Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Нуржигит Молдояров: “Чыгармачылыкта олуттуу жана улуу жолду тандагам”

Эл ичи – өнөр кенчи дегендей, улуулардын жолун улап, жаш таланттардын чыгып келе жатканы кубантпай койбойт. Бул жолу жакында эле Бишкекте өткөн “Орто Азия романсиадасы” эл аралык сынагында баш байгени жеңген жаш ырчы, композитор Нуржигит МОЛДОЯРОВ менен баарлаштык.

– Нуржигит, жакында эле болуп өткөн “Орто Азия романсиадасы” сынагында баш байгени жеңип алышыңыз менен куттуктайбыз! Канча убакыт даярданып, канча катышуучунун арасынан суурулуп чыктыңыз?

– Чоң рахмат! Вокалисттердин арасында уюшулган “Орто Азия романсиадасы” конкурсуна өзүмдү сынап көрүү үчүн катышып калдым. Бул конкурс профессионалдардын арасында уюшулуп, жалаң  консерваториянын студенттери, опера балеттин солисттери катышкандыктан баш байгени алам деген ой менде болгон эмес. Анын үстүнө быйыл Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан жалпы  94 ырчы ат салышты.

Негизи конкурска катышам деген чечимди кеч кабылдадым. Алгач катышпай эле койсомбу дегем. Бирок, быйыл консерваториянын 5-курсунда окугандыктан акыркы жолу өзүмдү сынап көрөйүн дедим. Жюри мүчөлөрү да эл аралык деңгээлдеги вокалисттер, профессорлор болгондуктан, конкурста жеңбесем да алар менен таанышып, пикирин угайын деп катыштым. Ошентип, күтүүсүз жерден жакшы жыйынтыкка жетиштик. Албетте, бул ийгилик биринчи кезекте Кудайдын буйругу менен, агай-эжейлеримдин эмгеги жана өзүмдүн талыкпаган аракетимдин аркасында келди деп эсептейм.

– Жүзгө жакын конкурсанттардын, эл аралык калыстардын алдында ырдоодо сүрдөнүү болдубу? Баш байге ээси деп атыңыз аталгандагы сезимдер кандай болду?

– Албетте, абдан толкундандым. Биз эмес эл артисттери деле эл алдына чыкканда толкунданышат. Бирок, билим алган музыкант катары өзүбүздү кармап, толкунданууну басканды билебиз. Конкурс болгондон кийин намыс ойгонуп, өзүбүздү колго алып, колубуздан келишинче жакшы аткарганга аракет кылдык.

Конкурс бүткөндөн кийин кечке маал бизди даярдаган концертмейстерибиз Айбарчын Добулбекова дагы башка 2 катышуучу болуп чай ичкени бир жерге кирип калдык. Ал жакта олтурсак концертмейстерибизге жыйынтыгы келиптир. Бизди карап: “Бирөөңөр гран-при уттуңар”, – деди. Эмнегедир, жанымдагылар деле, өзүм деле мен уттум го деп ойлогон жокмун. Жанымдагы досума: “Сен уттуң болуш керек”, – деп калдым. Анан эле күтүүсүздөн мени көрсөтүп, “сен утуптурсуң” дегенде таң калуу сезимдер болду. Эртеси анан жеңгенимди кабыл алып, кубандым десем болот.

– Конкурста кайсы чыгармаларды аткардыңыз?

– Романсиада конкурсунда 3 чыгарма аткардым. Биринчиси Чайковскийдин “Первое свидание” деген чыгармасы, экинчиси “Романс рощина” деген заманбап романс, ал эми үчүнчү турда өзүмдүн “Жайдын кечи” аттуу автордук романсымды аткардым. Жюрилер ал чыгармамды абдан жакшы кабыл алышты. Бул конкурстун жакшы жери – конкурс бүткөн соң жюрилер менен сүйлөшүп, өзүбүз тууралуу комментарий уга алабыз. Мен дагы жюрилерден: “Күчтүүлөр болду, ушунча катышуучунун арасынан эмне үчүн мени тандадыңыздар?”- деп сурадым. “Чыгарманы аткарууда музыканы сүйүп, ичине кире алганың бизди кубандырды. Анан дагы сенин автордук романсың – кыргыз музыкасынын классикасы болчу чыгарма экен”, –  деген жогорку баасын берип мени абдан кубандырышты. Конкурсту көп жылдан бери уюштуруп келе жаткан Галина Преоб раженская да романсым тууралуу жакшы пикирин айтып, “Эми жакшылап даярдан, жакында Кремль сарайындагы чоң сынакка катышасың”,-деди. Бул конкурс башка өлкөлөр арасында да уюштурулат. Алардан жеңип чыккандар арасында Москвада кайра чоң конкурс болот. Буюрса, ал жакка Орто Азиянын жеңүүчүсү катары барам.

– Дал ошол “Жайдын кечи” автордук романсыңыздын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз.

– Бир жолу китеп дүкөнүнө кирип, Жоомарт Бөкөнбаевдин эски, барактары жыртылайын деп калган ыр китебине көзүм түштү. Ачыгын айтсам, ал кезде кыргыздын классик акыны Бөкөнбаев тууралуу маалыматым жок эле. Ошондуктан, кандай жазат болду экен деген кызыкчылык менен сатып алгам. Бара-бара бош убактым боло калса эле ал китепти барактап, ал түгүл бир топ ырларын жаттап алдым. Бир күнү сырттан кирип келип эле пианинонун жанындагы ошол китепке көзүм түштү. “Жайдын кечи” деген ыры ачылып турган экен. Ырды окуп көрсөм эле кайрыктар келе баштады. Дароо пианиного салып ырдап, диктофонго жаздырып койдум. Себеби, андай кайрыктар келгенде жаздырып калбасаң бат эле унутуп каласың. Ырды эл жакшы кабыл алды. Бул жолу да ийгилик жаратуума себепчи болду.

– “Музыка экөөбүздү жолуктурсун” деген ырыңыз эң алгачкы жараткан обонуңуз экен. Негизи эле обончулукка кандайча келип калгансыз? Учурда канча обонуңуз бар?

– Көпчүлүк  мени ошол “Музыка экөөбүздү жолуктурсун” деген ырым менен таанышат. Кыргыз эл артисти Алтынай Нарбаева менен Ишен Назаровдун аткаруусунда элге жетти. Ырдын текстин 16 жашымда жазгам. Ал ырга Каныкей Эралиева эжеге обон жаздырсам деп кыялданып жүрчүмүн. Бирок, Күрөңкеевде контрабас аспабында 3-курста окуп жүргөн кезимде кокусунан өзүм обон жа ратып алгам. Ага чейин обон чыгарып, музыка жазып калам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.

Учурда 30дай обонум бар. Жакында концерт берсем деп пландап жатам. Себеби, концерттин арты менен чыгармаларыңды элдин сынына коюп, иргеп алууга болот эмеспи. Андан сырткары өзүмдүн купулума толбогон, арабөк жазылып калган дагы обондорум бар. Кээде өзүңө жакпаган ырың элге жагып, жактырып аткан ырың элге өтпөй калышы мүмкүн. Ошол максатта концерт берейин деп турам.

Мурда чыгармаларымды өзүм жакшы аткара албайм деген ой менен башка ырчыларга берип койчумун. Кийин билим алып, ырчы катары такшала баштагандан кийин өзүм ырдап чыга баштадым. Учурда клиптерди тарттырып, ыр жаздырып, дуэт аткарып чыга баштадым.

– Көп кырдуу таланттын ээси экенсиз. Кийин өзүңүздү кайсы багыттан көргүңүз келет?

– “Кийин сени композитор катары көрөбүзбү же ырчы катарыбы? Же ыр жазып, оркестрде контрабасчы болосуңбу” деп көптөр сурап калышат. Албетте өзүмдү чектегим келбейт. Кээде жакшы ырдын текстин жазып, жакшы обон чыгарып калсам элге тартуулай бергим келет. Анткени өзүм жараткан ырды башкалар менчелик сезе албашы мүмкүн. Кыскасы, Кудай берген шык-жөндөмдү пайдаланып ар тараптан кыргыз маданиятына салымымды кошсом деген тилегим бар.

– Соцтармактагы баракчаңыздан 7 өлкө башчынын алдында ырдаганыңыз тууралуу пост жазганыңызды окуп калдым. Бул  кыялыңыз беле? Үй-бүлөңүз сиз менен сыймыктанышса керек?

– Жакында эле Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтүп, ал жакка 7 өлкөнүн президенттери келди. Мурзали Жеенбаев деген композитордун ырын Нуржамал деген кыз экөөбүз аткардык. Албетте, 7 өлкө башчынын алдында ырдаганда толкундандык. Себеби, биздин өлкөгө келген мамлекет башчыларына маданиятыбызды таанытып, көңүлдөрүн көтөрүшүбүз керек деген чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Колубуздан келишинче ырдадык, иш-чара жыйынтыкталгандан кийин маданият министри келип ыраазычылыгын билдирип, жылуу пикирин айтты.

Үй-бүлөм албетте мени менен сыймыктанышат. Мен кандай идея, ой айтпайын дайыма колдоп турушат. Чыгармачылыкта олуттуу жолду тандап, обону да, сөзү да салмактуу, классикалык музыкаларды аткарууга аракет кылып келем. Бирок, атам
кээде жеңил-желпи ырларды угуп алып “сен деле ушундай ырларды ырдабайсыңбы, эл ушундайларды кабыл алат” деп сунуштап калат. Албетте, атамдын музыкалык билими болбогондон кийин менин жеңил-желпи ырларды ырдап чыгып, элге таанымал болуп кетишимди каалайт, бирок менин өзүмдүн тандаган жолум, багытым башка дегендей. Меники олуттуу жана улуу жол деп калам. Бул менен элдин музыкага болгон табитин жогорулаткым келет. Анан албетте, чыгармачылыгым түбөлүктүү калышын
каалайм.

Вокал мугалими Темирбек КАРИМОВ:  “Нуржигиттен көптү күтөбүз”

– Нуржигит алгач келгенде вокалга анча кызыкчу эмес. Бирок бара-бара үнү өсүп баштагандан кийин өзү кызыгып кетти. Байкасам үнү абдан кооз, тембри вокалга ылайыктуу экен. Алгач туура дем алуусун коюп, эски арияларды аткаруудан баштадык. 2022-жылы биринчи жолу романсиадага катышып, 2-орунду ээледи. Быйыл ошол эл аралык романсда конкурсунан баш байгени жеңди. “Сиздин окуучуңуз жакшы аткарды” деген жылуу пикирлерди угуп мен дагы абдан кубанып турам. Абдан тырышчаак, вокалды дагы, композицияны дагы бирдей алып кетип жатат. Анын обондорун, ырларын укканда эч ким жаш композитор жаратты деп ойлобойт. Обондору салмактуу, терең, жогорку ноталардан, кооз-кооз кайрыктар менен терең ойлонуп жазат. Ырдын сөзүнө да жакшы маани берет. Өзү жазган обондорун өзү аткарганы да артыкчылык деп эсептейм. Буюрса, Нуржигиттин келечеги алдыда, бул баладан көптү күтөбүз.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар