Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Үй-бүлөлүк зомбулук – коомдогу илдет

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Мирбек ТОЛТОЕВ менен маек.

Мирбек мырза, КызылКыя көп улуттуу шаар. Ушундай шаарда кылмыштын кайсы түрлөрү көп катталат?

– Туура айтасыз, Кызыл-Кыя көп улуттун єкүлдєрү жашаган шаар. “Таштемир ажы” борбордук базары биздин шаарда жайгашкандыктан бизге Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун тургундары, Кадамжай районунун жашоочулары келип соода-сатык кылып кетишет. Үстүртөн айтканда, шаарга бир күндө 30-40 миң адам кирип чыгып турат.

Бизде негизинен уурулук менен алдамчылык кылмыштары көп катталат. 2024-жылдын 9 ай ичинде баардыгы болуп 70 уурулук катталып, 54 кылмыш иштин бети ачылды. Ал эми алдамчылык боюнча 9 ай ичинде 71 иш катталып, 52 кылмыш ишинин бети ачылган.

– Учурдун көйгөйү болуп жаткан бул үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сиздерде жагдай кандай?

– Ооба, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көйгөйгө айланды. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн пикир келишпестиги, материалдык жактан жетишпестиги буга себеп болууда. Быйыл 9 ай ичинде ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына жалпы 69 факт катталган. 69 атуулга убактылуу коргоо ордерлери толтурулуп берилип, көзөмөлгө алынган. Катталган 69 учурдан 25 атуулга Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча 25 протокол түзүлгөн.

– Жергиликтүү бийлик менен кандай иштешип жатасыздар?

– Шаардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү бийлик бизди ар дайым колдоп келет. Кызыл-Кыянын мэри А.Маткалыков жана шаардык кеңештин депутаттарынын жардамы менен быйыл жыл башында Караван айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын жана шаар аймагында үч жерге милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берди. Ошондой эле санариптештирүү багытында милицияларга шарттарды түзүү максатында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө 15  планшет алып берип, мэр өзү тапшырып кетти. Азыркы күндө шаар аймагындагы бөлүнүп берилген жерге 2 таяныч пункту жана бирдиктүү терезе курулуп ишке берилген. Ошондой эле Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата бөлүмдүн имаратынын ичи толук ремонттон өттү.

Султанбек АМАНБЕК уулу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар