Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Назгүл Болотбекова: “Кеткендин келери бар, Келгендин кетери бар”

Бешик ыры

Алдей, алдей, ак балам,
Ак бешикке жат балам.
Апаң айткан насаатты,
Көкүрөккө кат, балам.
Кедей менен жардыга,
Ачык болсун колдоруң.
Көмөкөйүң былкылдап,
Куйрук болсун соргонуң.
Жай күнүндөй жарк эткен,
Жарык болсун  маңдайың.
Көк асмандай булутсуз,
Ачык болсун таалайың.

Алдей, алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм.
Жан кейиткен ачуу сөз,
Уудай болот билип жүр.
Алтын менен күмүшүң,
Суудай болот билип жүр.
Бекерчиге өткөн күн,
Кумдай болот билип жүр.
Адам атын жараткан,
Кудай болот билип жүр.

Жер жамалын көгөрткөн,
Жамгыр болот билип жүр.
Адам уулун көгөрткөн,
Бата болот билип жүр.
Аталардын айтканын,
Акылыңа илип жүр.
Адал менен арамдын,
Аралыгын билип жүр.
Алсыздарга ийилип,
Алаканың ачып жүр.

Алдей, алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат, бөпөм.
Абийириңе доо салбай,
Уяттуу бол, ак бөпөм.
Урпагыңды уланткан,
Туяктуу  бол, ак бөпөм.
Бошко чыбык көтөрбөй,
Улактуу бол, ак бөпөм.
Эр балаңа мингизген,
Тулпардуу бол, ак бөпөм.
Бийиктерге талпынткан,
Канаттуу бол, ак бөпөм.
Айыл ата сыйлаган,
Кадырлуу бол, ак бөпөм.

Алдей, алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат, бөпөм.
Аруу тилек  айтайын,
Акылыңа түй, балам.
Ата-энеңди ардактап,
Ак дилиңден сүй, балам.
Атакеңдей  алпештеп,
Апакеңдей сүт берген
Ата журтка күй балам.
Алтын менен ак дандын,
Айырмасын бил балам.
Ак бешиктин терметкен,
Кадырына жет, балам.

Алдей, алдей, ай кызым,
Ак бешикке жат, кызым.
Ак бешиктей куттуу үйгө,
Бүлө болуп бар, кызым.
Ак бешиктен чыккан жол,
Узак болот сапары,
Турмуш жолуң тап, кызым.

Алдей, алдей, ай кызым,
Ак бешикке жат, кызым.
Ак бешиктей ыйыктап,
Абийриңди күт, кызым.
Ар намысың бийик тут,
Атыр жыттуу гүл кызым.

Алдей, алдей, ай кызым,
Ак бешикке жат, кызым.
Кудай берген асылым,
Жүрөгүмө жакыным.
Ыйлаба жаным ыйласаң,
Сыздап турат тамырым.

Аккан дүйнө

Агарып аткан таңдын,
Кызарып батары бар.
Кылактап турган жаштык,
Кыядан өтөрү бар.
Кызарып турган күндүн,
Көз бууган түндөрү бар.
Карааны карылыктын,
Күттүрбөй келээри бар.

Көнөктөп жамгырыңдын,
Жаз алды төгөрү бар.
Көйкөлүп ал жамгырга,
Көк чөптүн өсөрү бар.
Кенч эмес, жашоо бүткүс,
Кендирди кесип бир күн,
Өмүрдүн өтөрү бар.

Алгандын бермеги бар,
Бергендин алары бар.
Жаз келип жер көктөсө,
Ак карлуу, аяз сууктуу,
Кыштын да кетери бар.

Жашынып күн бүркөлсө,
Жылмайып чыгары бар.
Жылт эткен жылдыздардын
Түн кетсе өчөрү бар.
Жакшы адам өлгөн менен,
Артында урпак болуп,
Жашоочу өмүрү бар.

Кеткендин келери бар,
Келгендин кетери бар.
Жаман сөз жуулган менен,
Калдыгы изин таштап,
Өчпөс так калары бар.

Тоодогу жылгаяктай,
Тагдырдын тайгагы бар.
Тикендей капыс өтүп,
Турмуштун тиери бар.

Тирешип тагдыр менен,
Жеңсең да,  жеңилсең да…
Таалайга жазган өлчөм,
Түбөлүккө эшик ачып,
Жетелеп кетери бар.

Жолдордун узуну бар,
Жолдордун кыскасы бар.
Желип-жортуп жетип алар
Ажалдын  жоргосу бар.

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар