Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Кудайым куштарга да өз тилин берген

Көйкөл Айтбаева кыргыз журналистикасында 43 жылдан бери эмгектенип келатат. Анын ичинен 25 жылын «Мыйзам жолу» коомдук-укуктук гезитине арнады. Ысык-Көл облусунун тарыхында биринчи жолу прокуратура органдарынын басылмасын уюштурган. Бүгүн аталган гезиттин чейрек кылымдык юбилейи. Төмөндө  Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү, «Маданияттын мыкты кызматкери» Көйкөл Айтбаеванын эне тилибиз тууралуу ой толгоолорун ортого салабыз.

Кеч күз болчу. Иштен келаткам. Балдардын музыкалык мектебине жакындай бергенимде көчөнүн ортосуна түшүп алып кетип бараткан аялды көрдүм. Ал:

– Айнек банка сатам, алчулар барбы?- деп улам алдынан чыккандарга айтып баратты. Шырылып тигилген күрмөсүнө мойнун катып, жол боюндагы кайыңга жөлөнүп отурган кары анын суроосуна “албайбыз!” деп жооп узатты окшойт,  аял ага жакындаганда токтоор токтомоксон болуп барып басып кетти. Көчөгө сары, сап-сары, кызыл жалбырактар толуп кеткен экен, тим эле бутка төшөлөт. Ушул учурда асмандан кыйкуулаган үндөр угулду. Үн жүрөккө бир башкача сезим тартуулап жиберди. Дароо карадым. Каркыралар экен.

– Жарыктык! – деп ийиптирмин. Антип деле айтайын деген эмесмин, оозуман чыгып кетти. Бул энемдин сөзү болчу. Учуп бараткан каркыралар көрүнбөй калганча карадым да:

– Булар эми кайда барышат? – дедим кайыңдын түбүндөгү карыга.

– Оо-ой, булар эң эле алыс учушат экен. Жылуу жактарга барышат да, жазында кайтып келишет, – деди.

– Кайтып келээр болгон соң анчалык алыс кетпей, бизде деле жылуу жерлер бар эмеспи?

– Жараткандын мыйзамы да балам, биз эмнени билебиз.

– Алыс учуп кыйналбай дейм да.

– Алар кыйналбайт. Тээ бийиктикте бир агым бар экен. Аванын ошол агымына түшүп алып кете беришет дешет.

Каркыраларды көргөндөн кийин көөдөндөн кандайдыр бир белгисиз сезимдер кетпей туруп алды. Ал эмне сезимдер экендигин өзүм да түшүнө албадым.Тиги адам айткандай жараткандын көп нерсесин көзүбүз менен көрүп, көкүрөгүбүз менен туйганыбыз менен ага акылыбыз жетпейт көрүнөт. Сыйкыры күч дүйнө. Ар бирибизге өз үнүбүздү, өз тилибизди, өз жүзүбүздү бергени үчүн жашообуз ушунчалык түрдүү, сырдуу, сулуу белем – деген гана ойлордо келаттым.

Тил демекчи, тил жөнүндө сөз болсо эле эмнегедир энемди эстейм. Жаш курагы сексенден өтүп калган чоң энем биздин үйдүн куту болчу. Таң эртелеп эле үйдөн баарыбыз чыгып кетчүбүз. Ата-энем өз жумуштарына, эже- агаларым окуусуна барышат, үйдө энем эле калчу. Түш оой мектептен келебиз.

– Балам, чайыңды белендеп койдум, ысыгында ичип ал, – дечү энем. Өзү болсо аппак болуп жуулган жүндөрдү кудум эле ак булуттар сымал үлпүлдөтө, үзбөй, чое тытып отурганын көрөм.

– Эне, кел жазганды үйрөтөйүн? – дейм бир маалда китептеримди алып чыгып атып.

– Эми кайдан үйрөнөм балам, манжаларым катып калбадыбы, – дейт энем.

– Үйрөнөсүң эне, оңой эле. Энемдин колуна калем сабымды карматам. Энем ак кагазга шырдактын оюуларына окшогон иймекей, мүйүз сыяктуу нерселерди түшүрөт да, тез эле калем сабымды кайра өзүмө берет.

– Кой балам, мага үйрөтөм деп убара болбо. Биз үйрөнчү кезде үркүн чыкты. Эл үрккөн кезде мен эселек кыз элем. Сендей курагым. Кытайга качтык. Эл кымгуут. Ыйлаганы бар, оокат-дүнүйөсүнө карабай ар кими жанын оозуна тиштеп качып, калдастап калышты. Биз – топ эл бет алды эле кете бердик.

Энемдин өмүрүндөгү эң эле чоң өксүгү ошол окуя белем, үркүн жөнүндө бир башкача муңаюу менен сүйлөчү:

– “Түн айсыз караңгы. Жол арбыталы десек көзгө эч нерсе көрүнбөйт.Талаа да чексиздей. Жөө-жалаңдагандардын арымы канча дейсиң. Бала-бакыраны кыйнабай, таң сөгүлгүчө тыныгып, чырм этип алалы деп токтогонбуз. Топтошкон калыбыбызда ичик, тондорубузга оронуп алып жаңы эле кыйшайып, уйкуга магдырап бараткан экенбиз. Аттардын дүбүртү угулду. Кулак түрүп калдык. Атчандар тез эле жете келди да:

– Мусулман болсоңор качкыла, орустар жакындап калды! -деп кыйкырган бойдон токтобостон чаап өтүштү. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда кимдин ким экенин кайдан билесиң, атчандар кыргызча сүйлөп өткөн соң кыргыздар экен деп ишендик да көзүбүз умачтай ачылып, алардын артынан жөнөдүк. Уйкусу бузулуп ыйлап аткан балдар. “Шүк!” – деп аларды тыйган аялдар, “Үнүңөрдү чыгарбагыла, тез баскыла!”- деген эркектер”.

Эми ойлосом энем бизди баласынтчу эмес экен.Турпанга барганыбызда… деп Кытайдагы жер аттарын, андагы азаптуу жашоо-турмуштарын ийне-жибине чейин, төкпөй-чачпай айтып берчү. Азыр энемди өзүм менен салыштырам. Үчүнчү класста окуган кызга өз өмүрүм тууралуу айтпас элем. Ушул эмнени түшүнөт, эртең эле унутуп калат демекмин. Энем андай эмес эле. Бизге айта эле берчү. Анан Кытайдан кайтып, туулган жерине, Ысык-Көлгө келишкенин эскерчү.

– “Алыстан эле көл, касиетиңден айланайын, көп-көк болуп көрүндү. Чоңдордон токтоно албай, ыйлап жибергендери болду. Алардын оюна койсо, көлдү көздөй далбактап чуркап жөнөшмөк беле. Жаш бала, келин-кесек, кары-картаң дегендер бар, бири-биринен ыйбаа кылган үчүн эле бирге басышты. Баарыбыз жээкке келдик. Билегибизди түрүнүп, көлдөн алакандап сузуп, жүзүбүздү чайыдык. Өз жерибизди көрсөтүп, өз тилибизге сүйлөткөнүнө Кудайга шүгүр кылдык.

– Түшкөн жоксуңарбы, эне?

– Аз кезде көлгө түшүшчү эмес, көлдү касиет тутчубуз. Чечинип, сууга жылаңачтанып кирүү көлдү кордогонго тете болчу.

– Тоолордогу жараңкалардан кийиз төшөп өткөнбүз дебедиңби эне, ал канчалык жараңка эле?

– Ой балам, ошол кийиз көпүрө болуп бермек беле. Канчалары ат-паты, артынган оокаттары менен кулап, түпсүз жараңкаларга түшүп, жок болушту.

Энем үчүн үркүндү эскерүү оңойго турбастыгын анда ойлобоптурмун. Эскерүү оор экендигин билгенимде анчалык сурабайт элем. Энем да “болду!” деп тыйып койбой, суроолорубузга жооп бере берчү. Энемдин эң эле катуу айтканы “какмаар” деген сөзү болчу. Ошондо: “ой какмаарлар, каардуу жылдарды кайра-кайра эскертесиңер да!” – деп кагып койгондо эмне.

Баарыбыздын карманып, караан тутканыбыз, акыл-кеңеш сураганыбыз, даттанарыбыз, сырдашарыбыз энем эле. Бир жолу айылыбыздагы Кенжебек аттуу бала тууралуу сүйлөп атканбыз.Сегизди бүтөрү менен Фрунзеге кетип, радио оңдогучтун окуусун окуп аткан Кенжебек жыл айланбай кайра келген. Ал келээри менен эле: “Кенжебек жалаң орусча сүйлөп калыптыр.Кыргызчага тэ-тэ-тэ деп тили келбейт экен”, – деген сөздөр тез эле айылды аралап кеткен болчу. Анан Кенжебектин кантип сүйлөөрүн ар бири шылдыңдап туурап, күлкүгө айлантып, акыры анын атын ылакап кылып алышкан. Ошол Кенжебектин жоруктарын баштан аяк угуп отурганы менен энем биздин бир да сөзүбүзгө күлгөн жок. Качан гана күлкүгө ичибиз эзилип, анын чулдур тилин улам бирибиз туурай баштаганда “болду эми, адамды мазактап күлчү эмес!” – деди энем өктөм үн менен. Биз унчукпай отуруп калдык. Энемдин жүзүндөгү сүрү, башын акырын чайкап койгону бул күлө турган иш эмес экендигин туйдуруп турду. Анан саамдан кийин:

– Эне тилин унуткан болчу беле. Кудайым адам тургай куштарга да өз тилин берген! – деди.

