлкөлөрдө жүргөн айрым мекендештерибиз менен сыймыктансак болот. Бирөөлөрү иштеп жүрүп бизнес жагынан ийгилик жаратса, кээ бир кыргызстандыктар окуусун сырттан улантуу менен илимде, медицинада, курулушта жана башка тармактарда өзүн көрсөтүшүүдө. Бул жолу мекендешибиз, Новосибирск шаарынын нейрохирургия бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип жаткан Абдишүкүр АБДИЛАТИПОВ менен баарлаштык.

– Абдишүкүр мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсыл жердин кулунусуз?

– Мен Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан деген жеринен болом. 7-класска чейин Өзгөн шаарындагы Курманжан датка мектебинде окудум. Кийин окуумду Куршабдагы А.Танатаров мектебинде улантып 10-классты Бишкектеги А. Осмонов мектебинде аяктадым. 11-классты кайра Куршабга келип бүтүрдүм. 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик И. Ахунбаев атындагы медицина академиясына тапшырып, 2013-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Учурда бир уул, эки кыздын атасымын.

– Россияга сиз кайсы максаттар менен, кайсыл жылы кеттиңиз эле?

– 3-4 курста окуп жүргөндө неврология, нейрохирургия илимдерине кызыга баштадым. Ошол учурда биз окуган медициналык китептердин авторлору, белгилүү академиктер Коновалов, Гусев, Никифоровдон барып тажрыйба алсам деген максаттарым бар эле.

2013-жылы жогорку окуу жайын бүтүп, Москва шаарындагы Н.Н Бурденко атындагы нейрохирургиялык илимдер борборунун ординатурасына тапшырдым. Бул борбор нейрохирургия боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги медициналык мекемелердин бири болгондуктан  бул жерде эң татаал нейрохирургиялык операциялар жасалат. Ошол себептен дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кандай бейтаптар түрдүү оорулар менен бул жакка кайрылышат. Илимий борбордо ушул тапта да академик А.Н Коновалов иштейт. Студент убагымдагы тилегим орундалып, сегиз жыл ошол жерде иштеген академик, профессорлордон эбегейсиз тажрыйба алдым. 2018-жылы ординатураны аяктап, ошол эле жылы аспирантурага өттүм. 2021-жылы диссертациямды ийгиликтүү жактап, медицина илимдеринин кандидаты илимий наамын алдым. Ошол кезден ушул күнгө чейин Новосибирск шаарындагы нейрохирургиялык борбордо эмгектенип келем. Бул борбор да дүйнөлүк деңгээлдеги ири медициналык борборлордун бири. Бул жерде өтө татаал болгон нейрохирургиялык операцияларды жасап жатабыз.

– Чет жакта жүргөндө кандай кыйынчылыктар болду?

– Көп эле кыйынчылыктар болду. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда чет өлкөлөрдө окуган жаш студенттерди, кесипкөй жарандарды колдой турган атайын мамлекеттик программа жок. Мисалы, өнүккөн мамлекеттерде сыртта билим алган студенттерге жакшы стипендиялар төлөнүп берилет. Ошону менен студенттер окуп, эмгек тажрыйбасын арттырып, кийин өз мамлекетине кызмат өтөп беришет. Алыска барбайлы, бизге кошуна турган Казакстанда ошондой программалар бар. Бизде да мамлекет тарабынан ушу нерсе колдоого алынса экен дейм. Чынын айтыш керек, башында мага ата-энем финансылык жардам көрсөтүп тургандыктан ушул деңгээлге жетип отурам. Болбосо,окуумду таштап коёт белем, ким билет?

– Чет жерде жүрүп Мекендин кадырын жакшы түшүнсөңүз керек?

– Албетте, алыста жүр-гөндө өз мекениңди, ата-эне, бир тууган, тууган урук, досторуңду сагынасың. Бирок уюлдук байланыш аркылуу байма-бай кабарлашып, сагынычымды жазып турам. Туулган жердей болобу. Эмгек өргүүгө чыкканда сөзсүз Кыргызстанга бир барып келем.

– Миграциядагы сизди түйшөлткөн маселелер эмнелер болду?

– Миграция маселесинде чет элдик жаран болгондуктан документ жагы бир топ түйшүк жаратат. Убактың кетет, бир топ мекемеге барыш керек болот. Бирок, кесиптик жогорку билим ээлерине башка жарандарга салыштырмалуу бир канча жеңилдетилген, жөнөкөйлөтүлгөн шарттар бар. Ошол документтерди даярдап алсаң, башкасы алда канча оңой болуп калат. Анын үстүнө врачтардын арасында бөлүнүп-жарылуу, сен мигрантсың сыяктуу кысым көрсөтүү жок. Андай мамилени көчөдөн деле байкабадым. Чет элде жүргөндө ал жактын мыйзамдарын билип, өз ишиңди мыкты кылып, түз жүрсөң андай кысым деле болбойт.

– Ал жактагы мекендештердин мамилеси, ынтымагы кандай?

– Азыр бул жакта кыргыздар аябай ынтымактуу. Кыргызстандын консулдугу, диаспорасы бар. Чогулуштарды өткөрүп турушат. Жакшылык, жамандыкта бири-бирибизди колдоп, жардам көрсөтүп турабыз. Кыскасы, катташуу Кыргызстандагыдай эле.

– Алдыга койгон максаттарыңыз, пландарыңыз, тилегиңиз кандай?

– Жогоруда айтып кеткендей, окуган, азыр иштеген жерим ири нейрохирургиялык медициналык борбор, заманбап техникалар менен жабдылган, шарттары да аябай жакшы. Ошол жабдыктарды колдонуп, татаал операцияларды жасайбыз. Кыргызстанда да ушундай медициналык бороборлор ачылса деп ниет кылам. Бизде да ушундай борборлор ачылып, өз мекениме барып эмгектенсем, кыргыз элине пайдам тийсе, деген аруу тилегим бар.

– Социалдык тармактан сиз иштеген борбордо 7,5 айлык кош бойлуу эненин мээсине операция жасалганын көрдүк эле. Бул биринчи жолку тажрыйбабы, же…

– Ооба, быйыл бизге 7,5 айлык кош бойлуу кыргызстандык жаран мээ шишиги менен кайрылган. Бул ийгиликтүү операция боюнча Россия-1 телеканалына берген интервьюбуз бар. Толук маалыматты менин инстаграмм баракчаман да көрсө болот. Кыскасы, шишик көрүү органына залал келтирип баштаган.  Медициналык термин менен айтканда хиазма деп коёт, шишик хиазманы кысып баштаган. Ошондон улам, бейтаптын көрүүсү төмөндөп баштаган. Биздин клиника үчүн бул операция стандарттуу эле операцияга кирет. Бирок, бул бейтап кош бойлуу эле. Дагы 1,5 ай күтүп, төрөгөн соң шишикти алганга убакыт жетмек эмес. Себеби, бейтап көрбөй калышы ыктымал болчу.

Экинчи жол – бейтапты мөөнөтүнөн мурда операция жолу менен төрөтүп, анан бейтаптын башындагы шишикти алуу болду. Андай болгондо эрте төрөлгөн ымыркайды өзгөчө шарттар менен кароо керек болчу жана ал да бир нече кыйынчылыктарды жаратмак. Ымыркай денеси чыңалгыча медициналык кювезде (кутучада) бир нече айлап жатып калмак. Ымыркайдын денесинин чыңалышына эң жакшы жер бул – энесинин курсагы, андан өткөн ыңгайлуу эч нерсе жок. Ошол себептен биздин команда кош бойлуу бейтапты төрөтпөй туруп операция кылуу чечимин кабыл алдык. Бул биздин биринчи операциябыз эмес болчу. Биздин командада ушундай тажрыйба бар, бирок, көп эмес. Себеби, бул нерсе сейрек кездешет. Башка бейтаптарга караганда бул учурда коркунуч көбүрөөк болот. Себеби, эки адамдын ден соолугу, өмүрү үчүн күрөш болот. Азыркы заманбап медициналык жабдыктар, дары-дармектер менен ушундай операцияларды жасаса болот. Бул командалык иш. Операцияга нейрохируг, анестезиолог, акушер-гинеколог, медайымдар катышат.

Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптын көрүүсү жакшырды. Тогуз ай болгондо кош бойлуу эне ийгиликтүү төрөдү. Ымыркайдын ден соолугу жакшы. Азыр ал мекендешибиз менен байланышып турабыз. Ымыркайдын да, энесинин да ден соолугу жакшы…

Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар