Борбор Азия элдеринин ичинен кыргыз, казак эли тили, дили, дини, каада-салты окшош, бир тууган эл. Мына ушундай окшоштуктардан улам жана илгертен эки эл канатташ турмуш кечиришкендиктен кылымдар бою достук кызматташтыктары уланып келет. Албетте, илгертен келе жаткан мындай бир туугандык алаканы чыңдоодо кыргыз, казак ЖМК өкүлдөрүнүн салымы зор. Быйыл Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын президенттеринин басма сөз кызматынын жетекчилери Асхат Алагозов менен Берик Уалинин демилгеси менен эки өлкөнүн журналисттер делегациялары тажрыйба алмашышты. Август айында казак туугандар Кыргызстанга келип келишсе, 11-13-октябрда кыргыз журналисттеринен турган топ Астанада болуп кайттык.
Ишти ийкемдүү кылган “робот операторлор”
Президенттин телерадиокомплексин көрүп чыккан соң биз 2012-жылы ачылган, 22 кабаттуу имараттагы “Казмедиа борборуна” бардык. Бул медиакомплексте жергиликтүү “Хабар”, “24.КZ”, “Еларна” телеканалдарын камтыган телерадиокорпорация менен “Qazaqstan”, “Qazsport”, “Balapan”, “Аbai.tv” телеканалдарынын башын бириктирген, 70 жылдык тарыхы бар “Казахстан” РТРКсы жана “Евразия биринчи каналы”, мамлекеттер аралык “Мир” телеканалынын филиалы сыяктуу башка телеканалдар да жайгашыптыр. Андан сырткары бул жерде “Казак радиосу”, “Shalqar”, “Astana FM” радиолорунун башын бириктирген радиокомплекс да бар экен. “Казмедианын” коммуникация жана координация бөлүмүнүн башчысы Асель Ибраеванын айтымында, булардан сырткары бул телекомплексте Президенттин алдындагы коммуникациялык борбордук кызмат да иш жүргүзөт. “Өлкөдө кандайдыр бир өзгөчө кырдаал, саясий окуя болгон учурда аталган кызмат шашылыш брифинг өткөрүп, аны “24.КZ” коомчулукка чыгарат”, – дейт ал. “Казмедиада” жалпы заманбап техникалар менен жабдылган 15 телестудия иш жүргүзөрү да белгилүү болду. Кызыгы бул медиакомплекте нөөмөттүк кызматкерлерди кошкондо 4 миңге жакын адам эмгектенет экен.
Кыскача ушундай маалымат берген Асель айым бизди алгач “Казмедианын” 1000 орундуу киноконцерттик залы менен тааныштырды. “Бул жерде спектаклдер, концерттер, конференциялар жана жылыга бир эки жолу расмий иш-чаралар өтүп турат. Пандемия убагында балдардын “Евроньюс” фестивалынын финалы ушул жерде өткөн. “Хабар” телеканалы да бул аянтты кээде колдонуп турат. Жеке менчик телеканалдар да коммерциялык багытта бул залды пайдалана алышат”, – дейт ал.
Андан соң биз “24.KZ” маалыматтык телеканалына баш бактык. Каналдын директору Жасын Беркенбаев аталган каналда 230 кызматкер иштерин жана андан сырткары республиканын бардык региондорунда өз кабарчылар эмгектенерин билдирди. “Дүйнөнүн 15 өлкөсүндө биздин кабарчыларыбыз бар. Кызматкерлерибиздин дээрлик көбү жаштар. Алардын орточо жашы 27-30 жаш. Таңкы саат 7.00дөн тарта кечки 22.00гө чейин тынымсыз көрсөтүүлөрдү элге тартуулайбыз. 22.00дө кечки прайм-тайм болот. “Күн тартиби” телеберүүбүздө эң актуалдуу саясий темаларды талкуулайбыз. Андан сырткары студияларда атайын программаларыбызды, интервьюларды жаздырабыз. Ошондой эле бизде 2017-жылы автоматташтырган студиябыз бар. Ал жерде камералуу роботтор гана иштейт”,-деген Жасын Беркенбаев Кыргызстандан барган ЖМК өкүлдөрүн камералуу роботтору бар студия-га алып барды. Ал айткандай студиянын ичинде үч камералуу робот жана алып баруучу отура турган гана студиялык стол жайгашыптыр. Телеканалдын режиссёру Бакжан мырзанын айтымында, камералуу роботтор телекөрсөтүүнү өздөрү тартып, пульттук студиядан аны бир адам гана көзөмөл кылып турат экен. “Мындай камералуу роботтор азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө жок. Себеби, бул абдан кымбат техника. Ушундай заманбап мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен жаңылыктарды бир сутка бою оперативдүү берүү жагынан “24.KZ” биринчи орунда турат, – дейт Ж.Беркенбаев. Телеканалга жасаган экскурсиябыздын аягында журналисттердин маянасына кызыктык. Кесиптештердин маяналары биздин сом менен 60-70 миңдин тегерегинде экенин айтышты.
Бул күнү бизде Астанадагы сегиз кабаттан турган, шар формасындагы бийиктиги 100, диаметри 80 метр болгон “Нур Алем” (ЭКСПО) имаратына кирүүгө мүмкүнчүлүк болду. 2017-жылы эл аралык көргөзмөгө карата заманбап жаңы технологиялар менен курулган имарат бүгүн да туристтик жай катары кызмат кылып, шаардык бюджетке каражат түшүрүп жатыптыр.
Букту жазган Бурабай
Эртеси биз Астанадан 250 чакырым алыстыкта жайгашкан “Бурабай” улуттук курорттук паркына сапар алдык. Автобус Астанадан чыгып эл аралык стандартта курулган автобанга түштү. Бизди коштоп жүргөн кесиптешибиз, медиаменеджер Алмаз Токобаев мындай автобандарда унаалар саатына 140 километр ылдамдыкта жүрүшү керектигин жана ар кай жерде токтой берүүгө болбостугун айтты. Анын айтымында, мындай автотрассаларда ар бир 350 километр сайын посттор курулуптур жана ал жерлерден айдоочулар жол акысын төлөп турушат экен.
Бул күнү аба-ырайы кескин суугандыктан “Бурабай” паркына түш оой жеттик. Асман тиреген жыш карагайлары, ак кайыңдары, бөксө тоолору менен парк Россиянын Алтай аймагын элестетип турду. Көрсө бул аймак Сибирге жакын экен. Бул паркта чоң, кичине болуп отуруп 80ден ашык көл, көлмөлөр бар деп айтышты кесиптештер. Бурабайдын абасы таза болгондуктан ар кандай ооруларды дарылай турган дарылоо жайлары, санаторийлер, эс алуучу жайлар көп курулуптур. Ошондой эле бул аймакта туристтер көрө турган кызыктуу жайлар дагы бар экен. Биз ошондой жайлардын бири болгон Көкшетау тоосунун этегиндеги Абылай хан аянтына бардык. Ал жерден казак жүздүктөрүнүн башын бириктирген Абылай хандын такты ташын көрүп, Бурабай курортунун эң популярдуу символдору болгон Окжетпес аскасына, Бурабай көлүнө өзгөчө сыр берип турган Жумбактас ташына суктандык. Бул табийгый эстеликтер тууралуу кесиптештер кызыктуу уламыштарды да айтып беришти.
Бурабайдын таза абасынан кере-кере дем алып, эки жыл мурун курулган мультимедиалык интерактивдик комплексине кирдик. Өз-өзүнчө 7 бөлүктөн турган бул комплекс ичинде Казакстандын тарыхы, үрп-адаты, мамлекет ичиндеги маанилүү жайлар тууралуу маалыматтар, казак урууларынын кайсыл аймакта жашаары, Казакстандын жаратылышы, ошол эле жогоруда кеп кылган Абылай хандын өмүр баяны мультимедиалык интерактивдик жабдыктардын жардамы менен келген меймандарга тартууланарын көрдүк. Бул комплекстен чыгып бара жатып Кыргызстандын Сары-Челек, Ысык-Көл, Сулайман-Тоо, Айгүл тоо, Көк-Жаңгак, Арсланбап сыяктуу кооз жайларына ушундай мультимедиалык комплекстерди куруп койсок жакшы болчудай деген ойго келдим.
Экономикасын да, экологиясын да өнүктүрүп жатышыптыр
Андан ары карай жолубузду Бурабай паркынын түндүк-чыгыш тарабындагы “Aqmaral” марал чарбасын көздөй уладык. Ал жерде кадимки биз токой, тоо-таштардан көрүп жүргөн 200дөн ашык жапайы маралдар багылат экен. Аларды биз үй жаныбарларын баккандай эле атайын чабандар карашып, жайкысын эч кимге тийгизбей, кышкысын жем, чөп берип багышат экен. “Марал чарбачылыгынын негизги максаты аларды сактоо, көбөйтүү жана мүйүзүн кескен учурда чыккан канын дарычылыкка пайдалануу. Азыр куут учуру болуп эркек, ургаачысын чогуу кармап жатабыз. Куут бүткөн соң аларды кайра экиге бөлүп багабыз. Булар жапайы болгондуктан оңой менен карматпайт. Бирок, биз жемге чакырганда баары чогулуп келишет”, – дейт маралдарды баккан чабан.
Ошентип Астанага сапарыбыз баарыбызга өзгөчө таасир калтырган маралдарды көрүү менен аяктап, кийинки күнү Бишкекке кайтып келдик. Учакта келе жатып биз, кыргыздар, майда-барат нерселер менен кер-мур айтышып жүргөндө жаныбыздагы эле казак бир туугандар заманбап технологияны өнүктүрүп, жаратылышты, экологияны коргоону да эске алып, келечектүү өнүгүүгө багыт алганын түшүндүм.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”