Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Экс-мэр убадасына турду

Ошто 2021-жылы өткөн “Жылдын мыкты мугалими 2021” кароо сынагында Илгиз Шамырзаев жеңүүчү деп табылган. Ага “Эмаком” курулуш компаниясы бир бөлмөлүү батирдин сертификатын белекке берген. Аны ошол кездеги шаар мэри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов тапшырган. Бирок, жаш мугалим  бүгүнкү күнгө чейин убадаланган сыйлыкты ала элек. Бул тууралуу биз 4-октябрь күнү “Сертификат бар, а квартира жок” деген чакан макала жарыялаганбыз.

Анда Т.Сарыбашовдун жардамчысы бул “Эмаком” компаниясынын белеги экенин, аталган белекке эл өкүлүнүн тиешеси жоктугун билдирген болчу.

Андан кийин Таалайбек Сарыбашов социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап, юридикалык жактан аталган батирге тиешеси жок болсо да, сертификат берип сүрөткө түшкөнү үчүн күнөөлөнүп жатканын айткан.

Ал  мындан 7 ай мурда Эмилбек Джусупов, Илгиз Шамырзаев үчөө телефондон видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн, Эмилбек Джусуповдон батир маселесин чечип берүүнү суранганын айтууда.

“Компания берилчү батирге жооптуу болчу. Бирок, жаш мугалимдин ар кайсы эшикти каккылашын мен да каалабайм. Ушундай болбосун деп экөөнү буга чейин эле сүйлөштүрдүм эле. Маселе чечилбеди. Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым. Илгизди батирлүү кылабыз. Илгиздин эч качан мугалимдик кесиптен көңүлү калбашы керек”, – деп жазды Сарыбашов.

Баса…

Илгиз Шамырзаев 2022-жылы “Билим азыгы” деген коомдук уюм мугалимдер үчүн уюштурган сынакта баш байгени жеңип алган. Анда “Ихсан” кооперативи 1 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган. Ал белек дагы ошол бойдон кагаз жүзүндө калып кеткен.

Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар