Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Кан басымыңыз түшүп жатабы?

Стресс, эмоционалдык чыңалуу дагы кан басымды төмөндөтүшү ыктымал. Аны уйкусуздук, шалдыроо, чарчоо, буту-колдун муздашы коштойт.

Кан басым — бул оору эмес. Ал организмге толугу менен канды жеткирүү үчүн өтө керек. Мунун нормасы 120-80, жогору учурда 140-110, ал эми төмөнкүсү 90-60 болуп саналат. Андан төмөн болсо гипотония деп аталат.

Кан басымдын түшүп кетишине бир нече себептер бар. Эгерде адам ар дайым стрессте, эмоционалдык чыңалууда болсо, мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокринологиялык илдет (гормондор жогору же төмөн болгондо), неврологиялык дарт, каны аз болсо же кан басымдын жогору болгонуна байланыштуу дары ичсе төмөндөп кетиши мүмкүн. Инфаркт, өпкөдө тромбдун пайда болушу, кансыроо же организмдин өтө көп суу жоготушу кан басымдын төмөндөшүнө себеп болот.

Кан басымдын эмне себептен түшүп жаткандыгын аныктап, ошого жараша дарылануу абзел. Андан тышкары, эгер сууну аз ичип жаткан болсо көбөйтүп, көбүрөөк кыймыл керек. Дайыма 140-90 менен жүргөн адамдар дары ичкен соң кан басымы дароо 110-70ке түшүп калса, ал гипотониянын белгиси. Башкача айтканда, кооптуу абал жаралышы мүмкүн. Тескерисинче, дайыма 60-80 менен жүргөн адамдыкы дары менен 120-90го көтөрүлсө, мында артериялык гипертониянын белгилери байкалышы ыктымал. Алгач дарыгерге барып текшерилип, анализ тапшырып кан басымдын түшүп же көтөрүлгөн себебин билип алуу зарыл. Эгер баары жайында болсо, кооптуулук жок. Ошондуктан кан басымы төмөндөрдүн ар бирине жекече мамиле керек.

Адамдын жашоо образы туура болушу керек. Убагында уктоо маанилүү. Анткени түндө организм кайра калыбына келип, керектүү гормондор бөлүнүп чыгат. Анан, албетте, витаминдүү азыктар менен тамактануу зарыл. Кыймылда болууну унутпаңыз. Бирок өтө жаны тынбаган же дайыма машыккандардын кан басымы төмөндөйт. Колдон келсе ичимдик менен чылымды токтотуп же азайтуу керек.

Физиологиялык жактан алганда жаш балдардын кан басымы чоң кишилерге караганда жогору болот. Жаш балдарда өспүрүмдөргө караганда, жаштарда чоң кишилерге салыштырмалуу кан басым төмөн болот. Ал эми өтө кары адамдыкы кайра түшө баштайт. Анткени аларда тамырдын тонусун бере турган күч азаят. Негизинен эркектерге салыштырмалуу аялдардын кан басымы ылдый болот. Ай сайын келүүчү айыздык циклден улам гемоглобин да азаят. Бирок баары эле кан басымынын төмөн белгилерин сезе бербейт.

Спирт ичимдигин ичүүгө такыр болбойт. Себеби, ичимдик баштагы тамырды кеңейткендиктен кан басымды дароо түшүрүп жибериши мүмкүн. Курамында кан басымды түшүрүүчү заттары бар препараттарды жана заара кубалоочу дарыларды ичүүгө тыюу салынат.

                                                                                      А.АКИМБАЕВА

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар