Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Жаш акын Элдияр Алияскаров: “Ишенип калбайт элек ийилгенге, Ниеттер кийим сымал кийилгенде…”

Жаш акын Элдияр Алияскаров Кусеин Карасаев атындагы БМУнун Кыргыз филология факультетинин магистранты. Төмөндө аны менен кыскача маегибизди, айрым ырларын жарыяладык.

– Жакшы ыр кандай болот?

– Менин оюмча, жүрөктөн чыгып, жүрөккө жетип, канча убакыт өтсө да өз актуалдуулугун жоготпогон ыр жакшы ыр болуп саналат.

– Жазып жатканда сонун сезилип, кийин окуганда ичиңиз чыкпай калган учурлар болобу?

– Андай учурлар кээде болот. Бирок ырларымды кайра-кайра карап, үстүнөн иштеп, санга эмес сапатына караганга көбүрөөк аракет жасайм.

– Учурда каалаган акын өзүнүн ырлары менен бөлүшүп, керек болсо китеп дагы чыгара алат эмеспи. Мурда эл оозуна алыныш оор болчу да. Азыркы жаш акындардан келечекте тарыхта, адабиятта кимиси калат деп
ойлойсуз?

– Негизи бул суроого кесе, так белгилеп айтуу кыйын. Бирок жаш акындардан Бердибек Жамгырчиев, Акбар Кубанычбековду айтсак болот. Ошондой эле буларга жаш акындар Бектурсун Адиевди, Рабига Рысбекованы кошор элем.

Кимдер тарыхта кала алат? Албетте, ким көбүрөөк аракет кылса, ким көбүрөок артынан мындан 100 жыл кийин жашай турган ырларды жаза алса, мына ошол тарыхта калат деген ишеничтемин.

Эгерде

Алданып калбайт элек көрүнгөнгө,
Жан дүйнө да көздөргө көрүнгөндө.
Ишенип калбайт элек ийилгенге,
Ниеттер кийим сымал кийилгенде.

Бармак эмес маанайды түшүргөнгө,
Бардык жандар бир-бирин түшүнгөндө.
Жетмек эмес жүрөктөр бөлүнгөнгө,
Аяр болсо ар адам көңүлдөргө.

Мекен

Нечен элдер мекен издейт жашай турган,
Нечен эрлер эрдик издейт жасай турган.
Барктагыла мекенди, барктагыла,
Жашы Манас, карысы Бакай турган!

Тилин байлап, эркиндигин аркандаган,
Душман чыкса, мекенди талкандаган.
Качпагыла, баатыр элим, качпагыла,
Биз Манастын урпагы жалтанбаган.

Эне бизди төрөгөн  эл үчүн деп,
Мекен үчүн арнасын сүйүүсүн деп.
Актагыла, эне сүтүн актагыла,
Элге уул, мекенге болгула чеп!

Ак сүйүү

Напсибизге азгырылып көбүрөөк.
Ак сүйүүнү булгап алдык көрүнөт.
Жеңил сүйүп, жеңил ойлоп бардыгын,
Көңүл сынат, мамилелер бөлүнөт.

Майдаланып, түшүнө албай, күнөөлөп,
Көп сүйүүлөр башталганда түгөнөт.
Бар нерсенин кадырына жетпеген,
Сүйүүдө эмес адамзатта күнөө көп.

Сүйүү деген – сүйүү үчүн күрөшүү,
Бирге болуп бир өмүрдө бир өтүү.
Бирөө күрөш жасап турса сүйүү үчүн,
Колдоп турсун, жөлөп турсун бирөөсү.

Сүйүү деген – жоопкерчилик эң бийик,
Бирөө сүйүп, бирөө алдаса-кемчилик.
Ак сүйүүнү чогуу курат чынында,
Чын бакытка жетесиңер тең сүйүп.

Өмүр

Чыкылдайт саат жебеси күн өтүүдө,
Мүнөттөр өмүрүмдү түгөтүүдө.
Өзгөрдүмбү, өзгөрттүмбү адамзатты,
Деген ойлор күн санап жүдөтүүдө.

Бүт кайгыны күлкүмө камап жүрөм,
Оор жаратты билгизбей жамап жүрөм.
Жарды, алсыз, бош калган жүрөгүмдүн,
Боштугун толтурганды самап жүрөм.

Убакыт уурдап барат жаштыгымды,
Көрсөтүп бул дүйнөдө аздыгымды,
Бир күн келсе кара жерге алмаштырам,
Жаткан төшөк, жазданган жаздыгымды.

Бир көз ирмем жылт эткен өмүр деген,
Жалгыз калам беттешип өзүм менен.
Ойлонтот өмүрүмдүн ылдамдыгы,
Ишим тайыз болсо да сөзүм терең.

Сүйүү күчү

Телефонго кат келсе эле сен дегем,
Жымжырттык да кызык эле сен менен.
Сүйүү алдында бардыгы алсыз эмеспи,
СҮЙҮҮ КҮЧҮ кимди гана жеңбеген.

Арзуумду айтам, аягына чыкпаган,
Ай жүзүңө, мээримиңе суктанам,
Бир өзүңдү көргөн кезде түшүмдө,
Бакыт эле ошол түндө уктаган.
Бир өзүнө баш ийдирип чынында,
СҮЙҮҮ КҮЧҮ кимди гана утпаган.

Кээде сүйүү көңүл калып кирдеген,
Ага себеп сүйүү баркын билбеген.
Бирок сүйүү бийиктигин жоготпойт,
Болсо дагы сүйө албастар миңдеген.

Кайрылуу

Мен отурам, чиймелеп барагымды,
Сага ишенип көздөгөнүң табаарыңды.
Ойлонсоң баары өзгөртөт абалыңды,
Кайдан келип, анан кайда бараарыңды.

Мейли жаш, мейли билсин улгайганын,
Адам издейт бакыттын жыргал даамын.
Бүт түшүнүп, көтөрүп бул өмүрдө,
Бактылуулук – тагдырга жылмайганын.

Жалган жашоо, сыноонун үйүндөмүн,
Бүт түгөнөт андыктан сүйүнбөдүм.
Жалгыз бүтпөс сүйүнүч бул өмүрдө,
Жаратканды сүйгөнүң, сүйүлгөнүң.

Уулжан Бейшенбекова, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар