Дүйнө жүзүндө мөмө-жемиштердин 2000ден ашык түрү болсо, анын айрымдары эң кымбат жана сейрек кездешүүчүлөр. Алардын катарына учурда интернет айдыңында трендге айланган «Shine Muscat» («Шайн Мускат») жүзүмү да кирет.
Бул жүзүм бүгүнкү күндө Кыргызстанга Кытайдан экспорттолуп келип, элдин чоң кызыгуусун жаратууда. Андыктан “Шайн Мускат” жүзүмү тууралуу кыскача маалымат берүүнү туура көрдүк.
Чыгышта «Манго жүзүмү» дешет
“Шайн Мускат» – бул Японияда өстүрүлгөн, курамында мускат жаңгагы бар жүзүм десек болот. Ал алгач Япониядан Түштүк Кореяга келип, андан соң Кытайга келген. Жергиликтүү дыйкандар жүзүм өстүрүүнү бат эле өздөштүрүп, үйрөнүп кетишкен. Бирок, эксперттердин айтымында, жүзүмдүн сорттору ар кайсы өлкөдө ар кандай өстүрүлүп, даамы боюнча бир топ айырмаланат. Алгач бул жүзүмдү башка мамлекеттерге экспорттоо үчүн Корея мамлекети өндүрө баштаган, ошол себептен ага «корейский» деген да ат коюлган. Ал эми күн чыгыш өлкөлөрүндө бул жүзүмдү «Манго жүзүмү» деп атап келишет.
Корейлер «Шайн Мускат» жүзүмүн 6 жыл сыноодон өткөрүп, 2003- жылы гана жалпы сатыкка чыгарышкан. Бүгүнкү күндө жүзүмдөрдү күн менен көлөкөдө тең салмактуулукта сактап, кагаз баштыктар менен курт-кумурскалардан коргоп өстүрүшөт. Эң жогорку түшүм август айынан сентябрга чейин болот.
«Шайн Мускат» жүзүмүнүн көлөмү чоң, ачык сары-жашыл түстө болот. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, анын ичинде уруктары жок. Жөнөкөй жүзүмдөрдөн айырмаланып, сыртты катуу, кытырак жана даамы аябай таттуу. Жапон сортунун териси кытырак болот. Ал эми корей жүзүмү жыты боюнча баарынан ашат. Анын мөмөлөрү катуу, мөмөлөрү гүл жыттанып турат.
Ал эми кытай мускат жаңгагынын кабыгы калың болуп, даамы өтө таттуу эмес, кычкыл болот. Кичинекей бир шиңгилинин орточо салмагы 400-500 граммды түзсө, бир даанасы 10-12 граммды түзөт. Жүзүмдү көбүнчө майрамдарга же бирөөгө белекке бергенге эле сатып алышат. Анткени, күнүмдүк колдонгонго баасы өтө
кымбат.
Бишкектеги баасы кандай?
Бул жүзүмдү даамдап көргөндөрдүн бир бөлүгү укмуштуудай ширелүүлүгүн белгилешсе, айрымдары сатылып алынган акчасына арзыбайт деп эсептешет.
Учурда Бишкекте жүзүмдүн дүң баасы 750-900 сомду түзсө, чекене баасы бир топ эле өйдө. Жүзүмдүн бир шиңгили 900 сомдон 1500 сомго чейин. Баалары жүзүмдүн көлөмүнө жана сатылып алынган жерге жараша өзгөрүп турат. Ал эми базарларда, онлайн дүкөндөрдөн жүзүмдү 1000-1200 сомго сатып алса болот, орточо мөмөлүү жүзүмдүн баасы 900-1000 сом болсо, чоңу 1500 сомдон
сатылууда.
Пайдалуу жактарына келсек, анын курамында ресвератрол жана кверцетин деген антиоксиданттар бар. Алар адамдын жүрөк-кан тамыр системасына жакшы таасир этип, гипертония жана аз кандуулук менен күрөшүүгө жардам берип, иммунитетти бекемдейт. Жүзүмдө жез көп. Бул элемент териге пайдалуу, чачты бекемдеп, эрте агарып кетүүдөн сактайт. Башка мөмөлөр сыяктуу анын курамында пектин, клетчатка, С витамини жана калий бар.
Асел МУСА кызы