Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын июль айында чыгарган жарлыкта Кыргызстандын айыл чарба тармагын кайра тикелөө боюнча 2030-2040-жылдарга чейин аткарылышы керек болгон ондогон чаралар мерчемделген. Ал чаралардын ишке ашырылышы өз кезегинде өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн дүң жыйымын көбөйтүп, экспорттун көлөмүн арттырып, кайра иштетүүнүн көрсөткүчүн жогорулатып, тармакта айланма жана калдыксыз айыл чарба механизмдеринин киришин да шартташы керек. Жарлыкта агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатында башка өлкөлөрдөн адистерди тартуу жагы да белгиленген.
Кесиптешибиз, журналист Улан ЭШМАТОВ быйыл август айында эл аралык журналисттердин жана изилдөөчүлөрдүн тобунда Европанын жер шарты Кыргызстанга окшош өлкөсү — Швейцариянын айыл чарба тармагы менен жакындан таанышып кайткан. Төмөндө кесиптешибиздин макаласын сунуш кылабыз.
Макалабыздын башында эле жакынкы тарыхты учкай эскере кетели. Швейцария Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн бөлөк-бөтөн өлкө эмес. Эгемендиктин алгачкы жылдары айыл чарбасындагы эң ийгиликтүү долбоор дал ушул Швейцария-нын финансылык колдоосу менен ишке ашкан. Түп районунун Жылуу-Булак айылында швейцар технологиясы менен быштак чыгарган “Сүт-Булак” заводу 28 жылдан бери жигердүү иштеп жатат. Азыр Spielhofer Swisscheese SA швейцар компаниясынын Кыргызстандагы бөлүгү болгон бул ишкана эки өлкө өкмөттөрүнүн сүт программасынын алкагында түзүлгөн. Завод жайгашкан аймакты да кезинде швейцар адистери алардын жер шартына ылайыкташтырып, деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикти тандашкан экен.
Тоолуу жер шарты Кыргызстандыкына жалпысынан окшош, дыйкандары мал-келин, өзгөчө сүттүү уйларын Альпы тоолорунун арасына жайып кармаган Швейцариянын өзүндө айыл чарбасы азыр кай нукта өнүгүп жатат, акыркы отуз жылда айыл чарба саясатына кандай өзгөрүүлөр кирди жана алар эмне максатты көздөдү: өндүрүштүн көлөмүн эле арттыруубу же анын узак мөөнөттүү келечегин камсыз кылып, жердин асылдуулугу менен тазалыгын коргообу?
Айыл чарбанын конституциялык милдети
Швейцариянын айыл чарба саясатынын багытында түп тамырынан бери болбосо да, олуттуу бурулуш 1990-жылдардын ичинде жасалган экен. Алардын эң башкыларынын бири – өлкөнүн федералдык конституциясында айыл чарба тармагына атайын макамдын ыйгарылышы.
Саясий системасы түз демократия ыкмасы менен башкарылган жана олуттуу деп саналган ар бир маселени референдум аркылуу чечүүгө көнгөн швейцар эли 1996-жылкы жалпы элдик добуш берүүнүн натыйжасында өлкөнүн федералдык конституциясына айыл чарбасы боюнча атайын беренени киргизүүнү
колдошкон.
Ал кадамдын түпкү максаты – айыл чарба сектору элдин суроо-талабына жана керектөөсүнө жооп бериши, ошол эле учурда тармактын экологиялык жактан коопсуз жол менен иштөөсүн камсыздоо болгон. Федералдык конституцияга киргизилген атайын беренеге ылайык, айыл чарбасынын милдети көп функционалдуу деп табылып, тармак негизинен төрт багытты эске алуусу керек.
Биринчиден, бул – айыл чарбасынын калкты азык-түлүк менен камсыздоого олуттуу салым кошуусу.
Экинчиден, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө келечек муундар да түшүмдүү жер кыртышы менен таза сууга ээ боло турганын кепилдеген ыкмалардын колдонулуусу. Бул экологиялык стандарттар айыл чарба саясатын жүргүзүүдөгү башкы максат дегендик.
Үчүнчүдөн, жердин ландшафтына кам көрүү да айыл чарбасынын башкы милдети деп таанылган. Анткени, ар кырлуу ландшафт элдин жашоо сапаты жогору болушуна салым кошот жана бул нерсе туризмдин да өзөгүн түзөт.
Төртүнчүдөн, айыл чарбасынын айыл райондорун колдоого жардам бериши.
Швейцар адистеринин өздөрүнүн айтымында, дал ошол 1996-жылкы конституциялык референдумдун аркасында, иш жүзүндө айыл чарбасынын жаңы системасы курулган.
Азыркыга чейин уланып жаткан ошол жаңы системага швейцарлар бир эсе тоолуу жеринин тардыгы, салыштырмалуу аз көлөмдөгү айыл чарба аянттары ар кыл ландшафта жайгашканынан жана айыл чарбасына өндүрүштүн көлөмүнө негизденип эле бюджеттен акча бөлө берүү экологияны буза баштаганынан улам келген
экен.
Анын практикалык натыйжасы айыл чарбасын эмне кылсаң ошо кыл деп фермердин энчисине таштап койбой, анын узак мөөнөткө туруктуу өнүгүүсүнө, экологияга жана керектөөчүлөрдүн саламаттыгына кам көрүү үчүн тармактын каржылык жүгүн жалпы элдин чогуу тартуусу болгон.
Андан бери 28 жыл өтүптүр, жер шарты Кыргызстандыкына окшош өлкөнүн айыл чарбасында эмне жыйынтык болду?
Фермердин макамы, тикелей төлөмдөр жана текшерүүлөр
Тоо чокуларынын эң бийиги Кыргызстандыкынан ылдый, 4,6 миң метрге жеткен Швейцариянын жалпы 4 млн. 130 миң гектарга жакын аянтынын 1 млн. 450 миң гектары айыл чарба жери деп саналат.
Бирок, мунун ичинен айдоо жери болгону 27% же 385 миң гектардын тегерегинде. Айыл чарба жери деген калган аянттын эң чоң бөлүгү Альпы тоолорундагы жайыттар, шалбаа же чөп өскөн жерлер, фермерлер жайыт катары колдонгон аймактар.
Эгер, айыл чарбасы көп функционалдуу тармак катары бүткүл элдик референдум аркылуу конституциялык макам алган 1996-жылга чейин бул чөйрөдө тикелей 200 миңден ашуун адам иштеп, өлкөдө 80 миңдей ферма болсо, азыр айыл чарбасында тикелей 160 миңдей адам эмгектенип, фермалардын саны бир топ кыскарып, 48 миңдин тегерегине түшкөн. Ошондо Швейцариянын бир фермасы тоодогу жайыт
аянттарын кошкондо орточо 30 гектардын тегерегиндеги жерди пайдаланат, ал эми аз сандагы айдоо аянтын фермалардын санына бөлгөндө ар бирине болгону 8 гектардан жер тийүүдө. Катталган фермалардын жарымынан көбү иш жүзүндө 5 гектардан 20 гектарга чейинки жерди иштетишет.
Жогоруда айтылган 48 миңге жакын ферманын үчтөн эки бөлүгү мал багууга адистешкен, 16%ы же 8 миңге жетпегени органикалык деп саналат экен.
Калкынын саны азыр 9 миллионго бир аз жетпеген Швейцария өз айыл чарбасынын эсебинен ички керектөөнүн 50-60%ын эле камсыздайт, калган муктаждык импорттун эсебинен жабылат.
Өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшүнүн жылдык көлөмү 2024-жылдын жыйынтыгы менен 900 млрд. долларга жакындайт деп күтүлүүдө. Бирок, мунун ичинде Швейцария-нын баштапкы айыл чарба өндүрүшүнүн үлүшү 1%га да жетпейт, 2024-жылдын
жыйынтыгы менен 8,8 млрд. доллар болот деп мерчемделген.
Ошондо айыл чарба өндүрүшүнүн акчалай көлөмүн Альпы тоолорундагы
жайыттары да кошулган жалпы 1 млн. 450 миң гектар айыл чарба аянтынына бөлгөндө швейцар фермерлери гектарына 6 миң доллардан киреше алышат. Ал эми тармактын жылдык дүң жыйымын Швейцариянын болгону 385 миң гектардын тегерегиндеги айдоо аянттарынын көлөмүнө бөлө келгенде киреше ар гектарына дээрлик 23 миң долларга жакындоодо.
Өзү Швейцарияда каалаган эле киши фермер болуп, каалаган эле адам айыл чарба жерин сатып алып, анын менчик ээси катары ижарага берип коё албайт экен. Бул жаатта бир топ чектөөлөр жана тартип эрежелери каралган.
Фермер болуш үчүн атайы билим алып, сынак тапшырып, сертификат алыш керек. Биз менен маектешкен фермерлер өз ишинде карманышы керек болгон мыйзам-эрежелердин жыйындысы дээрлик бир жоон китепке барабардыгын жана аны окуп-үйрөнүү зарылдыгын белгилешти.
Швейцариянын федералдык жана кантондук мыйзамдары да айыл чарба аянттарынын башка максатта пайдаланылуусуна, жер сатууда чайкоочулук болуп кетишине бөгөт коёт. Ошол эле учурда фермалардын иши бир муундан экинчи муунга ырааттуу өтүшүнө колдоо көргөзөт.
Айыл чарбасы 1996-жылы конституция-лык милдет алгандан кийинки өкмөттүк
саясаттын башкы элементтеринин бири – фермерлерге бюджеттен субсидия катары төлөнүүчү акчаны мурдагыдай өндүрүштүн көлөмүнө карата эмес, алардын коммуналдык жана экологиялык кызматтары, өздөрүнүн өндүрүш аянттарында жердин ландшафтын сакташына жараша берүү.
Фермерлер да бюджеттен жыл сайын кайтарымсыз берилүүчү каражатты алыш үчүн өздөрүнүн ишинин экологиялык жактан эффективдүүлүгүн, экологиялык практиканын талаптагыдай сакталып жатканын такай далилдеп турушу керек.
Фермер аткарышы керек болгон шарттардын катарына жер семирткичтерди
туура, пестициддерди максаттуу жана чектеп колдонуусу, жеринин 7%ын экологиялык компенсация үчүн бөлүп коюшу, жерди которуштуруп айдоосу, жер кыртышын жана малды коргоо боюнча талаптагыдай чараларды көрүүсү кирет.
Биздин иш сапарыбыз учурунда эл аралык журналисттер тобу менен маектешкен швейцар фермелери алар өкмөттөн алуучу тикелей төлөм чыгымдарынын дээрлик жарымын жабарын, ал төлөм болбогон шартта фермасы банкротко кабыла турганын айтышты.
Өз кезегинде бюджеттен тикелей төлөм алган фермердин ишин тиешелүү айыл чарба кызматтары айттырбастан барып, текшерип туруусу кадимки көрүнүш.
Жалпысынан швейцар өкмөтү фермерлерге колдоо катары жылына 4 млрд. дол лардай каражат ажыратат экен. Бул федералдык бюджеттин 5%га жакын бөлүгү. Ошол эле учурда Швейцариянын фермерлер ассоциациясынан айыл чарбасына акча аз бөлүнүүдө деген нааразылык да жок эмес.
Ошентип, өнүккөн дүйнөнүн алдыңкы өкүлү болгон Швейцария азыр айыл чарба саясатында бүгүнкү куйруктан эртеңки өпкө артык принцибине басым жасап, экологиянын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоого аракеттенип жаткан кези.
Айыл чарбанын абаны булгоосу
Дүйнөнүн кайсыл бурчу болбосун климаттагы азыркы өзгөрүүлөрдү эске алганда айыл чарбасы үчүн таяктын эки учу бар. Бир жагынан айыл чарбасы менен азык-түлүк өндүрүү да климаттагы өзгөрүүлөргө, анын ичинде абанын ысышына салым кошууда. Экинчи жагынан климаттагы өзгөрүүлөрдүн запкысы бул тармакка тикелей тийип, айыл чарбасынын иштөө шарттарына таасирин берүүдө.
Дүйнөлүк статистика боюнча азыр абага бөлүнгөн парник газдардын 11%ы айыл чарба секторунун үлүшүнө туура келет. Бирок, айыл чарбасы булганыч газдардын ичинен метан газын эң ири бөлүүчүлөрдүн бири. Илимий аныктамалар боюнча метан газы атмосферада кыска мөөнөткө сакталганы менен 20 жылда жылытуу кубаты
жагынан көмүртектен 80 эсеге күчтүүлүк кылат.
Швейцар адистеринин өздөрүнүн эсебинде, аларда булганыч газдардын жалпы көлөмүндө айыл чарбасынын үлүшү 14% болсо, метан газынын бөлүнүшүндө 83%. Дүйнөдө айыл чарба тармагынан бөлүнгөн метан газынын 45%ы кепшөөчү жаныбарлардан болсо, Швейцарияда бул көрсөткүч 60%.
Анткени, ири мүйүздүү малдын бир башынан жылына абага бөлүнгөн метан газынын көлөмү 70 килограммдан 120 килограммга чейин жетет.
Андыктан, сүт өндүрүшү үчүн уйду көп баккан Швейцариянын илимпоздору мал чарбасында диета стратегиясын өзгөртүүнү сунушташууда. Бул аракет атайын тоют кошумчаларын колдонуу аркылуу кандайдыр бир деңгээлде азыр эле практикаланып жана натыйжалуугу менен малдын саламаттыгына узак мөөнөттүү таасири али изилденип жатат.
Өлкөнүн Азык-түлүк коопсуздугу жана ветеринария боюнча федералдык мекемесинен жетекчилеринин бири Михаил Беер алардын 2050-жылга чейинки климат стратегиясы боюнча https://www.swissinfo.ch/ интернет басылмасы менен маегинде: “Тамактануу чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн адатынын өзгөрүшүнө жетишүү керек. Эгер биз тамактануунун илимий негиздерин колдонсок, көмүртектин изин азыр эле жарымга кыскартмакпыз. Ден-соолук жагынан караганда, жумасына эки-үч жолу эле эт жесек жетиштүү болмок, биз керектүү өлчөмдөн үч эсе көп жеп жатабыз. Бул адаттарды кантип өзгөртүүгө болот, албетте, маалымат жайылтуу аркылуу гана”: – деп белгилеген.
Швейцария эле эмес бүткүл дүйнө боюнча адамдардын тамактануу адатын өзгөртүп, глобалдык тамак-аш өндүрүшүндөгү бузулуу-лар менен жоготуулардын учурдагы 25%га чейинки көлөмүн кыскартуу – илимпоздор 2050-жылга карай дүйнөдө жетишүүнү сунуш кылган ондогон чаралардын бири. Анткени, 2050-жылга барып, дүйнөнүн 10 млрд. чамалай калкын багуу, ошол эле учурда экологиялык туруктуулукту сактоо милдети турат.
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) менен БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ААУ) дүйнөнүн айыл чарбасы боюнча 2033-жылга чейин
эсептелген баяндамасында, дүйнөдө этти керектөөнүн ыргагы, бир жагы баанын кымбаттоосунан улам жайлайт, бирок, 2023-жылдагы 354 млн. тонна көлөмүндөгү глобалдык керектөөдөн 2033-жылга чейин дагы 12%га өсөт деп болжолдойт.
Бул эки уюмдун эксперттеринин эсебинде, 2033-жылга барып дүйнөдө ири мүйүздүү малдын саны 2 млрд., койдуку 3 млрд., чочконуку 1 млрд., канаттуулардыкы 32 млрд. башка жакындайт.
Натыйжада, жалпы алганда эт өндүрүшүнөн чыккан парник газдардын көлөмү да азыркысынан 6%га өсөт. Ооба, бул эт өндүрүштүн өзүнүн көлөмү 12% көбөйөрүнөн эки эсе аз. Мунун себебин аталган эки уюмдун адистери алдыдагы он жылда дүйнөнүн эт өндүрүшүнүн структурасында канаттуунун үлүшү көбөйөрү жана өндүрүмдүүлүк көрсөткүчүнүн жогорулай турганы менен түшүндүрүшөт. Башкача айтканда, малдын бир башынан алына турган эттин көлөмү өсүп, ошол эле учурда бир малдын үлүшүнө туура келген этти өндүрүүдө бөлүнгөн булганыч газдын көлөмү азаят.
Мындан сырткары ЭКӨУ менен ААУнун 2033-жылга чейинки болжолунда, дүйнөнүн айыл чарбасынан тикелей бөлүнгөн парник газдардын жалпы көлөмү көмүртектин экиваленти менен алганда азыркы 6,5 млрд. тонна деңгээлинен дагы 5%га жогорулайт деп санаган. Ошол эле учурда дүйнөнүн бардык чөлкөмдөрүндө айыл чарбасынан көмүртектин бөлүнүү ыргагы басаңдайт. Бул ириде айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктүн жогорулай турганы менен байланыштуу.
Улан ЭШМАТОВ, журналист