Андан бери арадан жарым кылымдан ашуун убакыт өттү. Идеология деген күчтүү курал Кенжебек сыяктуу акылы жокторду тез эле алып уруп, орусча сүйлөсөм эле элден өйдө турам деген ойго салды. Кыргызча тилиң буудай кууруп турганы менен орусча жакшы билбесең кагуу жеп, кемсинип, кызматка алынбай калган заманды да баштан өткөрдүк. Анан өзүбүздүн эле балдар өз тилинде окубай, эне тилин билбей чоңое башташты. Кыргыз болуп туруп кыргыз тилин билбегендер:

– Кыргыз тили сөзгө жарды, ал компьютерге да жарабайт! –  деп актанышты. Андан кийинкилери:

– Ааламдашуунун учурунда анча көп тилдин кереги жок. Көрөсүңөр го, жер жүзүндө бир-эки эле тил калат, – деп кубанышты. Айтор, кыргыз тилин жеригендер өзүбүздөн чыкты. Эне тилибизди колдогондун ордуна кордоп, колдон келишинче жарга такап келдик. Качан гана тил мыйзамдары кабыл алынып, кыргыз тилинин жок болуп кетпөөсүнө жол ачылган сайын иш кагаздарынан өйдө өз тилибизде жазууга  өттүк. Эми кыргыз тилинен корунгандын ордуна сыймыктанаар кырдаал жаралып келатат.

Кеп жүрөктө экен!

Бирок, дале “кыргыз тилин канткенде өнүктүрө алабыз?” деген маселенин тегерегинде тегеренип жүрөбүз. “Өзүбүз катуу киришпей атабыз”,”Өкмөт бөлгөн акча өп-чап болуп атат”, “Атка минерлерибиз өздөрү эне тилин билбей атат”, – деп тилибизди сыйлай албагандыгыбыздын себебин ар кимден көрүп, ар нерсени айтып жүрөбүз. Көрсө, анын себеби бирөө эле экен! Өзүбүз патриот эмес экенбиз! Эгерде биз Мекенди чындап эле жүрөгүбүздү чаап сүйгөн күндө тил жөнүндө маселе жаралмак эмес. Тынч океанындагы алакандай аралда жайгашкан Науру аттуу элдин өлкө башчысы англис тилин суудай билсе да Бириккен Улуттар Уюмунун чоң чогулушуна келип, науру элинин эне тилинде сүйлөп кеткендиги тууралуу укканымда “жүрөктүн жүрөгү ушул жигитте турбайбы, көк жал экен” деп ойлогон элем. Ал эми кыргыздын Чехову деп аталып калган жазуучу агабыз Аман Саспаевдин: Кытайда жашап жүргөн жылдарымда элимди аябай сагындым. Кыргызча сүйлөгөн адамды көргөнгө зар болчумун. Кыргыз тилинде тим эле тилдешип, уят сөз менен урушуп-сөгүшүп аткандар болсо да жанына жете барып укканга даяр элем”, – деп айтканы таң калтырган. Эне тилибиз тууралуу суроо салганымда Аман аванын мындай деп жооп бергени эсимде:

– Кыргыз тили сөзгө бай, абдан сулуу тил. Сөзгө бай болбогон күндө мен өзүмдүн 62 миң сөздөн турган кыргыз-кытай сөздүгүн түзө албайт элем. “Сулуу тил, сөзгө бай тил” деп айткандарымды далилдөө үчүн мисал келтирейин. Рыспай Абдыкадыровдун “Туулган жерди сагынуу” деген ырын баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Ошол ырда мындай деген саптар бар:

Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм, – деп ырдап атат. Кандай сонун ыр. Эң эле элестүү айтылган сөздөр!” – деп ырга суктанган болчу. Көп жылдар бою Кытайда жашап, Пекин университетинен жогорку билим алып, уйгур, кытай тилдерин жакшы өздөштүргөн Аман ава союздун саясатынан улам өзүнүн туулуп өскөн жерине жете албай, Кыргызстанды сагынып, бир көрүүгө сабылып жүргөн жылдарында эң эле биринчи эне тилинин кадырын билген экен.

Көрсө, ар бирибиздин муштумдай жүрөгүбүздө Мекенди – элди, жерди сүйдүргөн ыйык сезим болушу керек тура. Ошондой табигый сезим болгон учурда гана эне тилибизди таңуулаттырбай сүйүп, кадырлап, кастарлап турат экенбиз!

Көйкөл АЙТБАЕВА,
Ысык-Көл облустук прокуратурасынын “Мыйзам жолу” гезитинин редактору, Маданияттын мыкты кызматкери

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар