Мындан 100 жыл илгери кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” төрөлүшү, аны коштогон окуялар жазмыштан жазып койгондой, элибиз ыйык санаган “7” деген санга туура келип, ошол эс тутум барагында өзүнчө санжыра болуп айтылганы да бизди ар качан сыймыкка бөлөйт. Маселен, ал төлгөлүү “7”нин эс тутумда удаалаш кайталанышы. Тарыхта биринчи кыргыз гезити Ташкентте басылган 1924-жылдын 7-ноябры, ушул жыл, ушул күнү өзгөчө чоң майрам – Октябрь революциясынын 7 жылдыгы, алты саны Ташкентте басылган гезиттин 7-санынын Кара-Кыргыз автономдуу областынын борбору Пишпекте чыгышы…
Бир кылым мурда түптөлүп…
Кезинде кыргыздын алиппеси да, университети да болуп, маданият жана адабият ааламдарын ачып, улуттук рух, улуттук ойгонуу шамын жандырган – “Эркин Тоо”, кийин эгемендүүлүк алганда да улуттук биримдик, эртеңки келечек үчүн идеология майданында флагмандык милдетин татыктуу аткарып келаткан “Кыргыз Туусу” быйыл 100 жашка толуп жатат.
Бир кылым чоң тарых контекстинде анчалык арбын сан эмес. Бирок, ушул кийинки 100 жыл аралыгында элибиз башкалар миң жылда баспаган, не деген татаал-кыйын жана өзгөрүү-өсүшү түшкө кирбеген бактылуу жолду басып өттү!
Туңгуч гезиттин биринчи санына басылган баш макаласында, анын чыгышына чыныгы күйөрман болгон чоң илимпоз-агартуучу Ишеналы Арабаев теңдигин жаңы алган жалпы эли жана кийинки урпактарга кайрылып: “…Кыргыз – кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат… Бул гезитти эркиндик менен тоону кошуп – “Эркин Тоо” деп койдук… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!..” – деп осуят калтырган экен.
Ташкент шаарында күз күнүндө жаңы материк ачкандай кубанычы коюнуна батпай алгачкы гезит санын чыгарган төрт кыргыз азаматы: Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустапа Акматов…
Алыкул бир ырында жазгандай, улуттук басма сөз жаралган күн, андан берки жүз жылдык эсепсиз окуялар агымы, аларга катышкан түрдүү тагдырлуу адамдар турмушу биздин элес, биздин кыялда “жана гана, бая гана болгондой…”
Бул өткөн тарых, чоң данктуу жол эпопеясын чечмелеп, келечек максаттарды айкын көрсөтүп, 2004-жылы, гезиттин 80 жылдыгында “Кыргыз Туусу” – XXI кылым гезити” аттуу көлөмдүү публицистикалык жыйнак чыгарган элек, окугандар билет. Ал да сөз-рух уюткан баа-наркы мезгил менен өсүп, энциклопедиялык салмагы мезгил сынында таразаланчу калем чеберчилигибизден жаралган эмгегибиз!
75, 80 жылдык мааракелер жакшы мезгилге туш келген
Тагдыр жазган экен, мен “Кыргыз Туусуна” эки мертебе 1993-1994 жана 1996-2005-жылдары башкы редактор болуп, анын 75, 80 жылдык мааракелерин коштогон өлкө тагдырын аныктаар көп окуяларды жайылткан жана элдин ой-тилек, талап-мүдөөсү жүктөлгөн жоопкерчиликтүү чоң иштерге аралашып калдым.
Гезиттин 75 жылдыгы 1999-жылы, а 80 жылдыгы 2004-жылы белгиленди. Көрүнүп тургандай, ушул эки маараке датасы 20-кылым жаңы 21-кылымга эстафета өткөргөн, эң жышааналуусу, адамзат миң жылда бир тосчу өзгөчө окуя – миллениум аталган миң жылдыктар алмашып, 2000-жылдык календарга конгон унутулгус учурга туш келди.
Ошондо биздин алдыбызда, гезит окумдуулугун – популярдуулугун арттыруу менен анын ТУУ деген атын ыйык сактап, кымбатчылыктуу рынок сыноосуна карабай жол таап, кең аудитория күтүп, мындайча айтканда, бир кол менен кантип жашайбыз деген көйгөй-маселени орду менен чечип, экинчи – калем кармаган кол менен элге убагында жетик маалымат жеткирүүнүн өтө татаал, бирок, шыкка шык кошуп, күн-түн талыкпай иштөөгө дем берген милдет-жоопкерчилиги турган. Биз аны кантип өтөп, кантип иш үзүрүн сыймык менен айтуучу заман фактысына айланттык, ага – баскан жол, ашкан ашуусун унутпас калың калайык, тарых жана азыр гезиттин архивде турган тиркемелери күбө.
Муну 2004-жылы редакциябызда аңгеме курган Чыңгыз Айтматов да баса белгилеп: “Силерди кубаттайм, сөз өнөрү, улуттук тилди өстүргөн ушул изденүүңөрдөн жазбагыла” деген устаттык ак тилегин билдирген.
Эркин чыгармачылык менен идея саамалыктардын полигонундай болгон басылмада журналисттердин не бир таланттуу фанатик тобу иштеп, андай ынтымак, андай ийиндешкен изденүү өзүнчө эле өнөр мектебин түзгөнүн азыр канааттануу менен эстейм. Ааламга дүң болгон “Манастын” 1000 жылдыгынын алды жана андан кийинки окуя-жаңылыктары өзгөчө жылдарда гезитти – гезит кылган ошондой калемгерлер: Төлөн Насирдинов, Бекбай Алыкулов, Эсенбай Калдаров, Самсак Станалиев, Бактыгүл Чотурова, Бермет Маткеримова, Абдимухтар Абилов, Мундузбек Тентимишев, Догдурбек Юсупов, Абдиламит Жумашев, Айдарбек Сарманбетов, Шекербек Калыков, Абибилла Пазылов, Болотбек Таштаналиев, Папан Дүйшөнбаев, Жыпар Исабаева, Барчынбек Бугубаев, Дайырбек Мейманов… Ар биринин шык-талантын мүнөздөп жылуу сөз айтуу сыймыгын жараткан мындай чыгаандар публицист десең – публицист, тарыхчы десең – тарыхчы, акын десең – акын, жазуучу десең – жазуучу эле…
Мактаныч эмес, ушул жылдыз тобундай жамаат – үч муун өкүлдөрү бириккен калем устаканасынан анын “мектеп” атын андан ары таанытып жана ак жолдуу өрнөгүн сабак кылып, эки Эл жазуучусу, бир Эл акыны, он беш республика маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын үч лауреаты, үч “Даңк” медалынын ээси, ар кандай багыттагы онго жакын гезит-журналдын башкы редакторлору өсүп чыкты. Ооба, кылымдар тогошкон мезгилде изденип иш жасап, чоң үй-бүлө түзгөн бир эле жамаат мүчөлөрүнөн!
Менден азыркы жаш журналисттер: “Жеңил-желпиге ообогон, сенсация куубаган, ошол эле мезгилде жагымдуу да, окумдуу профессионал гезит кантип жаралат?” деп сурап калышат. “Ар бир кесипте өзүнүн ак дилдүү жакшы адамдары, профессионалдары болгон сыяктуу эле табият ыйгарган таланты, билими, аларды нурлап турган абийир ыйманы бар калем устаттары – профессионалдар жаратат!” деп жооп узатам.
Кытайдын улуу даанышманы Конфуций: “Эмне үчүн булак дарыяга куят, дарыя деңизге куят, деңиз океанга куят? Анткени, ар бир кийинкиси жапыз болот, кенен болот, терең болот. Сен дагы ошондой болсоң, адамдар сага агылып келе берет” деген экен. Бул сөздү эскерип калганым, ошол унутулгус жылдары “Кыргыз Туусунун” кутунанбы, же анда иштегендердин аурасынанбы, ушул гезитке кызматкер болом дегендер, кабар-макала, ыр-аңгемелери менен гезитке чыксам дегендер, болбосо, тек жай сүйлөшүп, ич сырын бөлүшө – бук чыгаргысы келгендер редакция эшигин тындырбай агылып келе беришчү, келе беришчү…
Азыркыдай интернет, чөнтөк телефон ж.б. сан түрдүү маалымат техникасы жок кездеги почта ташыган селдей болгон кат-кабарлар гезит менен окурман ортосундагы турмуш тирөөчтөрү, данакер көпүрөсү эле…
“Кыргыз Туусунун” жалпы нускасы 21 миңге жеткен. Ошол эгемендүүлүк жылдары анын алгачкы 10 жылдыгында эл, өлкө башынан кечирген доор маңыздуу окуялар тарыхка эстелик – журналисттик летопись болсун деп 2002-жылы гезит атынан “Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!..” аттуу публицистикалык жыйнак да чыгарганбыз.
Алыкул менен Айтматовдун айынан “адабий гезит” болгонбуз
“Алыкул, Чыңгызды сандан санга басып эмне, бул “чымындуулардын” адабий гезитиби?” Көп адамдар ушинтип ойлоп, бизге ушинтип суроо беришчү.
Анын терең маанисин кезинде өзүбүз да элес алган эмес экенбиз. Кийин байкасак, ырасында эле кандай жанр, кандай багыт болбосун гезит бетинде эң көп жазылган №1 тема бул “Алыкул темасы” болуптур.
Эски гезит сандарын барактайм. Качанкы кымбат күндөрдү эстеткен тиркемелер… 2000-жылы беш ай бою (!) сандан санга басылган Мундузбек Тентимишевдин “Аны Алыкул деп аташкан” деген публицистикалык очерки, Жыпар Исабаеванын ошондой эле көп гезит санын ээлеген “Алыкулду сүйгөн кыз” аттуу даректүү повести, ар кыл жылдарда алардын катарын улаган: “Алыкул менен Түгөлбай”, “Алыкул, Кусейин жана чынчылдык тууралуу сөз”, “Алыкулдун айылына сапар”, “Мезгил жана Алыкулду барактаганда…”, “Алыкулдун күйөрманы”, “Алыкулга сырдаш кемечи Деркембай”, “Алыкул Ысык-Көлдү жөө кыдырып чыккысы келген”, “Сүрөттөрдөгү Алыкулиана”, “Алыкул Ысык-Көлгө кайтып келет!” деген аталыштардагы ж.б. эң бир окумдуу, окурман көз дарысындай кымбат калем берметтери биринен сала бири жолугат. Албетте, толкундайсың, бир чети жакшы иш өтөлгөсүнө сыймыктанасың!
Ал эми “чыңгызчыл” болгонубуз мындай. Башынан эле кыргыз атын, анын улуттук рух жана элдик касиетин дүйнөгө тааныткан залкар агабыз Айтматовго Алыкулдай мамиле жасап, ага окурман, калемдеш жана замандаш болгонубузга сыймыктанып, эл менен түз сүйлөшүүнүн мүмкүнчүлүгү турган соң, эгемендүүлүк заманда жигердүү коомдук ишмердүүлүгүн улуттук өзүн-өзү таануу, улуттук ойгонуу жана улуттук биримдик идеясын ачып-жайылтуунун сонун мисалы катары ар бир гезит санынан Чыкенин эли-журтуна атуулдук-мекенчилдиги, жан-дүйнө тазарткан асыл ойлору “үн салып” тургандай милдетти алдыбызга койгонбуз. Биз аны, залкар агабыздын “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасынын бир каарманы: “биз заманды жаратсак, заман бизди жаратты” дегендей, тагдыр-тарых өзгөрткөн өткөн кылым соңунда да, кийинки – жаңы кылым башында да татыктуу аткардык деп ойлойм.
Ошол бир күнү экинчисине окшобогон мезгилде, өзүбүз “саясатка басылган” өкмөттүк гезит болуп туруп, Чыкенин атактуу “Жамийласын” сандан санга жарыяладык. Окурмандар тимеле көктөн тилегени табылгандай дуу түшүп, бул демилгебизди кош колдоп кубаттады. Кезинде союздук расмий “Известия” гезитине таланттуу көркөм чыгармаларды аянбай баскан анын башкы редактору Алексей Аджубейдей азаматтык кылдыңар, кыргызча китептер чыкпай, адабий гезит-журналдар да токтоп калган шартта мындай салтты дагы уланткыла деп сүрөгөндөр четтен чыкты. “Жамийласынын” жалпы эл окуган гезитке басылганына залкар жазуучубуз да кубанып, изденгич жамаатка автордук ыраазычылыгын жарыя айтканы эсимде.
Ооба, биздин гезиттин антип “адабий гезитке” айланганынын да бир себеби, редакцияда Бактыгүл Чотурова, Мундузбек Тентимишов, Жыпар Исабаева, Абдимухтар Абилов, Догдурбек Юсупов, Болотбек Таштаналиев, Шекербек Калыков, Айдарбек Сарманбетов, Барчынбек Бугубаев, Дайырбек Мейманов, Жыпар Акунова сыяктуу “туучул” жазуучу-акындарыбыз иштеп, сырттан таланттуу ырлары менен К.Култегин, Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, Б.Сарыгулова, Алик Акималиев активдүү катышып, аңгеме-повесть жазгандар да көп эле. Мына ушундай поэзия, кара сөз чоролору изденүүдө бир өзүнчө “климат” түзүп, гезит бетин кызыктуу адабий дил-маек, көркөм бейне чыгармаларына толтуруп жиберишчү. Дагы мисал келтирсем, жаркын таланттуу кино жылдызы Болот Бейшеналиев менен чыгаан театр режиссёру Жалил Абдыкадыров “өздөрү үчүн ыр жазган” акын да болушканын окурмандар биринчи биздин гезиттен тааныган.
Алардын катарында: “Эмне, курбум, капалуусуң?” деген адеп-ыймандык мааниси бүгүн да сабактуулугун жоготпос 11 куплет ыры гезиттин биринчи бетине (!) басылган ыраматылык адабиятчы, акын жана чекист Аман Токтогуловду да айта кетели. Кыскасы, күндөлүк темада көркөм публицистика туусун көтөргөн гезит бетинде адабият да энчилүү төр алып жашаганы бир тарых. Жогорудагы: “булар Алыкул, Чыңгызды сандан санга басат, редакция эшиги тынбай, ага “чымындуулар” өз үйүнө ашыккандай келет” деген сөз ушундан калган…
“Кыргыз Туусу” кылым карытты. Мындан ары кандай болот?
Мына, жакында, ошондо тун гезиттин биринчи санына ыры басылган Аалыке (Токомбаев) ал унутулгус күндү эскерип “Туңгучтун төрөлүшү” аттуу ырын жазып, аны: “Ноябрдын жетиси эле Ташкенде, эрип кетти түндө түшкөн кыламык…” деген саптар менен баштагандай, мезгил токтолуп, кагылган адамдай сезилген коңур күз – ноябрда улуттук басма сөз жаралган күнгө туура 100 жыл толот.
Бул – улуттук чоң майрам, өзгөчө майрам. Өзүнчө калыпка түшкөн алфавит эмне, алиппе эмне дегенди билбеген заманда Октябрь таңы менен кыргыз энчисине тийген жазмыш жакшылыгынын бүгүнкү жүрөк толкуткан майрамдык шаңында: биз мындан бир кылым илгери ким элек, кандай эл элек, азыр ким болуп, дүйнө эли көз салган жүрүштө кандай өркөн өстүргөн ийгиликтерге жетиштик деген суроону кайталап өзүбүзгө берип, даанышман Абай айтмакчы, ыйман-абийирге түз карап, жасалган иш, өтөлгөн арбын милдеттер жайында “өзүбүздөн өзүбүз жооп сурай” турган мезгил бүгүн.
Ооба, тарых эскирбейт, ал эч нерсени унут калтырбайт, кайра баскан жол, сыноолор сабагынан коңгуроо кагып, дил, жигер жаңылап, энедей, атадай дем берип, алдыга шыктандыра берет.
Улуттук төл гезит майрамын биз ушундай тарыхка көз салып, өзүнө-өзү эсеп берүүнүн, ошол аркылуу СӨЗ ТУУСУН көтөрүп алдыга жүрүүнүн убадасы катары карашыбыз керек.
100 жылдык майрам кут болсун!
Абдиламит МАТИСАКОВ,
Кыргыз Туусунун” 1993-1994, 1996-2005-жылдардагы башкы редактору, Кыргыз эл жазуучусу