Полиомиелит – өтө курч өтүүчү инфекциялык оору. Бул оору менен көбүнчө жаш балдар жана өспүрүм курактагы балдар оорушат. Полиомиелит – борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатат. Өз убагында дарылабаса, оору өтүшүп кетип шалга алып келет.
Полиомиелит менен ооруп айыккандан кийин балдарда булчуңдардын атрофиясы, буту-колдун кыйшаюусу жана ичкериши, омуртканын кыйшаюусу келип чыгат, бул майыптыкка себепчи болот.
Оору кантип жугат?
Оору аба аркылуу, башкача айтканда, мурундан, ооздон, жана оорулуунун буюмун (сүлгү, идиш, кийим ж.б.) колдонуудан улам жугат. Тактап айтканда, вирус оорулуу сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, заңдаганда бөлүнүп чыгып, аба аркылуу адамдарга, буюмдарга жугат. Вирус түшүп калган буюмду соо адам билбей колдонcо, ал аба же кол аркылуу оозго же мурунга кирип кетиши мүмкүн.
Оорунун белгилери
Вирус мурун аркылуу киргенде мурундун былжырын катуу сезгентип, оору сасык тумоо сыяктуу башталат. Башкача айтканда, мурундан суу агат, дене табы көтөрүлөт, баш ооруйт, мурун бүтөт, жөтөл пайда болот. Вирус мурундун былжырында көбөйүп, оорулуунун чүчкүрүгү аркылуу бөлүнүп чыгып, чөйрөдөгүлөргө жугат. Ооз аркылуу киргенде ичегини катуу жабыркатат. Ич ооруп, ич өтөт, дене табы көтөрүлөт, кусат.
Кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөн балага бул вирус жукса, оору жеңил өтөт жана шалга алып келбейт.
Шалга жеткирүүчү түрү
Вирус ооз аркылуу кирип, ичегини жабыркатса жана оорунун белгилери билинсе, бейтапканага алып баруу кажет. Эгер врачка алып барбаса, убакыт өтөт да, вирус ичегиден канга өтөт. Кан аркылуу нерв системасына жетип, нерв жана жүлүн клеткаларын жабыркатып, ал клеткаларды өлтүрөт. Єлгөн нерв мурун кайсы булчуңду, мисалы, оң колду же сол бутту же бет булчуңун иштетсе, ошол булчуң иштебей адам шал болуп калат. Иштебей калган булчуңдан эт качып, акыры тери менен эле сөөк калат. Шалга айланган булчуң жансыз тартып, эч нерсени сезбейт.
Өзгөчө түрү
Полиомиелиттин медицинанын тили менен айтканда, инаппаранттык деген түрү бар. Мында адам оорубайт. Бирок вирусту алып жүргөндүктөн, оорунун булагы болуп калат. Чөйрөдөгүлөрүнө ооруну жугузат. Вирус мында деле нерв системасын жабыркатып, менингит оорусун жаратат. Менингитте мээнин жука кабыкчасы сезгенет да, желке тырышып, адам башын ылдый кыла албай калат. Дене табы 39-40 градуска көтөрүлүп, баш адам чыдагыстай ооруйт. Мээнин ичиндеги басым көтөрүлүп, адам кусат.
Оорунун вирусу
Ооруну козгоочу вирус энтеровирустар (ичеги вирусу) түрүнө кирет. Булар жайында күн нурунун жана ысыктын таасиринен да оңой менен өлбөйт. Тескерисинче, ысыкта бат көбөйүүгө жөндөмдүү. Андыктан ысык климаттуу өлкөлөрдө жашаган адамдар көп оорушат. Оорунун жайылган учуру болуп жай, күз эсептелет.
Оорунун белгилери билинер замат оорулууну ооруканага алып баруу зарыл. Бул дарттын тереңдеп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Натыйжада адам шал болууга жетпейт. Эгер кеч алпарылып калса, анда шалга учуроо коркунучу чоң.
Диагноз коюу үчүн, негизинен, заң, кан текшерилет. Анткени ичеги вирусунда оору козгогучтар заң аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Кимдир бирөөнүн үйүнөн же балдар бакчасынан полиомиелит менен ооруган бала табылса, анда чөйрөдөгү 15 жашка чейинки балдардын баары медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт.
Дарылоо
Вируска каршы жана ооруну сездирбөөчү дары-дармектер, витаминдер берилет. Айтып койчу нерсе, антибиотиктер вирусту өлтүрө албайт. Бул оорудан кийин ооруган буттун же колдун кыймылы толук күчкө келбей, дененин соо жагына караганда начар өсүп, шал болот. Дарылоо комплекстүү жүргүзүлүп, массаж, дарылоо физкультурасы, атайын ортопедиялык аппараттар колдонулат. Ошондой эле санаторий- курорттук дарылануу сунуш кылынат. Оорунун жеңил түрүндө узакка созулган талыкпаган дарылоонун натыйжасында шал болгон кол, буттун иштөөсү жакшырып, калыбына келиши мүмкүн. Оорулуу кишини төшөккө тынч жаткыруу зарыл. Оорулуу жаткан бөлмөдө же ооруканада дезинфекция жасалат. Алдын алууда ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт.
Алдын алуу
Оорунун натыйжалуу алдын алуу ыкмасы – эмдөө. Балдар полиомиелитке каршы эмдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык алышы керек.
Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык 4 жолу жасалат:
Эмчектеги балдардан баштап 16-17 жашка чейинки балдар эмделет. Бул ооруга каршы эмдетүү сөзсүз белгиленген мөөнөттө жана көрсөтүлгөн жашта жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле колду тамак ичээрдин астында жана дааратканадан кийин таза жууп, жашылча-жемиштерди жууп пайдалануу, сууну же сүттү кайнатып ичүү, үйдө, айрыкча балдар бакчаларында тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ.
Гульмира БАЗАРБАЕВА