Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Элчи Года ХИДЭКИ: «Япония менен Кыргызстан достук мамилени тереңдетүүдө»

Ушул жумада Года Хидэки мырзанын Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп иштей баштаганына толук эки жыл болду. Буга байланыштуу кабарчыбыз элчиге кайрылып өлкөдөгү ишинин алгачкы жыйынтыктары жана эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык кандай өнүгүп жатканы тууралуу айтып берүүнү өтүндү.

-Урматтуу элчи мырза, Япония Кыргызстандын кубаттуу өнөктөшү болуп саналат, сиздин өлкөнүн каржылык жана техникалык колдоосу менен биздин республикада экономиканын жана социалдык чөйрөнүн көптөгөн тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып келген жана ишке ашырылууда. Эки өлкөнүн кызматташтыгы башка тармактарда да ырааттуу өнүгүп жатканы байкалат. Ошентсе да, сизден сурайын дегеним, Япония менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өсүү динамикасы жана өз ара аракеттенүү масштабынын кеңейиши сизди канааттандырабы?

– 1991-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн же 33 жылдан бери Япония менен Кыргызстан мамлекеттик башкаруу, экономика, социалдык инфраструктура, маданият, адам ресурстарын өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда достук мамилени тереңдетип келе жатат.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Японияга расмий иш сапары менен барып, Япониянын Премьер-министри Кишида мырза менен жолугушуусунун алкагында түрдүү тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулады. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну чечишти. Эки лидер жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлган жана алмашылган биргелешкен билдирүүнүн негизинде кызматташууну бекемдөөгө жана мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем.

– Кыргызстанда дүйнөнүн көптөгөн чоң өлкөлөрүнөн айырмаланып, жапон бизнеси анчалык басымдуулук кылбайт. Мунун объективдүү себептери бар экенин түшүнөбүз – бул географиялык алыстык, жергиликтүү рыноктун чакандыгы ж.б. Ошого карабастан, биздин бизнесмендер кызматташуу үчүн Япониядан өнөктөш таба ала турган кандайдыр бир жагдайлар, тармактар бардыр. Сиздин көз карашыңызда, бул жаатта келечек жана мүмкүнчүлүктөр барбы?

– Мен эки жыл мурун Кыргызстанга келгенден кийин Кыргызстандын жолдорунда жапон өндүрүшүндөгү унаалар көп экенине таң калдым, алардын арасынан Лексус жана башка премиум-классындагы унааларды да көрүүгө болот. Ошондой эле бул жерде жапон буюмдары көп колдонулат экен. Ошону менен бирге, сиз белгилегендей, өлкөдө иштеп жаткан япониялык компаниялардын саны көп эмес. Учурда алардын он чактысы иштеп  жатат.

Жапон компанияларынын аз болушу жапон бизнес чөйрөсүнүн Кыргызстан тууралуу жетиштүү маалыматы жоктугунан болушу мүмкүн. Ал эми Японияда болсо кайсы бир конкреттүү өлкө менен бизнес жүргүзүүгө өкмөттүн компанияларга буйрук берүүгө укугу жок. Компаниялар кайсы өлкөдө бизнес жүргүзүүнү өздөрү чечишет.

Эгерде Кыргызстан жапон компанияларынын өлкөдө өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү кааласа, бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуу жана кызыктуулугун көрсөтө билүүсү керек.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти мырза Садыр Жапаровдун Японияга жасаган иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин делегациясынын Япониянын «РOTOБO» бизнес-ассоциациясы менен жолугушуусу болуп өттү жана бир жумадан кийин  «РОТОБО» ассоциациясынын президенти баштаган делегация Кыргызстанга келип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги жана Кыргызстандын ишкерлери менен жолугушууларды өткөрдү. «РOTOБO» компаниясынын президенти Япониянын алдыңкы соода компанияларынын жетекчиси катары чоң тажрыйбага ээ.

Бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Кыргызстан өзүн жапон компаниялары үчүн жагымдуу жагынан көрсөтүшү керек. Жапон компаниялары кандай маалыматты талап кылып жатканын туура түшүнүп, керек болсо, аны камсыз кылуу керек.

Мен Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эркин Осоев мырза Кыргызстанды Японияга таанытып, бул багытта активдүү иш жүргүзүп жатканын билем.

Ошондой эле 2022-жылдын күз айларында, ошол кезде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган Алмаз Исанов мырза жетектеген миссия Японияга иш сапары менен барып, ал жерде Кыргызстандагы маалыматтык технологиялар тармагында бизнес жасоо мүмкүнчүлүктөрү менен менен тааныштырган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын алкагында тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы менен Осакадагы «Knowledge Capital»  компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында “Knowledge Capital” компаниясы, Кыргызстан менен ишкердик кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында Бишкекте өткөн IT-форумга катышты.

Кыргыз-япон ишкерлер кеңе-шинин мүчөлөрү (бул уюмдун өкүлү Кыргыз Республикасынын Япониядагы мурдагы элчиси Молдогазиев мырза) жакында Японияга иш сапары менен барып, Япониядагы бизнес-өнөктөштөр менен иштиктүү мамилелерди түзүү максатында активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн дагы билем.

Мындан тышкары, Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борборунун бизнес курстарынын угуучулары (бул борбордун сиздердин өлкөдө отуз жылдык тарыхы бар), өзгөчө жетекчилер үчүн окуу курстарынын угуучулары курстардын алкагында Японияга жана ишмердүүлүгү окшош жапон компанияларына ишкердик мамилелерди өнүктүрүү үчүн барып жатышат.

Мен  ушундай жигердүү иш-аракеттердин аркасында Япония менен Кыргызстандын ортосундагы ишкердик байланыштар кеңейет деп ишенем.

– “Бир айыл – бир продукт” долбоорун үлгүлүү долбоор деп атадыңыз. Долбоор чындап эле мыкты жана жакырчылык, жумушсуздук менен натыйжалуу күрөшүүгө жардам берет. Ошентсе да, ири бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу, продукциянын айрым түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн, айталы, “Бир регион – Бир продукт” аталышындагы долбоорду баштоого убакыт жетти деп ойлойсузбу?

– Сиз белгилегендей, “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) дол-боору Кыргыз Республикасындагы ийгиликтүү эки долбоордун бири. Биринчиден, бул БАБП долбоору, экинчиден, бул JDS долбоору, анын алкагында кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлер Япониянын университетинде магистратурада эки жыл окушат.

“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун концепциясы биринчи жолу Японияда, Оита префектурасында экс-губернатордун демилгеси менен киргизилген. Кыргызстанда бул долбоор Ысык-Көл облусунан башталып, кийин бүткүл өлкөгө таралып, былтыртан тарта БАБП модели коңшу өлкөлөрдө ишке ашырыла баштап, абдан ийгиликтүү долбоорго айланды.

БАБП долбоорунун алкагында жасалган товарлар Японияда Мужи (Muji) дүкөндөрүндө сатылат. Мен элчи болуп дайындалгандан кийин Кыргызстанда жасалган товарларды алуу үчүн “Мужи” дүкөнүнө бардым, бирок ал убакта бардык продукциялар сатылып бүтүп, кийинки партиясы келе элек болгондуктан, эч нерсе сатып ала албай калдым.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын алкагында, Биринчи айым А.Жапарованын Япониянын Премьер-министринин жубайы Кисида менен болгон жолугушуусунда, БАБП долбоорунун продукциялары көрсөтүлүп, аны Япониянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери сатып алышты.

БАБП долбоорунун артыкчылыгы – аймактын жашоочулары кандай товар өндүрүүгө даяр экенин өздөрү чечип, аны иштеп чыгып, өздөрү чыгарышат жана аны сатуу процессине өздөрү катышат. Аймактын тургундары бул процесстердин жүрүшүн өз демилгеси менен ишке ашырышат. Ал эми Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) адистери зарыл болгон колдоону көрсөтүшөт.

Ар бир аймактагы БАБП долбоору тургундарга акчалай киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берет. БАБП кыймылынын катышуучуларынын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Ошентип, бул долбоор аялдардын акча табуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

БАБП продукциялары Кыргызстандын ар бир регионунун атынан «Ысык-Көл бренди», «Ош бренди» жана башка бренддер менен чыгарылат. Аймактардын өнөр жайын кеңири өнүктүрүү жагынан алганда, кеп, жардам берүү маселесинде эмес, бизнести кайсы тармакты өнүктүрүүгө багыттоодо турат.

– Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары көп жылдардан бери: 1) айыл чарбасы жана бизнеске көмөк көрсөтүү, 2) транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат. Кыргызстанда да, дүйнөдө да кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, артыкчылыктарды тактоо жана кайра карап чыгуу пландары барбы?

– Учурдагы “өлкөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү программасында” “туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү колдоо” негизги багыт (негизги максат) катары аныкталып, анын негизинде артыкчылыктуу багыттар (орто мөөнөттүү максат) белгиленген: (1) өнөр жайды өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү (анын ичинде адамдык ресурстарды өнүктүрүү жана инфраструктураны өнүктүрүү) жана (2) административдик жана социалдык кызматтарды жакшыртуу (саламаттык сактоону жана медициналык кызматты чыңдоого багытталган социалдык кызматтарды жакшыртуу). Акыркы жылдарда JICA долбоорлору ушул артыкчылыктуу  багыттардын жоболорунун негизинде ишке ашырылууда.

Бул багыттар экономикалык жана социалдык өнүгүүгө ылайык кайра каралып жатат. Албетте, бул багыттар да Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык абалына жараша кайра каралууда.

– Бир нече убакыт мурун массалык маалымат каражаттарында “атайын
адистеги жумушчу” программасы боюнча Кыргызстандан келген квалификациялуу адистерге Японияда медайымдык иш, айыл чарба, курулуш жана тейлөө тармагы сыяктуу тармактарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган, жапон тарап бул багыттар боюнча кадрлардын зарылдыгын жана талапкерлерди тандоодо жана даярдоодо кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экендигин билдирген. Бирок кечээ күнү Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркин Осоев сиздердин өлкөдө Кыргызстандын 900дөй жараны бар экенин билдирди.  Бул, биздин оюбузча, абдан аз сан. Сиздин пикирде, бул жагдай кандайча түшүндүрүлөт – программанын жаңыдан иштей баштаганыбы же жергиликтүү адистердин квалификациясы жапон тараптын талаптарына дайыма эле жооп бербей жатканыбы?

– Сиз белгилеген ЖМКдагы маалыматтар, кыязы, кызматташуу боюнча меморандумдун негизинде Кыргызстандан Японияга атайын адистиктеги стажерлорду жөнөтүүгө тиешелүү. Ал эми өткөн жылдын июль айында Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрликтеринин жана Япониянын Улуттук полиция агенттигинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун негизинде “атайын адистиктеги жумушчу” статусун алган чет өлкөлүк жарандардардын Японияда болушу тууралуу айтсак, Япониянын иммиграция кызматы атайын адистиктеги жумушчу катары иштөө үчүн зарыл болгон бардык процедуралардын блок-схемасын жарыялады.

Белгилүү бир убакытка чейин Японияда техникалык стажер катары иштөө азыр мүмкүн болуп калды жана зарыл болгон система бар.

Ал эми “900” деген санга келсек, бул жерде Эркин Осоев мырза Японияда жашаган кыргызстандыктардын санын айтып жатса керек. Анын айтымында, алардын саны 700дөн 900гө чейин көбөйдү. Ал эми «900 адам» көп же аз санбы деп айтуу мүмкүн эмес.

Ошентип жумушчу күчүн издеп жаткан Япония менен жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн издеп жаткан Кыргызстандын ортосунда өз ара пайдалуу мамиле түзүлүшү мүмкүн. Мен Кыргызстанга аныгында эмгек ресурстарын издеп келген жапон ишкерлери менен жолуктум.

Японияда иштөөнү каалагандардан, албетте белгилүү бир деңгээлде  жапон тилин билүү талап кылынат, маселе жапон тилин билген канча адамды табууга болот, кеп ушунда. Кошумчалай кетсек, Японияда «Омотэнаси» маданияты (*Япониянын өзгөчө тейлөө тармагында өнүккөн меймандостук философиясы) болгондуктан, талап кылынган тейлөө стандарты жогору экенин эстен чыгарбоо керек деп ойлойм.

– Урматтуу элчи мырза, Япониянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеп баштаганыңызга жакында эки жыл болот. Кыргызстандагы ишиңиздин алгачкы жыйынтыктарын чыгарууга убакыт жетиштүү болсо керек – баштапкы пландарыңызга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келдиби, кайсы идеяңыз ишке ашты, кайсынысы даярдык баскычында же ишке ашуу стадиясында турат?

–Мен Япониянын Кыргызстандагы элчиси кызматына 2022-жылдын 25-октябрында кириштим жана жакында эки жыл болот. Бүгүнкү күндө жапон-кыргыз мамилелерин өнүктүрүү багытында түрдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, эки өлкөнүн алакасы ырааттуу өнүгүп жатат. 2022-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров ЕРӨБ форумуна катышуу үчүн Японияда болуп, финансы министри Сузуки жана башкалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле өткөн жылдын ноябрь айында Президент С.Жапаров Японияга иш сапары менен барган. Ошентип, Японияга мамлекеттик маанилүү чиновниктер көп катташууда. Анткен менен бизнес байланыштарын чыңдоо, Япониядан туристтерди тартуу ж.б.у.с. көп иштөөнү талап кылган тармактар дагы эле бар. Тилекке каршы, жапондордун көбү Кыргызстандын артыкчылыктары менен анча тааныш эмес. Эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жапондордун Кыргызстан тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу зарыл.

Ушуга байланыштуу, элчи Осоев мырза жапондор Кыргызстан тууралуу көбүрөөк билүүсү үчүн жигердүү иш алып барууда, мен жакында жапон журналына чакан макала берип, ал жерде сиздердин өлкө тууралуу жаздым. Мындай иштер Кыргыз Республикасы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жардам берет деп ишенем. Дагы белгилей кетким келет: мен мамлекеттик органдарда адам ресурстарын башкаруу тармагында мамлекеттик кызматкер болуп көп убакыт иштедим. Бул тажрыйбамды колдонуу менен мен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүүгө өз салымымды кошкум келет.

– Үстүбүздөгү жылдын август айында Астанада “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммити өтүшү керек болчу. Бирок ал жакка премьер-министриңиздер келген жок. Окурмандарыбызды Япониянын премьер-министри саммитке келген болсо, андан кандай демилгелер жана сунуштар тууралуу укмакпыз деген суроо абдан кызыктырууда?

– Негизи “Борбор Азия плюс” форматы, мисалы “плюс Япония” же “плюс ЕБ” жана башка форматтар биринчи жолу Япониянын демилгеси менен 20 жыл мурун колдонулган. Ал кезде тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуулар болгон. Быйыл бул форматтын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата, мындай жолугушууну жогорку деңгээлде өткөрүүнү чечтик.

Тилекке каршы, жер титирөө жана андан да күчтүү жер титирөөлөрдүн кайталануу коркунучунан улам саммит кийинкиге жылдырылды. Ошондуктан, мурдагы Премьер-министр Кишида мырза Японияда калууга аргасыз болду. Бирок, саммит «жылдырылды», башкача айтканда, ал жакынкы келечекте өткөрүлөт.

Белгилүү болгондой, Борбор Азия аймагы азыр дүйнөдө чоң мааниге ээ, Япония тарап саммитке Борбор Азиянын ар бир өлкөсү, анын ичинде, албетте,  Кыргыз Республикасы менен экономикалык, социалдык, саясий жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү максатында даярданган.

Жакынкы келечекте “Борбор Азия плюс Япония” алкагындагы жыйындарда маанилүү жетишкендиктерге жетүү үчүн биз дагы көп аракет кылышыбыз керек.

– Элчи мырза, маектешкеңиз үчүн ыраазычылык айтам.

Курманбек Мамбетов, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар