whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө атайын техникаларды тапшыруу аземинде агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

“Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Берилгендикти, чымыркана аракет кылууну, изденүүнү, бекем эркти жана кайрат-күчтү талап кылган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакты-таалай каалайм. Майрамыңыздар кут болсун!”, — деп куттуктады өлкө башчысы.

Ошондой эле президент агрардык өлкө саналган Кыргызстандын айыл чарбасы ар тараптан колдоого алынып жатканын белгиледи.

“Ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, анын натыйжалуулугун жогорулатууга, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы технологияларды колдонууга, материалдык-техникалык базаны жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоого, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга биринчи кезекте көңүл буруу зарыл. Биз агрардык өлкө катары Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү менен бирге, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүнө шарт түзүп, алдыга кадам таштай беришибиз абзел”, — деди Садыр Жапаров.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар