Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр, продюсер, сценарист Темир Бирназаров менен дил маек.
– Темир мырза, ар ким эле психолог, коуч, блогер, жазуучу. Сиз эмнеге бир эле кесип менен жүрөсүз? Убактыныз жетишпейби же кандай?
– Кыргызда, «Эки кайыктын башын кармаган, сууга агып өлүптүр» деген макал бар. Көп өнөрдү билген жакшы, бирок бир кесиптин мыкты адиси болгон андан жакшы. Анын үстүнө бош убактым деле болбойт.
– Сиздин коомго ой айтып, жем таштаган «Белгисиз маршрут» тасмасынын идеясы кантип жаралды эле?
– «Белгисиз маршруттун» идеясы, мен студент болуп жүргөндө,1992-жылы, кышында Нарын шаарынан Калинин айылына (азыр Таш-Башат айылы) каникулга, так ошондой автобус менен тыгылып келе жатканда пайда болгон. Башында даректүү фильм тартсам деген ой болгон. Кийин кеңейип отуруп, мамлекеттик саясий темага айланып
кетти.
– Темир мырза, мамлекетте жолдор оңдолуп, үйлөр салынып, өнөр адамдарын карап баштады. Үй алдыңызбы? Нарын облусунан чыккан атактуу адамдардын бирисиз, ардактуу атуул болсоңуз керек… Мен 7-8 жылда бир барам, анда да зарыл иш чыкканда (жамандык-жакшылыкта). Сиз кандай каттайсыз? Нарында жашоо кандай?
– Быйыл Жумгалдын, Нарындын жолдору оңдолуп, жаңы социалдык объектилер курулуп жатканын көрүп, анан эң башкысы, элдин ырыскысын жеп, мамлекеттин байлыгын тоногон коррупцио-нерлер жазаланып жатканына абдан кубанам. Биздин мамлекетке чет элдиктер мигрант болуп келип жатканы, биздин мамлекеттин өнүгүү, оңолуу жолуна түшкөнү сүйүнтөт.
Быйыл маданияттын кызматкерлерине, мугалимдерге жеңилдетилген ипотекалык үйлөр салынып жатпайбы, буюрса бизге да болот деп үмүттөнүп туралы. Нарынга быйыл 4-5 жолу барып келдим, мурунку жылдарга караганда, жылыш абдан чоң.
– Темир мырза! Үйдү да ала элек экенсиз, ардактуу атуул да эмессиз, буюрса болот деп күтүп жүрө бересизби? Нарын шаарынын өзүндө кинотеатр жокпу?
– Ооба, бул өтө өкүнүчтүү. Килейген облустун борборунда, Нарын шаарында кинотеатрдын жоктугу. Алма бак паркында жалгыз, жайкы үстү ачык кинотеатр бар болчу. Ал да менчикке өтүп, каралбай калыптыр. Бирок өнүгүү учурдагыдай темп менен жүрсө, ал да болот деп ойлойм.
– Таланттуу канчалаган асыл адамдардын эмгеги тирүүсүндө бааланбай калып жатат. Сиз да Кудай берген чон таланттын ээсисиз. Сиздин эмгегиңизди таржымалдап жазган, маани берген артыңыздан түшүп изилдеген бирөө жок болсо керек?
– Мамлекеттик сыйлыктар боюнча, менин оюм, сыйлыктар такыр жоюлуп кетсе абдан жакшы болот эле. Анткени мындай аты улук, супарасы курук сыйлыктар, чыгармачыл адамдардын арасына жик салып, аларды чиновниктерге көз каранды кылып салат. А бизде, чыгарманын сапатына эмес, ошол сыйлыкты ыйгаруу комиссиясын башкарган адамдардын жеке көз карашына байланып, жердешчилик, тууганчылык же дагы башка кызыкчылыктар жеңип кетет.
Муну мен башыман өткөргөн адам катары айтып жатам. Мындай системада, чыныгы чыгармачыл адамдар сыртта калып, чайкоочуларга абдан жакшы шарт түзүлүп калат экен. Ошондуктан, чыгармаларды жалпы элдин сынына коюп, жеңген чыгармага ыйгарылса туура болмок. Ошондо “Элдик” деп айтсак туура болот эле. Болбосо жалган “Эл артисттери”, жалган “Эл жазуучулары” толуп кетти. Мына жакында эле, беш генералды наамынан ажыратты. Чыгармачыл адамдарды да, кайрадан карап чыгып, тазалаш керек деп ойлойм.
– Сиздин чыгармачыл адамдардын сыйлыктарын эмне деген жаңылык жасады же кандай керемет эмгектери үчүн алды деген атайын бир критерий иштеп чыгып, кайрадан карап, татыксыз алгандарын кайра кайтарса деген оюңузга мен да кошулам. Эльдар Рязанов, Леонид Гайдай, Никита Михалков, Андрей Тарковскийдин СССР учурундагы кинолору менен чоңойдук. Сиз кыргыз режиссерлорунун жашоого үмүт берген, кең келечекти көрсөткөн, жакшы деген бир-эки киносун атай аласызбы?
– Кыргыз киносунда, Төлөмүш Океев-дин «Бакайдын жайыты», «Көк сереги» дүйнөлүк кино шедеврлерине кирет. Мен үчүн ушул эки кино абдан баалуу. Азыркы учурда, кыргыз кинолорунан, Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу киносу жакты. Эне менен баланын бири бирине болгон мамилеси абдан жакшы берилген. Негизи мага гуманизмге, жакшылыкка үндөгөн режиссерлор жагат. Мисалы, Чжан Имоунун, Вонг Кар Вайдын, Аки Каурусмиякинин, Кен Лоучтун, Маджид Маджидинин, Жафар Панахинин, Мохсен Махбальбафтын, Асгар Фархадинин, япон режиссеру, Ясидзуро Озунун кинолору жагат.
– Чжан Имоунун кинолорун мен да көрөм. Кытайдын белгилүү режиссеру эмеспи. Нобель сыйлыгынын ээси Мо Яндын «Кызыл гаолян» чыгармасын сонун тарткан. Жакында эле Чжан Имоунун «Суу-га толгон кызыл өзөн» аттуу киносун көрдүм. Кантип эпосту сактап келишкенин өзгөчө берген. Сиз атаган режиссерлор Америкада эмеспи?
– Ооба. Америкада, алгач чыгарманын капитал топтоочу потенциалына карашат. Тагыраагы мыкты товар болушу абзел. Анткени, Америкада кино мамлекет тарабынан каржыланбайт. Жеке адамдар тарабынан (продюсерлер) товар катары, каражат табуу булагы болуп саналат. Негизи эле кино жеке менчик киностудиялар үчүн кино каражат табуу булагы десек болот. Ал эми Кытай, Иран кинолорунда көбүнчө автордук, философиялык кинолор көп тартылат. Чыныгы чыгармалар десек да болот.
– Жеймс Кэмерон «Аватары» менен дүйнөгө белгилүү болду. «Аватар» биринчи чыккандан кийин экинчисин күтүшүп, жаш өзгөчөлүктү жоюп баарына жаккандай тарта алды. Ар ким ар кандай ой жоруп жүрөт. Караңгылыкты жарык жеңерин, үй-бүлө, достук бийик турарын даңазалаган. Дүйнө жүзүнүн баарына бирдей керек нерсени бере алган дешет, сиз кошуласызбы?
– Жеймс Кэмерондун «Аватары» адамдардын ач көздүгүн, таш боордугун жакшы көргөзгөн. Бирок ошол башка планетада жашаган аватарлардын эмоциялары, сезимдери, чочугандары, ачуулангандары, бүт эле америкалыктардай болуп калган. Ошонусу анча жакпайт.
– Ричард Гир дүйнө жүзүндөгү аялзатынын баарына жакса керек. Албетте, ойногон каармандары менен. Бизде Ричард Гирдей сиз билген кайсы актёр бар?
– Бизде Ричард Гирден да мыкты ойной ала турган актёр бар, тилекке каршы аны эч ким байкабай жүрөт. Менин бир киномдо тартылган Чыңгыз Мырзаев деген жигит. Абдан интеллигент, маданияты бийик жигит.
– Темир мырза! Сизге чыгармачылык эргүү, рухий байлыгынызга материалдык байлык кошулушун каалайм. Элиңизди кандай жаңылык менен кубантасыз, ошону менен маегибизди аяктасак.
– Тилегиңе рахмат. Учурда, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” аттуу аңгемесиинин негизинде, жаңы кинодолбоорду баштадым. Улуу Ата Мекендик согушта, туткунга түшүп, бөлөк-бөтөн жерде калган ата-бабаларыбыздын тагдырлары тууралуу. Фильмдин 70 пайызы Германияда тартылат деп турабыз.
Маектешкен Чолпон СУБАКОЖОЕВА