Кыргызстанда акыркы мезгилде телефон аркылуу шылуундук кылгандар көбөйдү. Бул тууралуу өткөндө Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов да парламент жыйынында айтып чыккан.
Эл өкүлүнүн айтымында, бирөөлөр анын атынан телеграмм канал ачып, анын жакындарынан жана депутаттардан акча сураган. “Бизге телефон аркылуу шылуундарга кабылгандар кайрылып жатышат. Буга чара көрүш керек”, – деген эле эл өкүлү.
Алдамчылар жакын тууганыңыздын атынан чалышы мүмкүн
Мындай шылуундар көбүнчө сиздин жакын тууганыңыздын атынан чалып, “Унаа менен бирөөнү сүзүп алдым, тез арада акча керек. Бул эсепке которуп туруңуз”, – деп сизди шаштырышат. Сиздин коркуу абалына түшүп калганыңыздан пайдаланып, алар сизден болушунча тез акча котортуп алуунун аракетин көрүшөт.
Андыктан сизге чоочун номерден телефон чалып акча сурашса, акча берүүгө шашпаңыз. Алгач сиздин аты аталып жаткан таанышыңыздын жакындарына байланышка чыгыңыз. Өзгөчө түн ичинде келген телефон чалууларга сак болуңуз.
Мурда “лотереядан байге утуп алдыңыз, же чет өлкөдөн сизге буюм берип жиберишти эле акча которуп турсаңыз жолукканда кайра берем”, – деген сыяктуу жолдорду колдонушчу. Бара-бара бул ыкма менен элди ишендирүү кыйынга туруп калды. Андыктан шылуундар жогоруда биз айткандай жолдорго өтүп алышкан.
Алдамчылардын тузагына көбүнчө улуу муундагылар илинишет. Алар бардык нерсени түз кабыл алышкандыктан телефондун ары жагындагы адам өзүнүн тууганынын үнүнө окшошпой жатканына деле көңүл бурушпайт.
Банктык картадан кантип акча уурдашат?
Сиз колдонгон банктык карточка боюнча банктын өкүлдөрү эч качан телефон чалып маалымат сурабайт. Эгерде жашыруун же тааныш эмес номерден чалып, банктык картаңыз боюнча маалымат сураса эч качан айтпаңыз. Телефонуңузга келген шектүү шилтемелерге кирбеңиз. Шылуундар сизге атайын шектүү шилтемени жиберип, сиз ага кирер замат сиздин банктык картаңыздын кодун бузуп киришет да болгон акчаңызды чыгарып кетишет. Мындай учурда банктын тарыхчасында сиз өзүңүз акча котордуңуз деген маалымат калат. Андыктан банк сиздин уурдаткан акчаңызды кайтарып берүүгө көмөктөшпөйт.
Түрмөдөн телефон чалгандар болот
Телефон аркылуу элдин акчасын уурдап жаткандар өздөрүнүн турган жерин жашыруучу ар кандай программаларды колдонушат. Албетте, укук коргоо органдарынын кылтагына түшкөндөрү деле жок эмес. Кылмыштуулуктун мындай түрү күчөгөн сайын милиция шылуундарды кармоо үчүн жан үрөп иштеп жатат.
Телефон чалган жарандардын изи түрмөдөн чыккан учурлар да бар. Башкача айтканда, жазасын өтөп жаткан адамдар телефон аркылуу жарандарды алдашат. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында ЖАМК менен биргеликте түрмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузгандар
жоопко тартылып жатканын айткан.
“Алдамчылык менен алектенгендер оорукчан адамдай болуп калат экен. Жазасын өтөп чыгып эле бир жумадан кийин кайра алдамчылык кылып кармалгандар дагы бар. Аларды кармап кайра түрмөгө отургузуп жатабыз”, – деди ал.
Ушул тапта ИИМдин телефон аркылуу алдамчылыкка каршы күрєшүү боюнча адистери Россияда жана Беларусияда окуп жатышат.
Ушул эле жыйында ЖАМКнын төрагасынын орун басары Кемел Садыков жабык мекемелердеги алдамчылык боюнча 13 кылмыш иши козголгонун билдирген.
“Чынында бул чоң көйгөй, иштер жүрүп жатат. Мен баарын ачык айта албайм, тергөөнүн купуялуулугу бар”, – деди.
Ал ЖАМКга тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракет кылгандар үчүн жазаны күчөтүү керектигин айтты. Учурда мындай кадам үчүн айып пул салынат. ЖАМК айып пулдун көлөмүн көтөрүп, кайрадан ушундай кадамга барса кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деген пикирин билдирди.
Жарандар 8 айда 903 миллион сом алдатышкан
Ушул жылдын 8 айында эле кыргызстандыктар шылуундарга 903 миллион сом акчасын алдырып жиберишкен. Анын ичинен 447 миллион сому ээлерине кайтарылган.
Жыл башынан бери телефон алдамчылыгы боюнча 10 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын ичинен 7705 иштин бети ачылды. Телефон аркылуу алдамчылыкка чет өлкөлүк жарандар дагы катышып жаткандыктан, айрым иштердин бетин ачуу кыйын болууда.
Улуттук банкка ай сайын телефон аркылуу алданып калдым деген 300дөн 500гө чейин арыз түшөт. Бул тууралуу аталган банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров билдирди.
“2000 сом салсаң, 2 күндөн кийин 180 000 сом кылып беребиз”, – деп…
Биз телефон жана интернет аркылуу алдамчылыкка кабылгандар менен сүйлөшүп көрдүк. Алардын бири баласы интернет аркылуу телефон сатып алам деп 10 миң сом акчасын алдатканын айтты. Дагы бир каарманыбыз Роза (аты өзгөртүлдү) “Акча бар” фонду деген инстаграм социалдык тармагындагы жарнама бергендерге 2000 сом акчасын алдатканын билдирди. Анын айтымында, инстаграмдагы жарнамага азгырылып, 2000 сомду алар айткан телефон номерге бирдик катары салып берген. Арадан 2 күн өткөндөн кийин алар байланышка чыгып, акчасы 180 миң сом болуп көбөйгөнүн, аны чыгарып алуу үчүн 10 миң сом комиссиясын берүү керектигин айтышкан. Каарманыбыздын 10 миң сомду алар айткан номерге которуусуна курбулары тоскоолдук кылып калышкан. Алардын алдамчылар экенин түшүнүп, биринчи салган 2000 сомду кайтарууну талап кылганда “Акча бар” аны кара тизмеге салып койгон.
Биз сөз болуп жаткан “Акча бар” фонду деген аккаунтка кирип карап көрдүк. Алар жарнамасында акчаны адал жол менен көбөйтүп бере турганын жазышкан. Салган акчасын көбөйтүп чыгарып алгандар делген кат жазышуулардын көчүрмөсүн улам-улам чыгарып турушат. Анда эң азы 67 миң сом чыгарып алганын айтса, көбү 680 миң сом чыгарганын айтып ыраазычылык билдиришкен.
Аталган инстаграм баракчада 16 миңден ашуун катталуучу бар экен. Аз акчаны кантип көбөйтүп бере турганы жөнүндө суроо үчүн алар менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Көрсөтүлгөн телефону өчүрүлгөн экен.
Алдамчылардын торуна илингендердин бири Элдос. Ал онлайн дүкөнгө акчасын алдаткан. Ал онлайн дүкөнгө кадимкидей товар жөнөтөсүң, алар бир нече күндөн кийин сага акчаны салышат. Ошентип, бир нече жолу жөнөткөн товарыңдан жакшы пайда көрөсүң. Кийинчерээк, алар ар кандай шылтоолорду айтып, товарды жарыялоодо ката кеткенин билдирип, биринчи салынган товардын акчасын кайтарып берүү үчүн кошумча акча сурашат. Айтор Элдос 100 миң сом акчасын онлайн дүкөнгө алдаткан.
Милицияга ири суммадагы акчасын алдаткандар гана кайрылбаса, 1000-2000 сом үчүн арыз жазбагандар да арбын. Анын үстүнө 10 000 сомго чейинки акчага кылмыш иши козголбойт.
Жыйынтыктап айтканда, телефон алдамчыларынын торуна түшүп калбоо үчүн дайыма чоочун номерлерден чалуулар болгондо дыкат көңүл буруңуз. Мүмкүнчүлүк болсо бардык чалууларды жаздырып ала турган программаларды телефонуңузга жүктөп алыңыз.
Султанбек АМАНБЕК уулу