Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылы түзүлгөн. Тактап айтканда, быйыл эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө туура 30 жыл болуп отурат. Бул аралыкта эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу кызматташтык уланып келди. Бирок, акыркы 3-4 жылда кыргыз-өзбек алакасы жакшырып, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлге чыкты десек болот. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулушунун башталганы, чек ара маселелеринин чечилгени жана энергетика, автоунаа, текстиль өнөр жай тармактарындагы биргелешкен ири долбоорлордун ишке аша баштаганы буга далил…
Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттеринин пресс-катчыларынын демилгеси менен пресс-тур уюштурулуп, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ташкент, Самарканд шаарларында болуп кайтты. Эске салсак, ушул жылдын август айында өзбекстандык журналисттер Кыргызстанга келип, кереметтүү Ысык-Көлдө, Кырчын жайлоосунда болушкан.
Кыргызстандан барган ЖМК өкүлдөрүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев жана Өзбекстандын Президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директору Асаджон Ходжаев тосуп алышты. М. Жаманбаев өз сөзүндө эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштар тыгыз экенин белгилеп, жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын айтты.
Пресс-турдун биринчи күнү кыргыз журналисттердин тобу Өзбекстандагы байыркы, тарыхый эстеликтери менен дүйнөгө белгилүү Самарканд шаарына жөнөдүк. Ташкенттен ары 286 км. аралыктагы Самарканд шаарына тез жүрүүчү “Афросиаб” поезди менен 2 саат 15 мүнөттө жетип бардык. Акыркы жылдары туристтердин агымын өзүнө тарткан Самарканд шаарынын тарыхый жайларына, маданий мурас-тарына күбө болдук. Тагыраак айтканда, Гур-Эмир, Биби Ханым, Шахи Зинда мавзолейлерине, Регистан аянтына, “Улуу Жибек Жолу” туристтик борборуна, Афросиаб музейине, Мирзо Улугбектин обсерваториясына бардык. Бул тарыхый жайларды көрүү үчүн Самаркандга жыл сайын миллиондогон туристтер келишет экен.
Айрым маалыматтарга таянсак, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында шаарга 1 миллион 253 миң чет өлкөлүк жана 1 миллион 742 миң жергиликтүү турист келген. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,5 эсеге өскөн. Жыл башынан бери туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 301,3 миллион долларды түзүп, ал эми туристтердин агымы эки эсеге өскөн.
Бизди Самарканд шаарында гид айым Азизабегим Азимова коштоп жүрдү. Ал тарыхый жайлардын тарыхына кенен токтолуп, жакындан тааныштырды.
Гур-Эмир мавзолейи
Кезегинде дүйнөнү титиреткен Амир Тимурдун (Аксак Темир) сөөгү Самарканд шаарындагы Гур-Эмир (Көр-Эмир) мавзолейине коюлган. Гур-Эмир мавзолейи Амир Тимурдун сүйүктүү небереси жана тактынын мурас-кери Мухаммед Султандын 27 жашында аскердик жортуул учурунда дүйнөдөн кайтканына байланыштуу ага арналып 1403-жылдары курулган. Амир Тимурдун өзү сөөгүн кичи мекени болгон Шахрисабга көмүүнү буйруган. Бирок, туугандары аны небереси Мухаммад Султандын мүрзөсүнүн жанына Гур-Эмирге коюуну чечишкен. Анын башка урпактарынын сөөгү да ушул жерге коюлган. Бүгүнкү күндө бул архитектуралык курулуш тарыхый жайга айланып, каалагандар келип көрө алышат. Гур-Эмир күмбөзүнүн бардык дубалдары жана куполу чыгыштын алтындалган оймолору жана араб жазуулары менен шөкөттөлгөн.
Регистан аянты
Самарканддын эле эмес, бүтүндөй Өзбекстандын тарыхый символу болгон Регистан аянты туристтердин кызыгып барган жери. Шаардын ортосунда жайгашып, XV-XVII кылымга таандык үч медресе менен курчалган Регистан аянты учурунда 27 өлкөнү бириктирген Амир Тимурдун мамлекетинин борбору болгон. Аянттагы Улугбек, Шердор жана Тилля-Кари медреселери бир караганда окшош көрүнгөнү менен алардын ар биринин тарыхый мааниси, архитектурасы ар башка.
Аянттагы эң эски Улугбек медресеси 1417-1420-жылдары астроном, окумуштуу Улугбек жана Тимуриддер мамлекетинин башкаруучусу тарабынан курулган. Бул жерде алар математика, философия, астрономия илимдерин изилдешкен. Ал эми 1619-1636-жылдары курулган Шердор медресеси аянттын чыгыш тарабында Улугбек медресесинин маңдайында жайгашкан. Имарат түзүлүшү боюнча Улугбек медресесине окшош, бирок айырмачылыктары бар.
Тилля-Кари медресесинин курулушу Самарканд башкаруучусу Ялангтуш бий Бахадурдун буйругу менен 1646-жылы башталып, 1660-жылга чейин дээрлик 14 жылдан ашык убакытка созулган. Имарат Регистан аянтынын түндүк четинде жайгашып, ал үч медреседен турган аянтты толуктайт.
«Түбөлүк шаар» этнопаркы
Самарканддагы «Түбөлүк шаар» этнопаркында байыртадан келе жаткан өзбек элинин жашоо шарты, көл өнөрчүлүгү, маданияты чагылдырылган. Көк куполдор, чебер оймолор, курулуштар, көгүлтүр мозаика жана төшөлгөн кыш, таштан чегилген элементтер, мрамордон оюлуп жасалган буюмдарды «Түбөлүк шаардан» көрүүгө болот. Бул жерде 44 имарат заманбап көз караштардын айкалышында салттуу типте курулган.
Улугбек обсерваториясы
Улугбек обсерваториясы 1428-29-жылдары Самарканд шаарынын жанына Улугбек тарабынан орто кылымдарда курулган дүйнөдөгү эң маанилүү обсерваториялардын бири. Улугбектин көптөгөн астрономиялык таблицалардын ичинен 1018 жылдызды изилдөөдөн турган Зижи Гурагани аталган жылдыздуу асман каталогу көп кызыгуу жаратат. Улугбек ушул обсерваторияда жылдын узактыгы 365 күн, 6 саат, 10 минут, 8 секунд деп эсептеген.
Шахи-Зинда комплекси
Шахи-Зинда Самарканддагы бирден бир тарыхый-архитектуралык комплекс. Кайталангыс байыркы тарыхый жай Афрасиаб шаарчасынан алыс эмес жерде 1370-1449-жылдар аралыгында курулуп, төмөнкү, ортоңку жана жогорку болуп үч топко бөлүнөт. Мында падышалык жана анын жакындарынын сөөгү көмүлгөн. Шахи Зинда шаардын дээрлик үч миң жылдык тарыхын чагылдырган жалгыз археологиялык жана архитектуралык эстелик болуп саналат. Шахи Зинда перс тилинен которгондо «Тирүү Падыша» дегенди түшүндүрүп, эл арасында ыйык жай катары урматталган маанилүү зыярат кылуучу жайга айланган.
Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу